Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

Генералдын үйүнөн жоголгон Куран табылды


Хает Шарифкожоевдин колго тартылган сүрөтү
Хает Шарифкожоевдин колго тартылган сүрөтү

Өзбекстан улуттук коопсуздук кызматынын генералынын үйүнөн Илимдер академиясынын Кол жазмалар институтунун корунан жоголгон Куран китеби табылды.

Хает Шарифкожоев апрелде кызматтан алынганга чейин республиканын коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары болчу. Анын үйүнөн кымбат баалуу сүрөттөр жана көөнө кол жазма китептер табылган.

Генерал Хает Шарифкожоевге жакын адамдардын биринин “Азаттык” радиосунун өзбек бөлүмүнө билдиришинче, өткөн жумада Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарынын үйү тинтүүгө алынган. Казынага кол салган жана жемкорлукка аралашкан деп шектелген генерал Шарифкожоевдин үйүнөн баалуу сүрөттөр жана эски кол жазма китептер, анын ичинен айтылуу Куран китеби табылган. Тинтүүнүн жүрүшү видеого тартылып алынган. Адистер Курандын колдо жазылган нускасын айтылуу “Аппак кожонун Кураны" деп аныкташканын Улуттук коопсуздук кызматынын атын атабоону суранган мурдагы кызматкери “Азаттыкка” ырастады.

Өзбекстан илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун Кол жазмалар корундагы булактын айтымында, сербаа Куран азыр институттун балансында жок.

- Мен кол жазмалар музейинин мүдүрү менен сүйлөштүм. Ал киши бир аз коркуп турат. "Силер жакшы карабайсыңар" дегендиктен, Куранды өкмөткө бергенин айтууда - дейт бул окуяны иликтеген “Азаттык” радиосунун кабарчысы Шухрат Бабажан.

Тарыхчылар “Аппак кожонун Кураны” деп аталган көөнө кол жазманы Орто Азия сопуларынын накшбандия тарикатындагы олуялардын бири Аппак кожонун китепканасына таандык дешет. Олуя 1626-жылы туулуп, 1694-жылы дүйнөдөн өткөн жана сөөгү бүгүнкү Кытайдын курамындагы Кашкарга коюлган. Аппак кожо теги анжияндык көйгашка шайыр Машраптын устазы болгон.

Кол жазмалар корундагы булактардын жоромолуна караганда, “Аппак кожонун Куранынын” бир бөлүгү Ташкенттеги Ислам университетинде, башка бөлүгү Чыгыш таануу институтунда жана үчүнчү бөлүгү Мусулмандар диний башкармалыгында болушу мүмкүн.

Шухрат Бабажан Өзбекстан эски кол жазмаларга бай экенин, бирок аларды кайчылап уурдоо да кеңири жайылганын айтууда:

- Ташкентте дүйнөдө эң эски эсептелген халиф Осмондун Кураны да бар. Анын да тогуз барагы уурдалган. Ал 1991-жылы Мамлекеттик музейде сакталган. Кийин муфтиятка өткөндөн 1 жыл айланбай, Курандын тогуз барагын кесип алып, сатып жиберишкен. Президенттин кызы Гүлнара Каримованын Женевадагы үйүнөн 200 жыл мурдагы Куран табылган.

Арийне, эмне үчүн Коопсуздук кызматынын генералы “Аппак кожонун Куранын” менчиктеп алып, үйүндө сактаганга кызыкты деген суроо туулат. Шухрат Бабажандын Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкерине шилтеп айтышынча, Хает Шарифкожоев өзүнүн тек жаатынын санжырасын ташкенттик тарыхчыларга иликтетип, накшбандия тарикатындагы сопулардын пири, муршид Аппак кожонун теги экенин аныктаган экен.

- Генерал өзүн Аппак кожонун урпагымын, пайгамбардын тукумунанмын деп билет экен. Ошон үчүн Куранды үйүндө сактаган.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын өз булактарына таянып маалымдашынча, президент Каримовдун кызы Гүлнаранын мүлкүн казынага кайтарууга катышкан Хает Шарифкожоев апрелде Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алынып, Ташкенттеги чекисттер мектебине окутуучу болуп жөнөтүлгөн. Андан бир аз мурда анын коопсуздук кызматында өзү менен кошо эмгектенген полковник иниси да камакка алынган.

Кээ бир серепчилердин байкашынча, Гүлнара Каримованы “төө бастыга алууда ашыкча жигердүүлүк көрсөткөндөр” бийлик төбөсүндөгүлөргө жакпай калышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG