Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:37

Прагадагы аянтка Немцовдун аты берилет


Орусиянын элчилиги жайгашкан бул аянтка Борис Немцовдун аты бериле турган болду. Прага, 2018-жыл.
Орусиянын элчилиги жайгашкан бул аянтка Борис Немцовдун аты бериле турган болду. Прага, 2018-жыл.

Прага шаарынын кеңеши Орусиянын элчилиги жайгашкан аянттын аталышын өзгөртүп, маркум Борис Немцовдун ысымын берүү чечимин жактырды.

Чех башкалаасынын шаардык кеңеши 24-февралда Под Каштаны (Pod Kastany) деген чакан аянттын аталышын Борис Немцов кылып өзгөртүү маселесин колго салып, көпчүлүк добуш менен сунушту жактырды.

Орусиялык оппозициялык саясатчы, маркум Немцовдун ысымы 27-февралда, жалданма кишилердин колунан каза тапкан күнү расмий берилмекчи. Чечимге байланыштуу Орусиянын элчилигинин дареги да өзгөрөт.

Шаардык кеңештин дагы бир чечими менен Прагадагы парктардын бириндеги аллея эми орусиялык журналист Анна Политковскаянын атын алып жүрөт.

«Новая газетанын» кабарчысын 2006-жылы Москвада атып кетишкен.

«Бул кадам менен Прага Орусиядагы оор саясий кырдаалга көңүл бурдурган башка мегаполистерге кошулду", - деп айтылат кеңештин билдирүүсүндө.

Сунушту кеңешке кирген бардык чоң саясий партиялар колдошту.

“(Немцов менен Политковская) экөө тең демократияны даңазалап келишкен, экөөнүн тең көзүн тазалашты. Алар эскерип жүрүүгө татыктуу инсандар”, - деп жазды Праганын мэри Зденек Хриб “Твиттерге”.

1997-98-жылдары Орусиянын вице-премьер кызматын аркалаган, Нижний Новгород облусунун губернатору болгон Немцов Владимир Путин бийликке келгенден тарта анын сынчысына, оппозиция лидерлеринин бирине айланган.

Саясатчыны 2015-жылдын 27-февралында Москвада, Кремлге жакын жерде атып кетишкен.

Сот кылмышты аткарган деп Заур Дадаевди, Анзор жана Шадид Губашевдерди, Темирлан Эскерхановду, Хамзат Бахаевди 11 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыраткан. Бирок ким буйрук бергени азыркыга чейин аныктала элек.

Өткөн жуманын аягында Венада Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун парламенттик ассамблеясында Немцовдун киши колдуу болушун иликтөө тууралуу доклад сунуш кылынды. Анда расмий тергөөнүн жүрүшү анализденген. Көптөгөн кемчиликтер, алешемдиктер тууралуу айтылган.

"Менимче, уюмдун парламенттик ассамблеясы жарыялаган доклад Борис Немцовду өлтүрүүгө буйрук бергендердин жазаланбай жатышы Орусиянын күч түзүмдөрүнүн адискөйлүк маселесине эмес, саясий эрктин жоктугуна барып такалат деген жыйынтыкка келди", - деген Немцов атындагы фонддун жетекчиси Владимир Кара-Мурза "Азаттык" радиосунун орус кызматына.

Мамлекеттик Думанын вице-спикери Петр Толстой докладды «өтө саясатташкан» деп сыпаттады.

Буга чейин маркум саясатчынын ысымы Киев, Вильнюс жана Вашингтондо орус дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жайгашкан көчө же аянттарга берилген.

Прагага кайта турган болсок, былтыр орус элчилигинин жанында жайгашкан маршал Иван Коневдин эстелигин көчүрүү демилгесине Москва нааразы болгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG