Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:07

Эл үнү: Кош бойлуу мигранттар, кыйналган Ак-Жар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Эл үнүнө” бул жолу “Азаттык” радиосунун "Инстаграмдагы" баракчасына келген кайрылуулар жарыяланды.

“Азаттык” радиосунун "Инстаграмдагы" баракчасына кайрылгандар өтө көп. Эгер суроо-талабыңыз эфирден жаңырсын десеңиз, толук аты-жөнүңүздү, телефон номуруңузду да калтырып коюңуз.

Аты-жөнүн жазбаган окурман: “Менин уулум Иркутск шаарында окуйт. Пандемиядан улам Кыргызстандагы ата-энелер балдарын алып келе албай жатышат. Биздин үнүбүздү өкмөткө жеткирип коюңуздар. Новосибирскиге учак уюштургандай, Иркутскиден да уюштурса жакшы болот эле. Бир жумада бир учак каттачу, азыр каттамдар жабылып, балдар кете албай калышты. Тамак-аштан кыйналып жатышат”.

"Инстаграмдагы" @ayjantagaeva аттуу колдонуучусу: Түркиянын Газиантеп шаарынан кайрылып жатам. 24-апрелде учакка жетишпей калдып, дагы жаңы түзүлгөн каттоого кантип кирсем болот, дагы учак уюштурулабы? Ата-энемди, уулумду аябай сагындым. Түркияда күндөн күнгө абал начарлап, ооругандар көбөйүп жатат. Мекениме тынч кайтсам болот эле.

Абдыганы кызы Асел: Кыргызстандын жаранымын, жолдошум Өзбекстандын атуулу, биз 15-мартта Орусиядан Өзбекстанга машине менен жолго чыкканбыз, өзбек чек арасына келгенде мени киргизбей коюшту. Кордайга келсек, баламды киргизбей, бир айдан бери Казакстанда жүрөбүз, балам 1 жаш 3 айлык, өзүм кош бойлуумун. Казакстандагы кыргыз элчилигине жардам сурап кайрылсам, кайра байланышпай коюшту. Азыр кимге кайрылууну билбей калдык.

Актилек Турдыев: Биз Кыргызстандан Орусиядагы Магнитогорск шаарына келип окуп жаткан студенттербиз. МГСУда окуган студенттер бир айдан бери жатаканадан чыга албай жатышат, ата-энеси акча жиберсе ала алышпайт, иштегенге иш жок, аябай кыйналдык. Кыргызстандан келген студенттерге жардам берип коюңуздарчы.

Айпери, АКШдан: Мен АКШда окуп жаткан кыргызстандык студентмин. Вирустан улам жашоого каражатыбыз жок калды. Батир акчасын да төлөй албай жатабыз. Азыр менде 1-2 жумага жеткидей эле акча бар, андан ары эмне кылабыз? Биз Кыргызстандын АКШдагы элчилигине да кайрылдык, алар бизге 1,5 айдан бери жооп бере элек. Стамбулдагы студенттер менен жарандарды мекенге алып кетишиптир. Бизди экинчи рейске кошсо, транзит аркылуу биз деле Бишкекке кайтсак болот эле. 160 студенттин атынан кайрылып жатам.

Камил Ниязов: Биз азыр Жапониядабыз, Кыргызстанга кайта албай, бул жакта жашаганга да акчабыз жок калды. Биз үч кишибиз, билеттерибиз бар, визабыз аяктап баратат, эмне кылабыз?

Орусиядагы энелердин кайрылуусу

- Мен Кыргызстанга кетишим керек эле, билет алганга да жетишпей калдым. Кош бойлуумун, бул жакта калганга да болбойт. Суранам, Кыргызстанга кеткенге жардам бериңиздер.

- Менин атым Бактыгүл. Орусиядан 2 жашар балам менен Кыргызстанга кете албай жатам. Айылда карыган кайната, кайненем бар. Жолдошум, уулум менен бул жакка мартта келип, кайра кете албай калдык. Айылда дагы төрт балам бар. Алар карантинде үйдө отуруп калып, карыган ата-энебиз аларга Интернеттен сабак окута албай, абдан кыйналып жатышыптыр. Колдон келсе эптеп мекенибизге, балдарыбыздын жанына жетип алганга жардам берип койгулачы. Ата-энебизди кыйнабай, балдарыбызды өзүбүз окутуп, үй тапшырмаларын текшерсек жакшы болот эле. Жумушубуз да токтоп, каттообуз да бүтүп калды. Бул жакта ооруп калсак кантебиз? Себеби камсыздандырган полисибиз да жок.

- Урматтуу бийлик, Москвадагы мигранттарды тез арада алып кетишиңерди өтүнөбүз. Мен алты айлык кош бойлуумун, ондогон кыргыз мигранттар жумушсуз бир айдан бери бир бөлмөлүү батирде тыгылып жатабыз. Бул жакта оору күчөп жатат, аны жугузуп алышыбыз ыктымал. Бизди дени сак кезде алып кетүүңөрдү суранабыз, эмнеге биздин үнүбүз силерге жетпейт? Биз кыйналып кеттик, бир аптадан кийин жатакананын акчасын төлөшүбүз керек, тамак-ашка акча жок. Кош бойлуулардан мен билгендерден эле 5-6 аял бар. Балалуу аялдар да көп. Азыр өткөрмө жок көчөгө да чыга албайбыз. Кетет элек деп жалдырап жатабыз. Өз мекенибизге барсак, корообузда ээн-эркин басат элек, тезирээк алып кеткиле, болбосо чек араны ачкыла, биз машине менен баралы.

- Мен Москвадан жазып жатам, күйөөм Кыргызстанга кайнатамдын тажиясына кетип, ошол бойдон келе албай калды. Москвада азыр жалгызмын, 12-майда батир акым бүтөт, беш айлык боюмда бар, учак болсо билетти өзүм сатып алат элем. Тамак-аш алганга да акчам калбай калды, сураныч, жардам бергиле.

- Менин фамилиям Жумашева, Москвадамын. Бул жакта жашоо азыр аябай кыйын болуп калды. Өкмөт билети барларды эле алып кетип жатыптыр. Биз кантебиз? Бизди таштап салышабы?

Эл үнү: кош бойлуу мигранттарды ким угат? (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:55 0:00
Түз линк


Азык-түлүктөн кыйналган Ак-Жар конушу

- Биз Ак-Жар конушунда биринчи көчө, 7-үйдө батирде турабыз. Азыр тамак-ашыбыз калган жок. Ошол себептен силерден жардам сурап кайрылып жатабыз. Айыл өкмөтүнө барсак, эч кандай натыйжа чыкпады. Биздин конуш Свердловск районуна карайт. Сураныч, азык-түлүктөн жардам бериңиздер.

- Менин атым Нурзида Ибрагимова, Ак-Жар конушунда турам, бир кызым бар, күйөөм азыр иштебей калды, өзүмдө да жумуш жок, тамак-аштан жардамга муктажбыз. Батирде турабыз, сураныч, жардам бериңиздер.

- Бул жакта батирде жашагандар аябай көп, менин атым Назгүл Ашырбаева, үч балам бар, бизге деле жардам берип койсоңуздар жакшы болот эле, дарегим: Ак-Жар конушу, 6-үй.

- Ак-Жар конушунун 1-көчөсүнүн 12-үйүндө жашайм, атым Адина Маматова, бизде азык-түлүк калбай калды, жардам берип коюңуздар.

- Менин атым Кенжебүбү Айтакунова, Ак-Жар конушу, 1-көчө, 21-үйдө батирде турабыз, төрт балам, жолдошум болуп алтообуз жашайбыз. Биз да жардамга муктажбыз. Күнүмдүк эле иште иштеп эптеп жан бакчубуз. Азыр батирдин да акчасын доолап жатышат, айыл өкмөтү 16 кило ун эле берген, ал да түгөндү. Жегенге тамак-аш жок, эмне кылабыз?

Гемодиализдеги бейтаптын кайрылуусу

Самидин Сейитбеков: - Урматтуу Сооронбай Жээнбеков жана Саламаттык сактоо министрлиги, силерге Кыргызстандагы 1500дөн ашык гемодиализ алган бейтаптардын атынан кайрылып жатам. Коронавирус оорусу биздей мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга эки эсе көп кыйынчылыктарды алып келди. Биздей оорулуу адамдарга жакындан жардам берип, биз деле Кыргызстандын атуулубуз деген оюн ойготуп, өчүп бара жаткан үмүтүн жандырып коёсуңар деп ишенебиз. Кокус коронавирус биздин бир эле бейтапка жугуп калса, анда баарыбыз коркунучка кабылабыз. Гемодиализ алгандарга вирус жукса өзүнчө карай турган бокс палаталарды уюштуруп, атайын адис бөлүп бере аласыздарбы? Бул маселени Саламаттык сактоо министрлиги колго алса жакшы болот эле. Биздин тагдырыбыз силердин колуңарда.

Саламаттык сактоо министрлигинин адиси Гүласыл Сутуеванын маалыматы боюнча азыр гемодиализдегилердин баары убагында медициналык жардамды алып жатат. Алардын арасында вируска чалдыккандары каттала элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG