Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:54

Президент тышкы карыздын жүгүн эске салды


Кыргызстан жолдорду курууга жана энергетика тармагына Кытайдан жалпысынан тогуз долбоорго насыя алган. Сүрөттө: Жол оңдоп жаткан жумушчулар. Бишкек.
Кыргызстан жолдорду курууга жана энергетика тармагына Кытайдан жалпысынан тогуз долбоорго насыя алган. Сүрөттө: Жол оңдоп жаткан жумушчулар. Бишкек.

Президент Садыр Жапаров быйыл тышкы карыздын негизги бөлүгүн төлөө учуру башталганын, алдыдагы он жыл насыяларды төлөө үчүн мамлекеттик казынага оорчулук түшөрүн билдирди.

Насыялардын жарымына жакыны Кытайга туура келет. Ошондуктан өкмөт бюджетке кошумча киреше булактарды таап, мамлекеттик каражатты үнөмдөөнүн эсебинен казына каражатын көбөйтүп, тышкы карыздын негизги бөлүгүн үстөк пайызы менен төлөө милдети турганын жарыялады.

Казына каражаты каякка керектелет?

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 25-июнда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек куруп, анда негизинен коомчулуктун көңүлүн мамлекеттик казынаны толтуруу көйгөйүнө бурду.

Президент маегинде чет элдик жарандар үчүн Кыргызстанда кумарканаларды ачып, иштетүүгө уруксат берген мыйзамга кандай жагдайлар түрткү болгонун түшүндүрдү. Садыр Жапаров тышкы карыздын чоң бөлүгүн үстөгү менен төлөө учуру анын башкаруусуна туура келгенин билдирди:

“Өзгөчө сырткы карызды төлөө убактысы менин учурума туш келди. Быйыл 23 миллиард сом сырткы карызды жабууга беришибиз керек. Эмдиги жылы 25 миллиард сомдук карызды жабабыз. Ушинтип алдыдагы 10 жыл бою 30 жылдан бери алган сырткы карыздарды төлөйбүз. Төлөй албасак, мамлекеттүүлүгүбүздү жоготобуз. Тилекке каршы, карыздарды жабуу менин маңдайыма туш келиптир. Ушул карыздардын баары 30 жылда алынып, толугу менен экономикабызга колдонбостон, жарымы уурдалып кеткен. Анысы аз келгенсип, үстөк пайызы жогору. 2020-жылы эле эмгек акыларды көтөргөндү, жолдорду жасаганды, ири долбоорлорду ишке ашырганды бул жакка коелу, “сырткы карызыбыздан кантип кутулабыз, мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алабызбы эми?” деп сарсанаа болуп отурбадык беле. Тез эле унутуп калдыңарбы?”, - деп жазылган “Кабар” агенттигине берген президенттин маегинде.


Финансы министри Алмаз Бакетаевдин парламентте айтканына караганда, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2022-жылдын 28-февралына карай 5 млрд. 182 млн. долларга барабар. Анын ичинен ички карыз 817 миллион доллар болсо, мамлекеттин тышкы карызы 4,3 миллиард долларга жеткен. Муну менен тышкы карыз өлкөнүн ички дүң өнүмүнө карата 53,70% түзүп калган.

Чыгымга жумшалган насыялар

Саясат талдоочу Айданбек Акматов алынган насыялар өнүгүүгө эмес, бюджетти колдоого жумшалганын белгиледи:

Айданбек Акмат уулу, саясат талдоочу.
Айданбек Акмат уулу, саясат талдоочу.

“Мамлекеттик система – калкты эмдөөгө кеткен чыгымдар болобу же бюджеттин төлөмдөрүн колдоо үчүн болобу, көпчүлүгү эл аралык донор уюмдардын каржылык жардамы менен гана өз функциясын эптеп аткарып жаткандай. Мамлекет бюджетти колдоо деген берене менен сырттан келген акчага кээ бир социалдык милдеттемелерин аткарып келгени белгилүү. Ал эми АРИС аркылуу келген долбоорлордо коррупциялык көз боёмочулуктар көп болуп, каражат таланып кеткен учурлар арбын. Ошондуктан сырттан алынган насыялардын же гранттардын акыбети кайтпай, эл анын пайдасын көрө албай жатат”.

