Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:38

Евробиримдик Беларуска катаал санкцияларды киргизет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ президенти Жо Байден жарандык учакты күч менен кондуруп, журналист Роман Протасевичти камакка алган беларус режимин кескин сынга алып, Евробиримдиктин бул жаатта кабыл алган чечимин кубаттады.

24-майдын кечинде шаркеттин лидерлери Беларуска каршы жаңы экономикалык санкцияларды киргизүүнү макулдашкан.

Тихановская кескин чараларды көрүүгө чакырды

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская эл аралык коомчулукту авторитардык лидер Александр Лукашенкого каршы бирдиктүү чараларды көрүүгө чакырды.

23-майда Беларус бийлиги Грециядан Литвага бараткан учакты «бомба бар» деген шылтоо менен кондуруп, ичиндеги оппозициячыл активист, журналист Роман Протасевич менен анын сүйлөшкөн кызын камакка алган.

Евробиримдиктин айрым лидерлери окуяны «бийликтин каракчылыгы», «теракт» деп мүнөздөшкөн.

Учурда Литвада баш калкалоого аргасыз болгон Тихановская 25-майда социалдык тармактарда жарыялаган видеокайрылуусунда «күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча» биргелешкен кадамдарды талкуулоо маалы келгенин айтты.

Евробиримдиктин санкциялары, Байдендин чакырыгы

Евробиримдиктин лидерлери 24-майда Беларуска жаңы экономикалык санкцияларды киргизүүнү макулдашып, шаркеттин авиакомпанияларын Беларус аба майданынан алыс учууга чакырып, беларус авиакаттамдарына биримдиктин аймагынан учууга жана аэропортторго конууга тыюу салууга чакырды.

Буга чейин АКШ президенти Жо Байден Минскинин аракетин «эл аралык эрежелерди түздөн-түз бузуу» деп сынга алды.

«Мен Евробиримдиктин экономикалык санкция киргизүү жана башка чараларды кабыл алуу боюнча чакырыгы тууралуу жаңылыкты кубаттайм жана өз командамды дагы шаркет жана башка өнөктөштөр, эл аралык уюмдар менен биргеликте күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча варианттарды иштеп чыгууну сурандым», -деди Байден.

Ал ошондой эле Протасевичти жана адилетсиз камалган бардык саясий туткундарды бошотууга чакырды.

Учак окуясына байланыштуу бир нече авиакомпания Беларустун аба майданынан өтүүнү токтотконун билдирди. 25-майда мындай чечимин Air France, Finnair жана Singapore Airlines компаниялары жарыялашты. Украина бийлиги да өз авиакомпанияларына Беларустун аба майданы аркылуу учууга жана бул өлкөгө каттоого 26-майдан тартып тыюу салынарын билдирди.

Протасевичтин видеосу

Беларуска каршы катаал чараларды кабыл алуу чакырыктары расмий Минск Протасевичтин видеосун тараткандан кийин күч алды.

24-майда мамлекеттик телеканалдар аркылуу көрсөтүлгөн видеодо журналист жапырт башаламандыктарды уюштурууга катыштыгы бар экенин «мойнуна алган». Мындай айып менен Беларуста адамды 15 жылга эркинен ажыратуу каралган.

Оппозиция жана Протасевичтин тарапташтары журналист бул билдирүүнү басым алдында жасаганына ишенишет.

Евробиримдик, Кошмо Штаттар жана башка Батыш мамлекеттери буга чейин да былтыр августтан берки бийликке каршы толкундоолордо 30 миңден көп адамды камап, куугунтукка алган Лукашенконун режимине каршы санкцияларды киргизишкен.

Беларус оппозициясы жана бир катар Батыш мамлекеттери 2020-жылдын август айында өткөн шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын айтып, таанышкан эмес.

Оппозиция добуш берүүнүн чыныгы жеңүүчүсү Светлана Тихановская болгон деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG