Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:06

Өзбекстанда мугалимдер кечирим сурашты


Анжияндагы ата-энелерден кечирим сураган мугалимдер. Социалдык тармактарга тараган сүрөт.
Анжияндагы ата-энелерден кечирим сураган мугалимдер. Социалдык тармактарга тараган сүрөт.

Казакстандагы “кандуу январдан” кийинки эмиграция, Өзбекстанда кемсинтүүгө кабылган мугалимдер, Түркия менен Орусиянын чөлкөмдөгү дымагы. Соңку бир апта ичинде Борбор Азия тууралуу эл аралык басылмалар жазган макалаларга учкай токтолобуз.

“Кандуу январь” акыл көчүн күчөтөбү?

9-февралда The Diplomat басылмасынын сайтында “Казакстандагы кандуу январдан кийинки эмиграция” аттуу макала жарыяланды. Жорж Вашингтон университетинин докторантурасында окуп жаткан Акбота Карибаева менен Гарвард университетинин магистратурасында билим алып жаткан Аружан Меирханованын биргелешкен макаласында Казакстанда январь айынын башындагы ондогон адамдын өлүмү менен коштолгон окуялар өлкөдөн чыгып кетүүнү көздөгөн жарандардын санын калыңдатары айтылган.

“Уланып жаткан туруксуздук тууралуу кооптонуулар жана өкмөттүн аракеттеринин багытына байланыштуу белгисиздик өлкөнүн казак жана башка улуттагы калкынын арасындагы ансыз да орчундуу деңгээлдеги адамдык капиталдын сыртка чыгып кетишин күчөтүшү мүмкүн.

Өкмөттүн социалдык талаптарды канчалык аткара алары жана чыныгы структуралык реформаларды канчалык жасай алары Казакстандын болочоктогу демографиясынын контурларын аныктоодо чечкиндүү роль ойношу ыктымал”, - деп жазышкан авторлор.

Макалада айтылгандай, 2012-жылдан бери ансыз да Казакстандын миграциялык көрсөткүчтөрү негативдүү мүнөзгө ээ болуп келет.

2015-2020-жылдар аралыгында өлкөдөн чыгып кеткен эмигранттардын 70 пайызы билимдүү жана кесиби бар адамдар болгон. 2020-жылы 2018-жылга салыштырмалуу чет өлкөдө иштеген же иштегиси келген казак жарандарынын саны үч пайызга көбөйгөн.

Эл аралык миграция уюмунун 2019-жылдагы сурамжылоосунда чет жактагы жаш казак жарандары Казакстандагы жемкорлукту, натыйжасыз башкарууну, карьералык мүмкүнчүлүктүн жоктугун, келечек бүдөмүк экенин, айлыктын аздыгын, адам укуктарынын бузулушун эмиграциянын башкы себептери катары көрсөтүшкөн.

Алматыдагы башаламандык, 5-январь 2022-жыл.
Алматыдагы башаламандык, 5-январь 2022-жыл.

Авторлор жазгандай, январдагы окуяларга түрткү берген кымбатчылык, теңсиздик, жемкорлук жана саясий сенектик сыяктуу көйгөйлөргө эми саясий туруксуздук тууралуу кооптонуулар да кошулду. Натыйжада мурда чечкинсиз болуп жүргөн жарандардын тобунун пикири өзгөрүшү мүмкүн.

“Улут аралык чыңалуу күчөп кетиши мүмкүн деген ойлор эмиграциянын динамикасын аныктоодо маанилүү фактор болушу мүмкүндүгүн айрымдар ишарат кылып жатат. Соңку жылдардагы күчөгөн улутчулдуктун фонунда этникалык азчылыктар Казакстандан агылган эмиграциянын кийинки толкунунун негизги бөлүгүн түзчүдөй”, - деп айтылган макалада.

Авторлор президент Касым-Жомарт Токаев “кандуу январдан” кийин бир топ убадаларды берип, реформалар тууралуу сөз кылып жатканын, бирок “алардын жемишин карапайым калк көрөбү?” деген күмөн саноо бар экенин белгилешкен.

Өзбекстандагы өзүм билемдик

10-февралда Eurasianet басылмасы “Өзбекстанда коллежге өтпөй калган окуучулар үчүн мугалимдерди кечирим суратышты” деген макаласын жарыялады. Маалыматка ылайык, бул окуя 4-февралда Анжиян облусундагы Мархамат районундагы мектептердин биринде болгон. Анда жергиликтүү жетекчилер мектеп мугалимдерин жогорку окуу жайга кирүү экзаменинен өтпөй калган окуучулар үчүн ата-энелерден кечирим суроого аргасыз кылган.

Мектептеги чогулушта тартылган сүрөттө мугалимдер башын жерге салып, тизилип турганын көрүүгө болот.

Eurasianet Өзбекстандагы Kun.uz жаңылыктар сайтынын кабарчысына шилтеме кылып жазгандай, мектептин директору жана бир катар мугалимдери ата-энелерден кечирим сурап, “биз күнөөлүүбүз” деп айтышкан.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.

Маалыматка ылайык, мугалимдердин кечирим сурашына бул мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн арасында университетке өткөндөрдүн саны аз болгону жүйө катары көрсөтүлгөн. Ошентсе да ата-энелердин арасында мугалимдерди колдогондор да болгон.

“Мугалимдер иштеп жатышат, бирок бизди сындырып коюшту. Жаш мугалимдер бул кесипти тандаганына өкүнүштү. Керек болсо эң тажрыйбалуу деген мугалимдер да башын жерге салып турду. Мен мектепти таштап кетким келет. Бирок башка кесибим жок”, - деп айтып берген мугалимдердин бири.

Бул жыйында тартылган сүрөттөр Өзбекстанда социалдык тармактарда тездик менен тарап, бир топ сынды пайда кылды.

Eurasianet жазгандай, Өзбекстандын билим берүү министри Бахтиёр Саидов бул окуя мугалимдердин ар-намысына гана эмес, өкмөткө шек келтиргенин, эч ким аларды башын жерге салууга мажбурлабашы керек экенин билдирди. Натыйжада 9-февралда райондун башчысы Бобуржан Юлдашев өзү кайра мугалимдерден кечирим сурады.

Ушул сыяктуу мугалимдерди эл алдында кечирим суратуу аракети райондогу башка үч мектепте да болгон.

Eurasianet билдиргендей, Өзбекстан ондогон жылдан берки туура эмес башкаруудан жапа чеккен билим берүү системасын жаңылай албай келет жана өлкөдө мугалимдер басымга туш болгон учурлар көп катталат.

2020-жылдын ноябрь айында өзбек бийлиги университетке өткөн окуучулардын санына жараша мектептердин рейтингин аныктоого киришкен. Бирок жогорку окуу жайга өтүү оңой эмес. 2021-жылы Өзбекстанда 450 миң окуучу 11-классты бүтүрүп, 158 миңдей окуучу гана жогорку окуу жайга кабыл алынган.

Түркия менен Орусиянын чөлкөмдөгү дымагы

Кытайга баш ийген Гонконгдогу South China Morning Post гезити венгриялык дипломат Дьерд Буштиндин “Орусия менен Түркиянын мурдагы улуулукка умтулуусу Азияны эмне үчүн тынчсыздандырышы керек?” деген макаласын жарыялады.

“Орусия советтик доордогу таасир көргөзүү аймагын кайра калыбына келтирүүнү көздөп жаткан шартта Түркия Борбор Азияга бурулуп жатат. Алардын кайчылаш кызыкчылыктары жакын арада кагылышып кетиши мүмкүн”, - деп жазат автор.

Орус президенти Владимир Путин менен түрк лидери Режеп Тайып Эрдогандын Сочидеги жолугушуусу, 17-сентябрь 2018-жыл.
Орус президенти Владимир Путин менен түрк лидери Режеп Тайып Эрдогандын Сочидеги жолугушуусу, 17-сентябрь 2018-жыл.

Дипломат Буштин Орусиянын соңку бир нече кылым ичиндеги аракеттерин эске алганда орус-украин чек арасындагы учурдагы чыңалуу “жаңы да, таң калычтуу да эмес экенин” бул макаласында белгилеген.

Ал Орусиянын дымагын түшүндүрүү үчүн 19-кылымдагы Крым согушу жана орус империясынын Осмон империясы менен тиреши сыяктуу бир катар тарыхый окуяларды мисал келтирген.

Автор Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын 3-февралда Киевде түрк дрондоруна байланыштуу келишимди жарыялаганы жана “Украинага, даңк!” деп айтканы да бекер эмес экенин туюнткан.

Дипломат Түркия менен Орусия Тоолуу Карабактагы, Сириядагы жана Ливиядагы чыр-чатактар сыяктуу эле Украина маселесинде да эки башка тарапта экенин айтып, бул чыңалууга себеп болушу мүмкүн экенин билдирген.

“Бул дымактар дүйнөнүн эки башка булуң-бурчунда ишке ашса, маселе болмок эмес. Бирок Орусия менен Түркия кошуна мамлекеттер болгондуктан, алардын кагылышып кетүү коркунучу күч алууда. Алардын Кавказда карама-каршы кызыкчылыктары бар. Алардын Борбор Азиядагы таасир чөйрөлөрү бири-бирине чырмалышып, карама-каршылык жаратат”, - деп жазат венгриялык дипломат.

Соңку жылдары Батыш мамлекеттеринде Кытайдын саясатын жайылтат деп сынга кабылган South China Morning Post гезитинде жарыяланган бул макалада Түркиянын Түштүк-Чыгыш Азиядагы таасири тууралуу да сөз болгон.

XS
SM
MD
LG