Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:35

"Себатта" окугандар жаатында Бишкек менен Анкара кайчы пикирде


"Сапат" лицейлеринин бири.
"Сапат" лицейлеринин бири.

Кыргызстандагы "Себат" системасындагы (азыркы "Сапат" мекемесиндеги) окуу жайларды бүтүргөн кыргызстандыктар жана алардын жакын туугандары тууралуу Анкаранын мамилесине Бишкек каршы пикирде экенин тастыктады.

Түркиянын айрым маалымат каражаттары өлкөнүн билим берүү министринин орун басарынын айткандарына таянып, "Себат" окуу жайын бүтүргөн кыргызстандыктар жана алардын жакын туугандары Түркияга киргизилбей калышы ыктымалдыгы тууралуу жазып чыгышты.

Өз кезегинде Кыргызстандын Билим берүү министрлиги жооп иретинде билдирүү таратып, бул аракетти кыргыз бийлигине жана кыргыз коомчулугуна басым катары баалады. Айрым серепчилер түркиялык расмий өкүлдүн бул айткандары кыргыз-түрк мамилесин ого бетер курчутат деп жоромолдошсо, башкалары Кыргызстан эгемен мамлекет катары өз саясатын өзү аныктоого тийиш деп белгилешүүдө.

Кыргызстандагы "Сапат" болуп өзгөргөн "Себат" билим берүү тармагынын бүтүрүүчүлөрү жана алардын жакындары Түркияга кире албай калышы чын эле мүмкүнбү?

Мындай жоромолдун пайда болушуна Түркиянын билим берүү министринин орун басары Орхан Эрдемдин 10-август күнү Бурса шаарында өткөн "Кыргызстанда диний билим берүүнү илгерилетүү" жайкы программасынын аяктоо аземинде сүйлөгөн сөзү себеп болууда.

Түркиянын айрым басылмалардын жазганына караганда, Эрдем Фетхулла Гүленге таандык саналган ФЕТӨ кыймылы террордук уюм деп эсептеген расмий Анкаранын пикирин кайталап, ал уюм Кыргызстанда да тамыр жайган деп билдирген жана ага байланыштуу делген мектептерди Түркия курган “Маариф” мекемесине өткөрүүнү расмий Анкара Бишкекке сунуштаганын кошумчалаган. Ошондой эле О.Эрдем кыргызстандыктарды Гүленге тиешеси бар делген мектептерде балдарды окутпоого чакырып, мекемеге байланышы барларга Түркия өкмөтү виза берүүдөн баш тартаарын эскерткен жана алардын үй-бүлөлөрүнүн да Түркияга келүүсүн каалабай турганын айткан.

Аталган жыйынды Түркиянын кызматташтык жана өнүгүү уюму (ТИКА) уюштуруп, ага кыргызстандык өкүлдөр да катышкан.

Элчи, обончу Ибрагим Жунусов.
Элчи, обончу Ибрагим Жунусов.

"Сапат" билим берүү мекемелери тууралуу сөз Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун Түркия сапары учурунда сөз болгонун, бирок кыргызстандыктарды бул өлкөгө киргизбей коюу маселеси көтөрүлбөгөндүгүн Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Ибрагим Жунусов билдирди:

- Өткөндө эки премьер-министр жолукканда дагы "Сапат" тууралуу сөз болгон. Эки өлкөнүн билим берүү министрлери бир саат сүйлөшкөн. Бирок кириш же кирбеш жөнүндө эмес, киргизбей коюу, өткөрбөй коюу, алардын үй-бүлөсүн же окугандар тууралуу эч сөз болгон жок.

Ал эми Орхан Эрдемдин катчысы Эргүн Кара анын жыйында болгонун жана сүйлөгөнүн "Азаттык" үналгысына ырастап, бирок "Сапаттын" окуу жайын бүтүп, Түркияда билим алгысы келгендерге виза бербей коюу ыктымалдыгы барбы деген суроого жооп берген жок.

- Биз билдирүүгө комментарий бере албайбыз. Министр жардамчысы айта турганын айтыптыр. Ал жерде айтылганы анык, ал журналисттердин, коноктордун алдында сүйлөгөн, баары уккан.

Бул маселе боюнча Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги билдирүү таратып, Түркия Билим министрлигинин расмий өкүлүнүн айткандарын кыргыз коомчулугуна, бийлигине басым, "Сапат" билим берүү мекемелеринин кадыр-баркын түшүрүү (дискредитациялоо) далаалаты катары баалады.

Министрдин орун басары Салидин Калдыбаев кесиптеши Орхан Эрдемдин айткандарын жоопкерчиликсиз мамиле деп эсептеди:

- Кыргызстандагы "Сапат" жалпы билим берүү мекемелери 1992-жылдан бери иштеп келе жатат. Бул мезгил аралыгында он миңден ашуун жаран татыктуу билим алып, түрк тилин жана маданиятын үйрөндү. Алар Кыргызстан менен Түркия элдерин байланыштырган өкүлдөр деп эсептелинет. Мындан тышкары "Сапат" мектептерин террордук уюмдар менен салыштыруу, бул мекемелерде билим алганы үчүн деген гана жүйө менен анда окугандар менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө (визалык) чектөөнүн коюлушу - ылайыксыз жана Түркиянын расмий адамдарынын мындайча билдирүүсү жоопкерчиликсиздик деп эсептейбиз.

Кандай болгон учурда да, Түркиянын расмий өкүлүнүн сөзү аркылуу жасалган бул эскертүү жеке эле "Сапаттан" билим алып жаткандарды эмес, дегеле алака-катыш жүргүзүп келаткандарды да чочулатууда. Маселен, Бишкек шаарынын өз атын атагысы келбеген тургуну "Сапатта" окуган баласын Түркиянын жогорку окуу жайларына окутууну пландап жаткан:

- Балам 11-класска көчтү. Түркияга байланыштуу пландарыбыз бар эле. Эми мындан кийин башка өлкөлөрдү караштырат окшойбуз. Мен өзүм да ишиме байланыштуу Түркияга, башка өлкөлөргө барып турчу элем.

Ал эми эл аралык Ала-Тоо университетин (мурдагы Ататүрк-Алатоо университетин) бүтүргөн журналист жана алып баруучу Назира Айтбекова эки тараптуу долбоорлорго мындан ары катыша албай калбас бекенбиз деп санааркаганын айтты:

- Түркия менен Кыргызстандын ортосунда жүргөн адам катары муну укканда, албетте, жүрөгүбүз түпөйүл болду. Анан билимге такап, ошол жакта окугансың дей берсе туура эмес болот го. Менин Түркияда долбоорлорум чыгып атат, анан бул өлкөгө кирип-чыгышыбыз кандай болот деп санааркап турам.

Бишкекте роботтор таймашты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:12 0:00

"Сапат" мекемесинин жетекчи орун басары Амирбек Султанмуратов Түркиянын министринин орун басарынын эскертүүсү кыргызстандыктарга көп деле кесепетин тийгизбейт деп ишендирүүдө:

- Эки-үч жылдан бери биз ал жакка такыр окуучу жиберген эмеспиз. Мурда бүтүрүп, иштеп жүргөн бүтүрүүчүбүз болушу мүмкүн. Алардын деле бир тобу экономикалык кризистен жана саясий кырдаалдан улам Европа, Америкага которулуп кетти же Кыргызстанга кайтып келди. Негизи эле биздин атайын Түркияга жөнөтүү боюнча саясатыбыз болгон эмес. Ата-эне, окуучулар арасында эс алуу үчүн же соодасы үчүн Түркияга барып келгендер сөзсүз түрдө болсо керек. Мүмкүн болушунча, аларга дагы түшүндүрмө беребиз. Бул убактылуу саясий кырдаал, анан, албетте, этият болуулары керектигин айтабыз.

Гүлендин жолдоочулары түзгөн деп саналган окуу жайлардын бири “Себат” эл аралык билим берүү мекемеси быйыл апрелде "Сапат" болуп өзгөртүлүп, кайра расмий катталган жана аны башкаруу курамына Кыргызстандын Билим берүү министрлиги да киргизилген.

Азыр "Сапаттын" аймактарда 16 лицейи бар. Мындан сырткары "Ала-Тоо" университети, эл аралык Silk Road мектеби, үч орто мектеби бар. Анда жалпысынан 11 миң бала билим алат. 1992-жылдан бери иштеп келаткан бул мекемеде 12 миңден ашуун бүтүрүүчүнү чыгарган. Миңден ашуун мугалим эмгектенет.

Расмий Анкара "гүленчи" деп эсептеген агартуу мекемелерин жабууну расмий Бишкекке былтыр сунуштаган. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев “Сапат” мектептери жабылбай турганын кесе айткан болчу.

Соңку учурда Кыргызстан-Түркия алакасы солгундаганын серепчилер да белгилеп келатышат. Мунун кедергиси ишкер чөйрөгө да тийип жатканы айтылган. Билим берүү жаатындагы адис Асылбек Жоодонбеков билим сапатын жогорулатууга болгон Кыргызстандын аракети алаканы жакшыртууга өбөлгө болоруна ишенет.

- Муну Түркиянын саясаты ушундай болуп турган шартта “Сапат” мекемелери мындан аркы өзүнүн билим берүү саясатын кандай жургүзүшү керек экенине багыт бере тургандай билдирүү деп айтсак болот. Экономикалык, тарыхый, саясий жактан алганда да өнөктөш өлкө экени айдан ачык. Билим сапатын жогорулатуу боюнча чечкиндүү, айныгыс жасалып жаткан иш-аракет бара-бара мамиленин түздөлүшүнө, оңдолушуна жардам берет деп ойлойм.

Калайык куугунтукка кабылган "Жумурият" ("Жумхурийет") басылмасын коргогон нааразылык жыйынга чыкты. Стамбул. 24.7.2017.
Калайык куугунтукка кабылган "Жумурият" ("Жумхурийет") басылмасын коргогон нааразылык жыйынга чыкты. Стамбул. 24.7.2017.

Түркия бийлиги Фетхулла Гүленди жана анын жолун жолдоочуларды былтыр 15-июлда ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүш аракетине шыкакчы жана уюштуруучу катары айыптаган. Түркияда "гүленчи" деген шылтоо менен он миңдеген кишилер кызматтан айдалган, көбү абакта кармалууда.

Ошол эле учурда эл аралык укук коргоочулар Түркияда былтыркы майнапсыз аяктаган төңкөрүш аракетинен кийинки өзгөчө көп сандагы кишилердин камалышын жана жумуштан айдалышын, айрым эркин басылмаларга бөгөт коюлушун бул өлкөдөгү антидемократиялык авторитардык бийликти калыптандыруунун соңку далаалаты катары кескин сынга алышууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG