Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Орусияда согушту сындагандар кармалды


"Өлбөс полк" жүрүшү. Москва. 9-май, 2022-жыл.
"Өлбөс полк" жүрүшү. Москва. 9-май, 2022-жыл.

9-майда Орусияда Жеңиш күнүнө арналган иш-чараларда жүздөн ашуун киши кармалганы кабарланды. Алардын дээрлик көпчүлүгү согушка каршы ураан-чакырык, пикет жана белгилер үчүн кармалды. Кармалган активисттер полиция бөлүмүнө жете электе эле кысымга дуушар болгонун айтышууда.

Кызыл аянтта Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына арналган аскердик парад "салтанаттуу" өтүп жаткан учурда, Орусиянын ири шаарларында "Өлбөс полк" жүрүшүнө чыккан жүздөгөн жаран кармалганы маалым болду.

Москва метросунда кеминде 37 адам кармалды. Дээрлик көпчүлүгү адамдын жүзүн аныктоочу камералардын жардамы менен табылган.

Алардын бешөө 9-майдагы акцияга байланыштуу кармалган, арасында орусиялык укук коргоочулар Михаил Бирюков жана Юлия Трегубова бар экени белгилүү болду.

SOTA Телеграм-каналы маалымдагандай, дүйшөмбүдө "Открытое пространство" компаниясынын кызматкери Светлана Ушмондина Москва полициясынын кызматкерлери аны кыйноого алганын айтып берди.

"Мени метронун дааратканасына алып барышты. Кийиминен сүйрөп барган полиция кызматкери башкасына "аны башка жакка алып барбагыла, шымына заара ушаткыча отурсун" деп сөгүнгөнүн уктум".

Мындан тышкары Екатеринбург, Воронеж жана Махачкалада ондогон активисттер жана журналисттер да кармалганы айтылууда. Адегенде кармалгандарга адвокаттары кире алган эмес, кийин алар бошотулган.

Владимир Салтевский.
Владимир Салтевский.

Орусиядагы митингдерге байкоо салган "ОВД-Инфо" уюму Новосибирскиде согушка каршы плакат көтөрүп чыккан Владимир Салтевский кармалып, ага айыппул салынганын билдирди.

Ал парадда "Неберелер, силер үчүн уялам. Биз тынчтык үчүн күрөшкөнбүз, силер согушту тандап алдыңар" деп жазылган чоң атасынын сүрөтү менен басып баратканда кармалган.

Салтаевский "Настоящее время" телеканалына курган маегинде, соңку жылдары 9-май Кремлдин пропагандасына айланганын, бирок өлкөдө буга каршы чыккандар да жок эмес экенин белгилеген.

"Өлбөс полк" жүрүшүнө чыккандар негизинен согуш курмандыктарынын элесине таазим этүү менен чоң ата- чоң апалардын эрдигин эскерет. Бүгүнкү күндө мунун баары Кремлдин пропагандасына айланды. Бул нерсеге жөн карап отура албайсың. Эл Жеңиш күнүнө эч кандай тиешеси жок "Z" белгиси менен чыгып алды. Мен өз көз карашымды билдирип чыктым. Кийин балдарым "ата коңшу өлкөдө согуш болуп жатканда эмне кылдың эле?" деп сураса, өкүнбөгөндөй жооп кайтарышым керек" деди Новосибирскиде кармалган Салтаевский.

Ал шаардык прокуратура "орус армиясын дискредитация кылуу" беренеси менен айыппул салганын кошумчалады.

"ОВД-Инфо" уюму 9-майда Орусияда 82 жаран согушка каршы символика жана нааразылык акциялары үчүн кармалганын Телеграм-каналына жазды. Орус полициясы дагы 43 кишини буга чейинки билдирүүлөрү үчүн "алдын алуу максатында" кармап кеткени айтылат.

Буга чейин "Өлбөс полк" жүрүшүнө Украинадагы согушка каршы чакырыктар менен келүүгө "Весна" оппозициялык кыймылы үндөгөн. Бирок 8-майда Санкт-Петербургда анын активисттери Евгений Затеев менен Валентин Хорошен кармалып, Москвага суракка жеткирилгенин "Первый отдел" укук коргоо уюму билдирди.

Украинадагы согушка каршы пикеттин катышуучулары. Санкт-Петербург. 24-февраль, 2022-жыл.
Украинадагы согушка каршы пикеттин катышуучулары. Санкт-Петербург. 24-февраль, 2022-жыл.

Орусияда Путиндин буйругу менен аскерлердин коңшу өлкөгө басып киришине каршы митинг, пикеттер 24-февралдан бери өтүп келет. 6-мартта өткөн эки ири акцияда Орусия боюнча 2 миңден ашуун киши кармалган.

Өлкөнүн 18 шаарында 1-майдагы демонстрацияларда 200дөн ашуун адам кармалганы, алардын көбү Москва менен Санкт-Петербургда экенин, айрымдары 2-майдын таңына чейин сурак бергенин “ОВД-Инфо” басылмасы кабарлаган.

Февралдын аягында Орусия Украинанын аймагына басып киргенден көп өтпөй мыйзамдар катаалдашып, согушка каршы акцияларга көзөмөл күчөгөн.

Митинг-пикет уюштургандарга "орус армиясын каралоо", анын ичинде "социалдык тармактарда жалган маалымат таратуу" деген жаңы беренелер менен административдик жана кылмыш иштери козголууда.

"Агора" укук коргоо уюмунун маалыматына караганда, Орусияда согушка каршы билдирүүлөрү жана сөздөрү үчүн кеминде 40 иш козголгон. Айыпталуучулар 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Согуш башталгандан бери Орусияда 15 миңден ашуун адам камакка алынган. Аскердик цензура киргизилип, маалымат каражаттарына согушту мамлекеттик эмес позицияда чагылдырууга тыюу салынган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG