Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:16

Ош облустук милициясы селден алты киши каза болгонун кабарлады


ӨКМ тараткан сүрөт. Куткаруу иштери.
ӨКМ тараткан сүрөт. Куткаруу иштери.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы 28-июнда Ноокат районундагы селден алты киши каза болгонун билдирди. Милициянын маалыматына ылайык, аларды суу агызып кеткен.

“Алдын ала алынган маалыматтар боюнча Абшыр-Ата айылында Шаран-Сай сел өтүүчү сай аркылуу сел жүрүп, натыйжада 2 көпүрөнү, 10 электр мамычаларды, 10 турак үйгө сел кирип, 6 адамды агызып кеткендиги маалым болгон”, - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

28-июнда Ноокат районунун 19 жаштагы К.Б, 16 жаштагы М.Б, С к А жана М к Анын (туулган жылдары тактала элек) сөөгү табылган. 29-июнда түш чендерде дагы эки кишинин (тек-жайы такталууда) сөөгү табылды.

Селдин курмандыктарынын саны алты кишиге жеткенин ӨКМ дагы “Азаттыкка” ырастады. Буга чейин ӨКМнын Ош облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары Замирбек Эрмаматов журналисттерге маалымат берип жатып, каза болгондор тууралуу 10 адам деп айткан. Бирок, көп өтпөй ӨКМ каза болгондор тууралуу жаңылыш маалымат берип алганын билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) соңку маалыматы боюнча селден улам Абшыр-Ата эс алуу жайында калган 1300 киши коопсуз жерге чыгарылды. Мекеме басууда кыйналган жана улгайган адамдарды тик учак менен ташыды.

28-июндагы катуу жамгырдан Кызыл-Кыя шаарынан Абшыр-Атага бараткан жолдо сел жүргөн. Суунун аркы бетинде болжолдуу 1300 адам өтө албай калып калганы аныкталган. 42 куткаруучу Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогору жагында жол бузулуп, өтө албай калган жарандарды эвакуациялоо иштерин улантып жатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG