Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:09

Бишкекке келген орусиялык активист табылбай жатат


Лев Скорякин.
Лев Скорякин.

Орусиялык активист Лев Скорякинди Бишкекте 17-октябрь түнү белгисиз адамдар уурдап кеткени кабарланды. Бул тууралуу укук коргоочулар маалымдап, учурда Скорякин кайда экени белгисиз болуп жатканын айтышууда.

Орусиялык активисттин дайыны белгисиз

Орусиялык активист Лев Скорякиндин Бишкекте уурдалышы жөнүндө кабарлаган укук коргоочулар коопсуздуктан улам аты-жөнүн жарыялабоону өтүнүштү.

"Новая газета Европа" басылмасы дагы укук коргоочулардын маалыматына таянып, 17-октябрга караган түнү Скорякин жашаган жайга эки автоунаа менен он киши келип, активистти белгисиз тарапка алып кеткенин жазды.

Ошондой эле Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Любовь Соболь Х (мурдагы Твиттер) баракчасына Лев Скорякиндин дайыны чыкпай жатканын жазды:

Любовь Соболь.
Любовь Соболь.

“Өткөн айда Скорякин немис эрзац-паспортуна тапшырган, Германиядан гуманитардык коргоо алып, ал жакка чыгып кетүүгө даяр болчу. 16-октябрдан 17сине караган түнү ал жашаган жайга эки машине менен он киши келип, өздөрүн Кыргызстандын кылмыш-иликтөө милициясынан деп тааныштырып, Скорякинди белгисиз жакка алып кеткен. Адвокаттары аны милициядан, убактылуу кармоочу жайдан, УКМКдан таппай коюшту. Учурда Лев Скорякиндин кайда экени белгисиз”.

Скорякинге Орусияда эмне үчүн издөө жарыяланган?

Скорякинге жана анын “Солчул блоктогу” кесиптеши Руслан Абазовго Орусиянын Ички иштер министрлиги издөө жарыялаган. Буга алардын 2021-жылы декабрь айында өткөргөн акциясы түрткү болгон. Активисттер Москвадагы ФСБнын бөлүмдөрүнүн биринин жанында от жагып, "Чекисттердин күнү менен!" деген баннер илишкен.

Активисттер Орусиядан 2022-жылы жайында чыгып кетип, Скорякин быйыл июнь айында Бишкекте кармалып, убактылуу тергөө абагына камалган. Укук коргоочулардын айтымында, ал сентябрь айында камактан чыгарылган. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Скорякин башпаанек сурагандыктан аны Орусияга экстрадиция кылуудан баш тарткан. Абазов болсо Хорватияга чыгып кетип, ошол жактан башпаанек сураган.

Скорякиндин Москвадагы жактоочусу Евгения Григорьева буларды айтты:

“Биз экөөбүз акыркы жолу 2022-жылы декабрь айында соттон көрүшкөнбүз. Андан бери сүйлөшө элек болчубуз. Бишкектен уурдалып кеткенин уктум, Орусияга алып келиштиби же жокпу билбейм. Ага Москвада “кайсы бир адамдар менен алдын ала сүйлөшүп алып ээнбаштык кылган” деген айып коюлууда. Бул оор берене болуп саналат. Күнөөлүү деп табылса, жети жылга чейин соттолот”.

Учурда Кыргызстандын Ички иштер министрлиги активисттин уурдалышы жөнүндө маалыматты тактап берерин билдирди.

Буга чейин да Орусиянын бийлигин сындаган активист, саясатчыларды Бишкектен Кыргызстандын күч органдары кармап, өткөрүп берген учурлар болгон. Маселен, 6-июнда согушка каршы чыккан активист Алексей Рожков Кыргызстандан Орусияга экстрадиция кылынган. Ал мекенинде "аскердик комиссариаттын имаратына өрт койгон" деп шек саналууда.

Кыргызстанда камакка алынган орусиялык активист Алена Крылова июнь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында жатат. Крылова Орусиядагы “Адам укуктары үчүн” кыймылынын мурдагы маалымат катчысы, бул өлкөдө экстремисттик деп табылган “Солчул каршылык” кыймылынын катышуучусу болгон.

"Кыргызстан коопсуз болбой калды"

Жарандык активист Канат Ногойбаев оппозициялык маанайдагы орус жарандары үчүн Кыргызстан коопсуз өлкө болбой калганын белгиледи.

“Бул биринчи жолу эмес экенин белгилегим келет. Жарандык активисттер эле эмес, жөнөкөй орус жарандары деле жоголуп кетип, Орусиянын аскер бөлүктөрүнөн табылган учурлар болгон. Улуттук коопсуздук комитети ФСБ (Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы-ред.) менен кызматташат. Жакында эле маалымат алмашуу боюнча дагы макулдашты. Экинчиден, саясий жактан Кыргызстан Орусиянын суранычынан баш тарта албайт. Ошондуктан расмий өткөрүп берүү, кармап кетүү кадимки көрүнүш болуп калды”, - деди Ногойбаев.

Анткен менен август айында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев "Немис толкуну" медиа компаниясына (DW) курган маегинде Бишкек Орусиядан келген саясий эмигранттарды, согушка каршы чыккан активисттерди Москвага өткөрүп бербегенин, кылмыш кылгандарды макулдашуулардын негизинде экстрадиция кылганын билдирген.

Орус президенти Владимир Путин 12-13-октябрдагы Кыргызстанга сапарынын алкагында орусиялык журналисттер үчүн уюштурулган маалымат жыйынында сыртка чыгып кеткен жарандар жөнүндө суроого жооп берген. Путин орус мыйзамдарын бузгандар кайда болбосун жоопко тартыларын белгилеген.

Июнь айында Кыргызстан, Казакстан жана Орусия менен жеке маалыматтарды алмашуу боюнча макулдашууну колдогон. Бийлик бул документ мигранттардын маселесин жеңилдете турганын айтса, жарандык коом мунун арты менен аңдуулар, тоталитардык аракеттер күч алышы мүмкүн деп кооптонуусун билдирген.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG