Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:24

Рим папасы мигранттарды коргоду


Рим папасынын кайрылуусун Ыйык Петр аянтында миңдеген адамдар угуп турушту, 25-декабрь, 2019-жыл.
Рим папасынын кайрылуусун Ыйык Петр аянтында миңдеген адамдар угуп турушту, 25-декабрь, 2019-жыл.

Рим папасы Франциск Рождествого карата кайрылуусунда качкындар менен мигранттарды коргоду. Ал катаал турмуштун айынан жер которууга аргасыз болгондордун жолун "кайдыгерликтин дубалы" тороп жатканын айтты.

Рим папасы Франциск ушуну менен жетинчи жолу Рождествого карата кайрылуу жасады. Анын сөзүн Ватикандагы Ыйык Петр аянтында он миңдеген адамдар угуп турушту.

Франциск дүйнөдөгү куралдуу жаңжалдардан тарта жаратылыш кырсыктарына чейинки бир катар маселелерге токтолуп, качкындар менен мигранттарды коргоп сүйлөдү.

“Адилетсиздик аларды көрүстөнгө айланган чөлдөр менен деңиздерди кесип өтүүгө мажбур кылып жатат. Адилетсиздиктин айынан алар сөз менен жеткире алгыс зомбулукка, кулчулуктун бардык түрүнө жана лагерлерде адамгерчиликке жатпаган кыйноого чыдоого аргасыз”, - деди Франциск.

Рим папасы катаал турмуштун айынан жер которууга аргасыз болгондордун жолун "кайдыгерликтин дубалы" тороп жатканын кошумчалады.

Босниядагы мигранттар, 15-декабрь 2019-жыл.
Босниядагы мигранттар, 15-декабрь 2019-жыл.

83 жаштагы понтифик мигранттардын маселесин байма-бай көтөрүп келет. Ал АКШнын президенти Дональд Трамптын 2016-жылы талапкер кезинде айткан мигранттарды департациялоо жана Мексика менен чек арага дубал куруу тууралуу сөздөрүн сынга алган.

Ошол эле жылы Грециянын Лесбос аралындагы мигранттардын лагерине барып, сириялык үч качкынды өзү менен кошо Ватиканга ала келген. Ушул айда эле Франциск Ливиядагы мигранттарды кармоочу жайды жабууга чакырган.

Папа диний куугунтукту айыптады

Рим папасы Рождествого карата быйылкы кайрылуусунун таасирин дагы артыруу үчүн жанына эки кардиналды – Ватикандын иммиграция тармагын тескеген кеңсесинин башчысы Ренато Мартинону жана Римдеги жакыр жана үйсүз адамдарга папанын атынан жардам жеткирген Конрад Краевскийди атайын чакырганы белгилүү болду.

Качкындар менен мигранттардын маселесинен тышкары Франциск диний ишениминен улам куугунтукка кабылгандар тууралуу да сөз кылды. Ал христиандарга каршы чабуулдар орун алган Африкадагы Буркина-Фасо, Мали, Нигер жана Нигерия мамлекеттериндеги кырдаалга токтолду. Рождествого караган түнү Буркина-Фасодо исламчыл экстремисттик топтун чабуулунан 35 адам мерт болгон эле.

Дүйнөдөгү 1,3 миллиарддай католиктердин диний лидери саналган Рим папасы куралдуу жаңжалдар токтобой жаткан Сирия, Украина, Йемен сыяктуу өлкөлөрдө тынчтык орнотуу зарылчылыгын да баса белгиледи. Жакынкы Чыгыштагы жана дүйнөнүн булуң-бурчундагы жаңжалдардан балдар жапа чегип жатканын кошумчалады. Ошондой элдик толкундоолор орун алган Ливан, Ирак жана Венесуэланын элине тилектештигин билдирди.

Нааразылык менен коштолгон Рождество

Полиция демонстранттарга каршы көздөн жаш чыгаруучу газ колдонду, 24-декабрь, 2019-жыл.
Полиция демонстранттарга каршы көздөн жаш чыгаруучу газ колдонду, 24-декабрь, 2019-жыл.

Рождество - христиан дининдеги эң чоң майрамдардын бири. Аны католиктер менен протестанттар 25-декабрда, ал эми православдар 7-январда белгилешет.

Кытайга баш ийген Гонконгдо жергиликтүү бийликке каршылык билдирген демократиялык күчтөрдүн нааразылык акциясы Рождество күнү да токтогон жок. 24-25-декабрь күндөрү митингчилер көбүнесе туристтер жүргөн райондордо топтолушуп, айрым жерде соода борборлорун ээлеп алышты.

Францияда да пенсия реформасына каршы транспорт кызматкерлеринин иш таштоосу көптөгөн адамдардын майрамдык планына кедергисин тийгизгени белгилүү болду. Парижде быйыл жазда өрт чалган Нотр-Дам чиркөөсүндө соңку 200 жылда биринчи жолу Рождествого карата диний жөрөлгөлөр өткөн жок.

Азиядагы христиандар эң көп байырлаган Филиппинде Фанфон тайфунунун айынан 16 миң адам Рождествону убактылуу чатырларда тосту. Ылдамдыгы саатына 120 чакырымга жеткен жамгыр менен коштолгон шамал миңдеген турак жайды кыйратты.

Буга чейин христиан динин кармангандарга каршы чабуулдар орун алган Пакистанда чиркөөлөр жайгашкан райондордо коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Ал эми австралиялыктар быйыл Рождествону рекорддук ысык аба ырайы өкүм сүрүп жаткан учурда белгилешти. "Reuters" жаңылыктар агенттиги кабарлагандай, 25-декабрь күнү Австралиянын айрым аймактарында абанын температурасы 40 градуска көтөрүлдү. Майрамга карабастан Австралиянын түштүк-чыгышындагы токойлорду каптаган өрттү өчүрүү аракети токтогон жок.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG