Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:39

Ош: мандат бөлүштүрүүдөн чыккан түшүнбөстүк


Ош шаарындагы шайлоо тилкелеринин бири. 2021-жыл 11-июль.
Ош шаарындагы шайлоо тилкелеринин бири. 2021-жыл 11-июль.

Ош шаардык кеңешине кайра шайлоодо экинчи орунга чыккан "Биздин Кыргызстан" саясий партиясында мандат бөлүштүрүүдө ич ара түшүнбөстүктөр чыкты. Партиянын тизмесинде 9-болуп катталган Жамал Ормонова шайлоодон кийин артка жылып кеткенин билип, укук коргоочуга кайрылган.

Укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиеванын айтымында, ага “Биздин Кыргызстан” саясий партиясынан 9-тизмеде шайлоого катышкан талапкер Жамал Ормонова кайрылган. Ал партия өзүм билемдик менен аны артка жылдырганын айтып арызданган.

Бул боюнча Ормонова Ош аймактык шайлоо комиссиясына да кайрылган. АШК маселе партиянын ичинде чечилиши керектигин айтып чектелген. Гүлгаакы Мамасалиева партия орун алмаштыруу менен өзүнө ыңгайлуу талапкерлерди алдыга жылдырып жатат деген ойдо.

“Добуш алып келген тизме боюнча ал эже 3-4-орунда туруш керек экен. Анан партия аялдарга 5 мандат бериши керектигин бизден кеңеш алгандан кийин билип арыз менен кайрылган. Менин оюмча булар өзүнө ыңгайлуу болгон аялдарды киргизип жатышат. Партиянын айтканын кылган, буйрутмаларды аткарган аялдарды алдыга сүрөмөлөп жатышат окшойт”.

“Биздин Кыргызстан” партиясынын мандат ала турган талапкерлердин тизмесинен четтеген Жамал Ормонова өзү толук комментарий берүүдөн баш тартты. Ал "маселени партия менен сүйлөшүп чечишип алдык" деп гана кыска жооп берди.

“Биздин Кыргызстан” партиясына шайлоонун жыйынтыгы менен 15 мандат берилиши мүмкүн, анын бешөө аялдар үчүн каралган. Партияны Ош шаардык кеңешине жетектеп шайлоого катышкан Медер Абдыманапов ички эрежеге ылайык тизме өзгөртүлгөнүн билдирди. Ал партиянын ички тартиптери шайлоого чейин кабыл алынып, ага баардык талапкерлер макул болгонун белгиледи.

Медер Абдыманапов
Медер Абдыманапов

“Өзүнө бөлүнгөн аймактан эң көп добуш алып келген талапкерлер алдыга жылат. Ошондой болуп "тизме кайра өзгөрөт" деген макулдашуу болгон. Баарына бирдей участкалар берилип, мүмкүнчүлүктөр да бирдей болгон. Ошонун негизинде өзүнүн аймагынан жакшы добуш алган айымдар баратат. Бирок биринчи 15 тизмедеги 5 аял ошол бойдон эле калды. Алардан башка эки аялдын тизмеси алмашты. Ага өздөрү макул болуп кол коюп беришкен. Ошол 5 аял менен тең сиздерди байланышырып бере алабыз, эч кандай жаңжал болгон эмес”.

Мыйзам боюнча шайлоо өткөндөн кийин 3 күн аралыгында саясий партиялар жыйынтыктоочу тизмени аймактык шайлоо комиссиясына бериши керек.

Саясат таануучу Төлөгөн Келдибаев шайлоодон кийинки орун алмашууларды соодалашуу катары баалайт. Ал мындай көрүнүш шайлоодо жеңишке жетишкен баардык эле партияда болгонуна токтолуп, бул партиялык системага терс таасир берип жатканын кошумчалады.

Төлөгөн Келдибаев
Төлөгөн Келдибаев

“Кандай болгон күндө да бул көрүнүш партиялык системага кедергисин тийгизет. Себеби Кыргызстанда идеясы, көз караштары төп келген адамдардын тобу, бул саясий уюм катары эсептелет. Тилекке каршы, азыр депутат болуп жаткандар кандай гана партияларга кирген жок. Талапкерлердин көпчүлүгү - жашы деле, улуусу деле ондой партияга кирип чыгышкан. Арасында карап көрсөңөр көп партияга баш баккандар жүрөт. Булардын идеясы же идеологиясы деле жок”.

Ош аймактык шайлоо комиссиясына мандат маселеси боюнча “Биздин Кыргызстан” партиясынан башка эч ким кайрылган эмес.

Аймактык шайлоо комиссиясы буга чейинки арыз-даттанууларга карабай Ош шаардык кеңешине болгон шайлоону өттү деп тапкан. Анын себебин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Урмат Аттокуров мындайча түшүндүрдү:

“Биз жыйынтыктоо учурунда “Улуу Журт”, “Ынтымак”, "Бүтүн Кыргызстан” саясий партияларынан арыз келди. Аны биз кабыл алдык. "Эмнеге арыз бердиңиздер" десек негиздеп бере алышкан жок. Биз АШКнын жалпы 12 мүчөсүнө добушка койдук. Баары "макул" деген добушун берип, шайлоо өттү деген чечим кабыл алынды”.

Кайра шайлоонун жыйынтыгы чыгып, Борбордук шайлоо комиссиясына бекитүүгө жөнөтүлгөн.

Ош шаардык кеңешинде жалпы 45 депутат бар. Мандаттар кайра шайлоонун жыйынтыгына ылайык, мындай бөлүштүрүлүшү мүмкүн: “Ата-Журт Кыргызстан” – 19, “Биздин Кыргызстан” – 15, “Улуттар Биримдиги” – 7, “Бир Бол” – 4.

Азырынча шайлоодон утуп чыккан партияларга качан мандат берилери так айтыла элек.

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү жана шаардык кеңештерге шайлоо өткөн. Бишкек, Ош, Токмок шаарларында мыйзам бузуулардан улам добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылып 11-июлда кайра шайлоо өттү. Жергиликтүү кеңештер 4 жылдык мөөнөткө шайланат.

  • 16x9 Image

    Маратбек Акимбек уулу

    Маратбек Акимбек уулу "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика бөлүмүн аяктаган. Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын магистранты. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG