Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:48

Өзбекстанда алтынчы президенттик шайлоо өттү


Өзбекстанда президенттик шайлоо өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:55 0:00

Өзбекстанда президенттик шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 72% жакыны катышты.

24-октябрда Өзбекстанда парламенттик шайлоо өтүп, добуш берген жарандардын көрсөткүчү 80% өткөнү маалым болду. Жалпысынан 20 млн. жакын шайлоочу катталган. Чыныгы атаандаштык жок өткөн шайлоодо 64 жаштагы азыркы президент Шавкат Мирзиёев экинчи мөөнөткө келери күтүлүүдө.

Жекшембиде Өзбекстандын эгемен тарыхында алтынчы ирет президенттик шайлоо өттү. Бул жолу азыркы президент Шавкат Мирзиёевге атаандаш болуп элге аты белгисиз, бийликчил көз караштагы төрт талапкер чыкты. Оппозициялык үч партияга шайлоого катышууга же талапкер чыгарууга бийлик жол берген жок.

Коңшу өлкөдө 10 миң 760 шайлоо тилкеси ачылды. Ага кошумча 37 өлкөдө 100дөй добушкана уюштурулду. Орусиянын алты жеринде, Москвадагы элчиликте өзбек жарандары добуш берди. Кыргызстанда дагы алты добушкана ачылды. Анын төртөө Ош шаарында, бири Жалал-Абад шаарында, дагы бири Бишкекте.

"Азаттыктын" өзбек кызматы Москвада добуш бергендерге ысык тамак уюштурулганын жазды.

“Америка добушу” радиосунун кабарчысы Навбахор Имамова шайлоонун жүрүшү тууралуу мындай байкоолору менен бөлүштү:

"Ташкенттин бир нече шайлоо тилкесине барганымда динге ишенген өзбектердин калың тобун көрдүм. Бул мага күтүлбөгөн көрүнүш болду. Мисалы, эки жыл мурун мындай жок эле. Көптөгөн аял шайлоочуларды кезиктирдим. Жаштар арбын. Алар сынчыл көз карашта, көп нерсени ачык талкуулашат экен. Жалпысынан шайлоочулардын көптүгүнө күбө болдум. Жарандар берген добушуна сыймыктанып турганы сезилет. Америкада шайлоо майрам, бул жерде концерт болуп жатат”.

35 миллион калкы бар мамлекетти Мирзиёев беш жыл башкарды. Бул маалда коңшу өлкөнүн бийлиги маркум Ислам Каримовдун авторитардык жолуна түшүп баратат деген көз карашка каршы турууга аракет кылгандай таасир калтырды.

Мирзиёев чейрек кылым диктатордук режим орногон өлкөнүн эшигин чет элдик инвестицияга ачып, коңшулар менен мамилени ондоп, жарандардын дин тутуу эркиндигин чектөөнү жумшартып, ондогон саясий туткунду абактан чыгарды.

Ташкенттеги добушканалардын бири. 24-октябрь, 2021-жыл.
Ташкенттеги добушканалардын бири. 24-октябрь, 2021-жыл.

Анткен менен бир катар саясий серепчилер, журналисттер жана укук коргоочулар шайлоодо чыныгы атаандаштык болбогонун белгилешет. Алардын бири Берлинде жашаган укук коргоочу Умида Ниязова:

"Албетте, азыр Өзбекстан өзгөргөнүн танууга болбойт. Журналисттерге, маалымат каражаттарына Каримовдун тушуна салыштырмалуу кенен-кесири сүйлөөгө мүмкүнчүлүк бар. Ага карабай, Өзбекстан классикалык авторитардык режим бойдон калууда. Бүгүнкү шайлоо маани-маңызы жагынан Каримовдун шайлоосунан айырмаланбайт. Анткени, эч кандай саясий атаандаштык болгон жок. Шайлоодогу эң башкы нерсе ошол эмеспи".

Мирзиёев беш жылда чексиз бийликти колунан чыгарбай, президенттин таасирин колдонгон жакындары эбегейсиз байлык топтогонун айгинелеген коррупциялык схемалардын бети ачылды. Бир катар көз карандысыз маалымат каражаттары мамлекеттик бюджеттин акчасы тендерлер аркылуу жең ичинен таасирдүү үй-бүлөнүн жакындарынын чөнтөгүнө кеткенин жазышты. Мирзиёевдин жакындары байлыкка туйтунса, өзү бизнесмендер менен олигархтардын курчоосунда калганы тууралуу фактылар жарыкка чыккан.

Дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясы дагы өзбек лидеринин бир катар экономикалык жетишкендиктерине кедергисин тийгизип, өлкөдө жумушсуздук өсүп, жашоо кымбаттады.

Аттандаштык жок жарыш

Мирзиёевдин бийлиги шайлоо алдында саясий оппоненттерди жарыштан четтетип, сын айткан активисттердин оозун жапканы үчүн сынга кабылды.

Өзбекстандын шайлоо мыйзамына ылайык, каттоодон өткөн гана партиялар талапкер көрсөтө алат.

Бул жолу каттоодөн өтпөгөн оппозициялык “Эрк” демократиялык партиясы, Чындык жана өнүгүү партиясы, Элдик кызыкчылыктар партиясы талапкер чыгарууга ниетин билдирген. Саясий уюмдар канчалык аракеттенгени менен бийлик аларды каттоодон өткөрбөй, шайлоонун каалгасын жаап койду.

Шайлоо өнөктүгүндө Мирзиёевге жасалма атаандаш болуп Алишер Кодиров аттангандай таасир калтырды. Ал сыртта иштеп жүргөн мигранттарга салык салууну сунуш кылды. Жакындары четте акча таап жүргөн калктын калың катмары буга каршы болду.

Мирзиёев да аттандашынын мындай сунушуна каршы пикирин айтты. Айрым байкоочулардын пикиринде, Кодиров мындай тапкычтыгын Мирзиёевдин пайдасына айткан. Анткени анын партиясы президенттин Либерал демократтар партиясы менен коалицияда экени буга мисал.

Президент Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү менен добуш берүүгө келген учуру. 24-октябрь, 2021-жыл.
Президент Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү менен добуш берүүгө келген учуру. 24-октябрь, 2021-жыл.

Калган атаандаштарынын баары кудум Каримовдун доорундагыдай бийликтин багытын колдогон талапкерлер. Алар: “Адилет” партиясынан Бахрам Абдухалимов, Элдик демократиялык партиядан Максуда Варисова, Экологиялык партиядан Назрулло Обломурадов.

Шайлоого 971 эл аралык байкоочу көз салды, анын ичинен 631и эл аралык уюмдардан, 340ы чет өлкөлөрдөн. Мындан тышкары партиялардан 54 миңге жакын жана жарандардын өз алдынча башкаруу органдарынан 11 миңдей байкоочу катталган.

Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун бийлигинде 13 жыл өкмөттү жетектеген. Каримов күтүлбөгөн жерден дүйнө салган соң президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 2016-жылы президент болуп шайланган.

XS
SM
MD
LG