Тышкы карыздын 1,8 миллиард доллары же жалпы насыялардын 42,2% Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынан алынган. Кыргызстан жолдорду курууга жана энергетика тармагына Кытайдан жалпысынан тогуз долбоорго насыя алган.

Анын бирөөнүн гана төлөө мөөнөтү артка жылдырылган. Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров карыз алынган акчанын каякка кеткенин талап кылуу маанилүү экенин айтты:

"320 млн. долларды пандемия учурунда алдык" деп айтып жатасыңар. Бирок силер алган акчаны калк көргөн жок. Бизге кошуна турган Өзбекстан сырттан келген насыялардын эсебинен 10 млн. долларга ИВЛ чыгара турган завод ачып салды. Кеткен чыгымын бул долбоор бир жыл ичинде 30-40 эсе актады. Ал эми силер сырттан алган акчаңардын дайынын өзүңөр дагы билбейсиңер".

Тышкы карыздын оорчулугу

Тышкы иштер министрлиги 2020-жылы коронавируска байланыштуу Париж клубу аркылуу Бээжинге Кыргызстандын тышкы карызын төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча кайрылган.

Кытайдын Эксимбанкы былтыр үстөгү менен төлөнчү 88 млн. долларлык насыяны төлөө мөөнөтүн алты жылга жылдырган. Бул боюнча кошумча макулдашуу парламентте бекитилген.

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков анын шарттарын төмөндөгүдөй айткан:

"Министрлер кабинетинин атынан Экономика жана каржы министрлиги менен Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы тышкы карызды төлөө мөөнөтүн артка жылдыруу боюнча кошумча макулдашууга ылайык, тышкы карыздын 51,1 млн. долларын төлөөнү жылына 2% үстөгү менен алты жылга жылдыруу маселеси сунушталды. Башкача айтканда аталган суммага жалпысынан алты жылдан кийин кошумча 3,8 млн. доллар кошула турганын баса белгилегим келет. Бул жеңилдик биздин макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү кармоо үчүн абдан маанилүү", - деген Руслан Татиков.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл Кытайга 280 млн. доллар насыяны үстөгү менен төлөө үчүн бюджетке кошумча киреше булактарын табууга муктаждык жаралганын, ошондуктан ички мүмкүнчүлүктөр изделип жатканын 22-июнда парламентте билдирди.

"Жыл сайын биздин чыгымдар дагы көбөйүүдө. Ошондуктан биз салык менен бажы төлөмүнөн башка дагы киреше булактарын кайра карап чыгабыз. Анткени быйыл Кытайга 280 млн. доллар карызды төлөшүбүз абзел. Жарым жылдан бери аталган карызды салыктан түшкөн акчанын эсебинен тейлеп, төлөп келе жатабыз. Болгон ички резервдердин бардыгын карап чыгуудабыз. Мына азыр аткезчилер менен күрөш жүрүүдө. Аткезчилик менен алектенип, ташыган товарларын машинеси менен кошо тартып ала баштайбыз".


Кыргызстандын тышкы карызынын калган бөлүгүн Кытайдан тышкары Дүйнөлүк банктан, Азия өнүктүрүү банкынан, Ислам өнүктүрүү банкынан Германия менен Жапониядан алынган насыялар түзөт.

Быйыл 16-майда немис өкмөтү Кыргызстандын 86 млн. доллар карызынын 15 млн. долларга жакынын кечти. Аталган банк бул акчаны инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн берген.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 13,5 миллион еврого 34 социалдык мекеме курулуп, 1 миллиондон ашык бак-дарак отургузулган. Ошондой эле каражат кургак учукка чалдыккандарды керектүү тамак-аш менен камсыздоо үчүн сарпталган.

Буга чейин эл аралык донор уюмдар Кыргызстандын карызынын кайсы бир бөлүгүн кечип, айрымдарынын төлөө мөөнөтүн артка жылдырган.

XS
SM
MD
LG