Саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев шайлоодогу добуш сатып алуу Кыргызстанда көндүм адатка айланганын жана өлкө андан арыла албай жатканын “Азаттык” радиосуна курган маегинде айтып берди.
Бекбосун Бөрүбашев: Кыргызстанда шайлоо соода болуп калды. Менимче, азыр мурдагыдай үгүттөөгө деле аракет кылбай калышты. Кээ бирлер баракчаларын таркатып, эл менен сүйлөшүп жатат. Бирок, баары эле соодага өтүп кеткен. Мисалы, "эл менен жолугушканда силердин короого эмне кылып берели, жолуңарды асфальттап берелиби" деп өздөрүнүн капчыгынан акча кетип аткансып ачык эле сурашат. Айрыкча бийликтеги партиялар ушинтип атышат. Алар акчаны асмандан алмак беле, мамлекеттен алат да. Калгандары деле добуш сатып алууга умтулуп жатканын байкоого болот. Эл да буга көнүп калды. Калктын бир катмары "шайлоо болот, эми партиялар менен соодалашабыз" деп отурушат. Мындайга жол бербөө үчүн шайлоо мыйзамдарын кайра карап, системаны оңдоо керек.
Шайлоо: убадага мол ай башталды
Шайлоо: убадага мол ай башталды
Учурда көпчүлүктүн көңүлү борбор калаа Бишкектин шаардык кеңешинин шайлоосуна бурулуп турат. Адатта өлкө саясий борборундагы шайлоого ири саясий күчтөр көп ресурстарын жумшап, атаандаштык курч мүнөздө өтүп келген.
“Азаттык”: Жарандык активисттер жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, кварталдык, үй комитеттеринин башчылары үймө-үй кыдырып, шайлоочулардын паспортторунун көчүрмөлөрүн чогултуп жүргөнүн айтып чыгышты. Мындан улам алдыдагы шайлоонун жыйынтыгы бурмаланат деген көз караштарга негиз барбы?
Бекбосун Бөрүбашев: Негиз бар. Анткени, азыр Кыргызстанда жарандардын конституциялык укугу бузулуп жатат. Эгер сен биометрикалык маалымат тапшырбасаң, шайлоого катышпайсың деп коюшту. Бул туура эмес. Биометрикалык маалымат боюнча да көп сөз айтылып жатат. Мен колдон кармап албагандан кийин так айта албайм. Бирок операторлор 2-3 миң добушту каалаган партияга кошуп кое алат деген сөздөр чыгууда. Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт деген сыңары, мунун да туура жагы болсо керек. Шайлоонун жыйынтыгы такыр башкача чыкканына көнүп деле бүттүк. Маселен, 25 жылдан бери ичкендер, жегендер, мамлекеттин казынасына кол салып, элдин энчисинен байыгандар кайра-кайра шайлоодон утуп, бийликке келүүдө. Шайлоо таза өтсө, алар жеңишке жетмек эмес. Эл аларды жаман көрөт. Кыргызстан чакан мамлекет, бири-бирибизди жакшы тааныйбыз да. Анткен менен алар элдин атынан мандат алып, бийликке келип атпайбы. Ошондой эле мандаттар базардагы мал, картөшкө сыяктуу эле сатылып жатат. Ушундан кийин “таза шайлоо болду, демократия улук” деп айтуу болбогон жомок.
“Азаттык”: Ошол эле маалда шайлоочулардын жоопкерчилиги болушу керекпи? Алар добуш сатпай кое алабы?
Кыргызстанда шайлоо соода болуп калды. Менимче, азыр мурдагыдай үгүттөөгө деле аракет кылбай калышты. Кээ бирлер баракчаларын таркатып, эл менен сүйлөшүп жатат. Бирок, баары эле соодага өтүп кеткен.
Бекбосун Бөрүбашев: Эл таптакыр мүңкүрөп, колунан эч нерсе келбей калды. Элде кайдагы жоопкерчилик? Жоопкерчилик баарынан мурда бийликте болуш керек. 2010-жылы кан төгүлдү. Ошол кезде “демократияны орнотобуз, коомдун көйгөйүн чечебиз” деп келгендер жооп берүүгө тийиш. Азыр элди бардык жактан камап коюшту. Экономикалык жактан калк жарды, социалдык жактан адилеттүүлүк деген жок. Шайлоого катыша албайт, катышкандардын добуштарын каалагандай бурмалашат. Бүгүнкү күнү добуш сатабы, сатпайбы, шайлоого барабы, барбайбы айырма жок, өздөрү эл үчүн чечип коюшат. Аны баары билет. Мен кошуна, туугандардан, сабак берген студенттерден шайлоого бардыңарбы деп дайыма сурайм. Көпчүлүгү барган жокпуз дешет. Бирок, шайлоого катышкандар боюнча пайыз асманга чыгат. Мурдагы шайлоолордо өз участогума атайын кеч, саат 20лар чамасы бардым. Тизмеде ашып кетсе сегизинчи болуп тургам. Кийин биздин участокто 60 пайызга жакын эле келди деп жарыялашты. Анан кантип таза шайлоого ишенебиз?
“Азаттык”: Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында парламентте добуш сатууга тыюу салган мыйзам долбоору сунушталып, бирок өткөн эмес. Эмнеге?
Бекбосун Бөрүбашев: Мунун себеби добуш сатып келген партиялар, фракциялар, депутаттардын буга кызыкдар экенинде. Келечектеги шайлоодо да “добуштарды сатып алалы, 5-10 жыл биз бийлейбиз, андан кийин балдарыбыз, неберелерибиз келет” деген аракет. Булардын максаты байлардын мамлекетин түзүү. Мамлекет байлар үчүн иштеш керек деп ойлошот. Кыргызстан касталык системага бөлүнүп баратат. Байлар жыргап жашаш керек. Кара таман эл болсо аларга кызмат кылып, оокатын жасап жашаш керек деген көрүнүшкө жакындап калдык.