Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

Орусия төрт аймагында Украинанын 11 дронун жок кылганын билдирди


Орусиянын дронго каршы куралы. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын дронго каршы куралы. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия Украина менен чектеш аймактары 7-августта эртең менен дрон чабуулуна кабылганын билдирди. Өлкөнүн коргоо министрлигинин маалыматына караганда, төрт аймакта абадан коргонуу системалары иштеп, 11 учкучсуз учакты атып түшүрдү.

Орус тарап чабуул үчүн Украинаны айыптап, “Абадан коргонуу боюнча күзөттөгү системалар Белгород облусунда үч, Курск облусунда төрт, Воронеж облусунда эки жана Ростов облусунда эки учкучсуз учакты кармап, жок кылды”, — деп Коргоо министрлигинин Telegram каналы аркылуу билдирди.

Ал тапта Украинанын Аба күчтөрү бир нече аймагында орус тараптан дрон чабуулу болот деген коркунуч жаралганын эскертти. Киев облусунун аскердик администрациясы борбор калаа Киевдин абадан коргонуу системалары жакындап келаткан учкучсуз учактарды жок кылууга даярданып турганын эртең менен маалымдады.

6-августта Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын түндүк-чыгышындагы Сумы облусуна чектеш Курск аймагы украин аскерлеринин чабуулуна кабылганын кабарлаган. Украинанын 22-механикалаштырылган бригадасынын 300гө жакын аскери 11 танк жана 20дан ашуун бронетранспортер менен орус аскерлеринин Николаево-Дарьино жана Олешня кыштактары жактагы бөлүктөрүнө чабуул жасаганын, бирок артка чегинүүгө аргасыз болгонун билдирген. Украин тарап бул боюнча комментарий берген жок.(RK)

XS
SM
MD
LG