Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:34

Коалицияны козгогон жааттардын жагдайы


Жогорку Кеңештеги жыйындардын бири. 29-ноябрь, 2017-жыл.
Жогорку Кеңештеги жыйындардын бири. 29-ноябрь, 2017-жыл.

"Жакында Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция кулап, өкмөт, коалиция кайрадан түзүлүшү мүмкүн" деген пикир кызуу талкууланып жаткан кез.

Бул кырдаал - президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигин бекемдөө аракетиби же бийлик бутактарына кесипкөй жетекчилерди алып келип, парламент менен өкмөттүн туруктуу иштешине жетишүүбү? Дегеле жакын арада кыргыз саясатында кандай өзгөрүүлөр болот?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жана “Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов катышты.

“Азаттык”: Жанар мырза, Жогорку Кеңештин жагдайын ичинен билесиз. Азыркы коалицияны кулатып, жаңысын түзүп, ага жараша өкмөттү да алмаштыруу ниетиндеги күчтөр барбы? Болсо ага эмне негиз түзүп жатат?

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

Жанар Акаев: Ооба, азыркы күндө парламентте коалицияны кулатып, жаңысын түзүү аракети бар. Ал жөнүндө кызуу сөздөр жүрүп, сүйлөшүүлөр болуп жатат. Азыркы өкмөттү кетирүү боюнча да Жогорку Кеңеште сөздөр абдан кызыды. Мындай кырдаалдын түзүлүшүнө мурдагы жана азыркы президенттердин мамилесинин бузулушу себеп болуп жатканын баарыбыз билип жатабыз. Өкмөттө, парламентте, башка саясий күчтөрдүн ортосунда “Атамбаевчи” жана “Жээнбековчу” болуп жиктешүү күчөп, ыйкы-тыйкы болууда.

Мындан сырткары парламентте өкмөт боюнча суроолор аябай көбөйүп кетти. Өкмөт “Жаңы коомго 40 кадам” деди эле, анын өтөөсүнө чыга албай жатат. “Кумтөр” боюнча жаңы келишимге өкмөт Жогорку Кеңеште каратпай туруп, өзү кол коюп койгону да суроо жаратууда. Чет элдик башка компаниялар менен келишимдер да үзгүлтүккө учурады. Өкмөт жакында Жогорку Кеңешке отчету менен келсе да көп суроолор берилет. Өкмөттүн кетиши отчетко жетеби деген ой бар. Азыркы мыйзам боюнча коалициядагы бир фракция чыгам деп чечсе, коалиция кулап, өкмөт автоматтык түрдө милдетин аткаруучу болуп калат.

“Азаттык”: Жеңиш мырза, коалицияны, өкмөттү жаңыртуунун зарылчылыгы эмнеде? "Эң негизги максат президент Жээнбековдун бийлигин бекемдеш үчүн жасалып жатат" деген ойлор айтылууда. Сиздин пикир кандай?

Отчетко чейин өкмөттүн кызматтан кетип калышы Атамбаев үчүн пайдалуу болушу мүмкүн.

Жеңиш Молдокматов: Мен деле ушул ойдомун. Өзгөчө КСДП партиясынын курултайынан кийин эки тараптуу кайым айтыш күчөп, таасир талаш башталды. Эки тарап, эки жээк болуп калышты. Азыркы өкмөт ким тарапта экенин билебиз. Отчетко чейин өкмөттүн кызматтан кетип калышы Атамбаев үчүн пайдалуу болушу мүмкүн. Анткени Бишкек ЖЭБинин айланасында, ж.б. долбоорлор боюнча өкмөткө катуу сөздөр айтылып, катуу запкы жеп калышы мүмкүн. Ал запкынын арты барып кимдир-бирөөгө тийип калаарын баарыбыз сезип жатабыз. Акыркы кабыл алынган Конституцияга ылайык коалицияны таркатуу бир топ татаал, азыр ар бир депутаттардын үчтөн экиси кол коюп, макулдугун бергенде гана таркайт. “Республика - Ата Журт” фракциясынын лидеринин алмашышы да ошол аракеттердин таасири болушу мүмкүн.

“Азаттык”: Жанар мырза, азыркы президент менен премьер-министрдин ортосунда түшүнүү барбы? Экөө тең “КСДП деген шинелден” чыкты эле, азыр аларды бир команда деп айта алабызбы?

Жанар Акаев: Менде экөөнүн жеке мамилелери жөнүндө маалымат жок. Ал түздөн-түз Атамбаевдин кадры, эгер Исаковго тандоо мүмкүнчүлүгү берилсе ал Атамбаевди тандайт. “Мен Атамбаевди колдойм” деп көп эле жерде ачык айтып келатат. Бирок ага өкмөттүн жалпы иши үчүн огеле көп суроолорго жооп берүүгө туура келүүдө. Парламентке келип, “мен мындай долбоорду ишке ашырдым, ал үчүн сыймыктанам” деп айта алабы? Жогорку Кеңеш маселени калыс карап, чыныгы парламентаризмдин жүзүн көрсөтүүгө убакыт келди.

“Азаттык”: Жанар мырза, эгер коалиция түзүлүп кала турган болсо кайсы фракциялардан түзүлүшү мүмкүн?

Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.

Жеңиш Молдокматов: Азыр көпчүлүктү күттүргөн суроо ушул. Кечээ “Республика - Ата Журт” фракциясынын лидери алмашканы да бекеринен эмес. Мурдагы лидери Руслан Казакбаев Өмүрбек Бабановдун жакын кишиси болчу. "Өмүрбек Токтогулович акыркы убакта Атамбаев жакка ыктап жатат" деген сөздөн кийин мүмкүн ушундай кадамдар болуп жаткандыр? Демек, алар коалицияга кошулушу мүмкүн. “Бир Бол” фракциясы сөз жок кошулат. КСДПнын баары эле Атамбаевге ыктаган жок, алардан да кирет. Коомчулукта "азыркы парламент Жээнбековго өттү" деген сөздөр жүрөт. Мүмкүн Атамбаевдин өкмөтүн толугу менен кызматтан кетирип, Жээнбековдун жаңы өкмөтүн алып келишер?

Жанар Акаев: Меним оюмча, эгерде коалиция кулап, кайра түзүлө турган болсо ал мандатты Жээнбеков КСДПга бербейт. Анткени ал фракцияда “элүү-элүү болуп”, ажырым бар экени белгилүү. Фракция лидеринин позициясы да белгисиз. Аларга берсе Атамбаевди премьер-министрликке алып келүү аракети да болушу ыктымал, менимче ага Жээнбековдор жол бербейт.

“Азаттык”: КСДП фракциясы оппозицияда калышы мүмкүнбү?

Жанар Акаев: Толук мүмкүн...

(Талкуунун толук версиясын ушул жерден угуңуз)

Коалицияны козгогон жааттардын жагдайы
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:06 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG