Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:45

Орусия: Зулумдар “шайлоо” түшүнүгүнүн баркын кетиришкен чактагы тандоо


Орусиядагы 2024-жылдагы президенттик шайлоо маалы. Коллаж. 15.3.2024.
Орусиядагы 2024-жылдагы президенттик шайлоо маалы. Коллаж. 15.3.2024.

Адамзат тарыхында айрым кишилерди бийлик жетекчиси жана эл өкүлү катары демократиялык жол менен тандоо мүмкүнчүлүгү көп кылымдык күрөш аркылуу калыптанган. Бирок диктаторлор жана авторитардык режимдердин башчылары ар дайым “шайлоо” түшүнүгүнүн ашмалтайын чыгарууга умтулуп келишкен. Бирок жарандык коом өкүлдөрү моюн сунбоонун ар кыл амалдарын ойлоп таап келишет. Тарыхчынын блогу.

Орусиядагы президенттик шайлоодогу атаандаштар

Көп этностуу Орусия Федерациясынын эли ушул жекшембиде (2024-жылдын 17-апрелинде) өлкөнүн жаңы президентинин атын тактайт. Бирок, кейиштүүсү, шайлоо баштала электе эле кезектеги мамлекет башчы ким болоору аныкталып калган.

Орусияда президенттик шайлоодо добуш берүү жума күнү, 15-мартта, жумушта жүргөндөрдү күргүштөтүп шайлоо бекеттерине ташып келүү менен башталган болчу. Ал эми Украинанын чыгышындагы Орусия 2014-жылдан бери убактылуу басып алган айрым аймактарда шайлоочулар “калашников” автоматтарынын “коргоосу” жана зекитүүсү астында добуш беришүүдө.

Демек, “шайлоо” деген сөздүн өзү кунун жоготкон дагы бир евразиялык окуяга күбө болуп жатабыз.

Быйылкы шайлоонун алдын ала белгилүү болгон жеңүүчүсү – 72 жаштагы диктатор. Анын аты – Владимир Путин.

Ал мамлекет башчылыгына президент Борис Ельциндин бийликтен кетип жаткандыгын жарыялаган 1999-жылдын 31-декабрындагы капысынан жасалган чечимине ылайык келген.

Мурдагы советтик КГБнын кызматкери, чалгынчы, полковник Владимир Путин президенттик милдетти аткарып калган алгачкы чагында коомчулукка өзүн либерал жана демократ катары таанытууга аракет кылган.

Орус аскерлери жарадар кылган грузиялык аял. Гори. 09.8.2008.
Орус аскерлеринин аткылоосунан жарадар болгон грузиялык аял. Гори шаары. 2008-жыл, 9-август.

Анан ал эки жолу мамлекет башчысы болуп шайланды. Баш мыйзамды “сыйлап”, орто жолдо ордун Дмитрий Медведевге бошотуп да берди, бирок аны “тактеке” катары пайдаланды. Өкмөт башчы кезинде В.Путин эгемен Грузияга кол салып, анын эки тарыхый аймагын иш жүзүндө каратып алды.

Ал эми 2012-жылы президенттик мөөнөт алты жыл болуп өзгөртүлгөндөн кийин эң жогорку кызматка кайрадан шайланып келди.

2018-жылы В.Путин президент болуп кайра шайланды (анын төртүнчү президенттик мөөнөтү 2024-жылдын 7-майында аяктайт).

Орусиянын Баш мыйзамында мамлекет башчы болуп катары менен эки жолу шайланууга болоору тууралуу чектөө бар болчу.

2020-жылы 1-июлда Орусияда конституциялык референдум өткөрүлүп, анын негизинде Владимир Путиндин буга чейинки шайланган мөөнөттөрү мындан кийинки шайлоолордо эсепке алынбай турган болду. (Ушул маанидеги көшөкөр сунушту алгач айтып чыккандардын бири – дүйнөдөгү туңгуч аял космонавт, Мамдуманын депутаты Валентина Терешкова болгондугу өтө өкүнүчтүү).

Конституциялык өзгөртүүлөрдүн бири – путинчилердин “өлкөнүн Баш мыйзамы эл аралык укукка караганда артыкчылыкка ээ болот” деген жобону Баш мыйзамга киргизип алышкандыгында болду. Бул – ар кандай диктаторлор үчүн майдай жакчу жобо.

Ошентип, Владимир Путин 2024-жылдан кийин бир гана жолу (2030-жылга чейин) эмес, 6 жылдык мөөнөткө эки жолу – 2036-жылга чейин президент болуп шайлана алат. Буга Орусиянын Башмыйзамы соп-сонун уруксат берет. Тек гана бул Башмыйзамда “падыша болуп калуу” жана “укум-тукумга мурастоо” сөзү жок.

Албетте, эч атаандашы жок шайлоону четтегилер түгүл, ички калайык деле түшүнбөй калышы мүмкүн да.

Демек, быйылкы президенттик шайлоодо В.Путинге атаандаштар жок эмес, бар. Шайлоодогу талапкерлердин тизмесин карасаңыз, төрт кишинин ысымы бакыйып жазылып турат!

Былтыркы жыл соңунда президенттикке ат салышууну көздөп чыккан баштапкы үмүткөрлөрдүн экөө гана – Мамдуманын мурдагы депутаты, физика-математика илимдеринин кандидаты, саясатчы Борис Надеждин (ал 1963-жылы Ташкенде туулган) менен Ржев шаардык думасынын мурдагы депутаты, журналист жана укук адиси Екатерина Дунцова (ал 1983-жылы Красноярск шаарында туулган) Путиндин режиминин Украинадагы баскынчыл согушуна каршы ачык сын айтып чыгышкан.

Албетте, андай “ээн ооз” атаандаштардын кайсы диктаторго кереги бар?

Баскынчыл согушка каршы чыккан бул талапкерлер мыйзамга ылайык он миңдеген кол топтошкону менен, БШКдагылар Б.Надеждин топтогон колдон кине таап, жана Е.Дунцованы колдогондор түзгөн отурумдун протоколунун текстинен грамматикалык каталарды байкашып, айтор, экөө тең президенттик шайлоого ар кыл шылтоолор менен катыштырылган жок.

Григорий Явлинский, Анатолий Рабинович, Украинада террорчу катары саналган Игорь Гиркин (Стрелков) сыяктуу орусиялык жарандар ар кыл себептер менен президенттикке талапкер катары катыша албай калышты.

Ал эми В.Путиндин режиминин жемкорлугун ырааттуу жана ачык сындап келген маркум Алексей Навальный соттолгондугуна жана абакта мөөнөт өтөп жаткандыгына байланыштуу өз талапкерлигин расмий коё алмак эмес.

Ошентип, Орусиянын БШКсынын уруксатын алып, В.Путинге каршы чыгууга “анын тиши өтө алган” үч гана талапкер мүмкүнчүлүк алышты. Бул үчөө тең Орусиянын Украинага каршы жүргүзүп жаткан баскынчыл согушун жакташат.

Алар – Мамдуманын депутаты, “Жаңы кишилер” (“Новые люди”) партиясынын өкүлү, социология илимдеринин кандидаты, 40 жаштагы Владислав Даванков (эң жаш талапкер), Мамдуманын депутаты жана ЛДПР партиясынын лидери, экономика илимдеринин доктору, 56 жаштагы Леонид Слуцкий (ал Украинага каршы баскынчыл согушту жактагандыгы үчүн 2014-жылдан бери Евробиримдик менен АКШнын чектөөлөрүнүн тизмесинде турат), Мамдуманын депутаты, коммунист, агроном, экономика илимдеринин кандидаты, 75 жаштагы Николай Харитонов мырзалар.

Булардын ичинен В.Путин жашы улуулугу жагынан экинчи орунда турат (бул жаатта да карыя Н.Харитоновдун талапкер катары катышкандыгы В.Путин үчүн жакшы болду).

Орус тектүү төрт мырзага атаандаш чыкчу эч бир аял талапкер расмий каттоодон өткөн эмес. Эгерде Екатерина Дунцова талапкер болуп катталган болсо, анда анын согушка каршы турумунун өзү эле миллиондогон орусиялыктарды “азгырып” кетмектир.

Нааразылыктын жаңы түрлөрү менен коштолгон “шайлоо”

Арийне, карапайым орусиялыктардын бир даары адилетсиздин шартында өтүп жаткан соңку добуш берүү өнөктүгүнө каршы маанайын ар кыл түрлөрдө билдиришүүдө.

Жакында орусиялык абакта набыт болгон саясатчы Алексей Навальныйдын жесири Юлия Навальная быйылкы президенттик шайлоону “жасалма жана бурмаланган” өнөктүк деп сынга алды.

6-марттагы кайрылуусунда Ю.Навальная айым өз тарапташтарын 17-мартта чак түштө өз нааразылыгын билдирүү үчүн атайын шайлоо бекеттерине чогулууга үндөдү:

Тасма. Юлия Навальная шайлоодогу нааразылык түрү тууралуу. 06.3.2024.

“Мындан ары эмне кылуу зарыл? Тандоо укугу өзүңүздөрдө. Путинден башка талапкерге добуш бере аласыздар. Бүллетенди жараксыз кылсаңыздар, (анын үстүнө) чоң тамгалар менен “Навальный” деп жазып салсаңыздар болот. Добуш берүүнүн таптакыр мааниси жок деп ойлосоңуздар, анда шайлоо бекетине барып, жөн эле туруп, анан кайра үйүңүздөргө басып кете аласыздар”, – деп Навальная видео тасмасында сунуштады.

Бул шайлоо өнөктүгүнүн жыйынтыктарын П.Путин каалашынча бурмалап алаарына эч күмөнү жоктугун да Ю.Навальная өз сөзүндө баса белгилеген.

Айтмакчы, 2024-жылдын 15-мартында, Орусиядагы президенттик шайлоодо добуш берүүнүн биринчи күнүндө, Европа кеңешинин президенти Шарл Мишел азыркы орус президенти Владимир Путинди жаңыдан башталган шайлоодогу “жеңиши” менен алдын ала куттуктады:

“Мен Владимир Путинди бүгүн башталып жаткан шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктагым келет.

Эч кандай оппозиция жок.

Эч кандай эркиндик жок.

Эч кандай тандоо жок”, — деп Шарл Мишел мырза "X" (мурдагы "Twitter") интернет тармагындагы өз барагына какшык аралаш оюн жазды.

Тасма. Орусиядагы айрым шайлоо бекеттерине чабуулдар. 15.3.2024.

Жогорудагы тасмадан көрүнгөндөй, нааразы орусиялыктар айрым шайлоо бекеттеринде добуштар чогултулчу кутуга сыя, жашыл суюк дары төгүшкөн жана шайлоо бекети жайгашкан имаратты же анын чет-жакасын же бийликчил партиянын жергиликтүү кеңсесин өрттөөгө далаалат кылышкан учурлар катталды.

Орусиялык тартип сактоо мекемелеринин кызматкерлери айрым жигердүү жарандарга атайын издеп келип, 17-март күнү чак түштү шайлоо бекетине келбөө тууралуу милдеттенме алууга көндүрүү далаалаттарын жасашкандыгы кабардалууда.

Маселен, күйөөлөрү Украинадагы согушка жөнөтүлгөн орусиялык аялдардын бейөкмөт кыймылынын мүчөлөрүнүн бири болгон Мария Андреевага Маскөөдөгү кайсы бир шайлоо бекетинде 17-мартта чак түштө болуусу ыктымал коомдук иш-чарага келбөө тууралуу прокуратуранын эскертүүсүн беришкен, бирок ал айым бул кагагазга кол коюудан баш тарткан, деп “Ёшкин Крот” Телеграм каналы маалымдады.

Маскөөдөгү нааразылык жыйыны маалында. 25.9.2011.
Маскөөдөгү нааразылык жыйыны маалында. 25.9.2011. Көрнөктө "Путин - Орусиянын ойрондолушу" деп жазылган. (Архив).

Ал эми путиндик режим Украинадан убактылуу каратып алынган аймактардагы президенттик шайлоодо алынган добуштардын жыйынтыктарын Украина түгүл, жалпы дүйнөлүк коомчулук эч тааныбай тургандыгы эмитеден анык.

Деги эле эл аралык демократиячыл коомчулук бүткүл Орусиянын бул жолку президенттик шайлоосунун жалпы жыйынтыгын да эркин тандоо натыйжасы катары эч кабыл албастыгы алдын ала айгинеленди десек болот.

Шайлоо – бул тандоо

Албетте, ар кыл коомдор, – анын ичинде жарандык коом кубаттуу болгон коомдор дагы, – өз өлкөсүн башкаруу үчүн туура кишилерди тандоо жөнүндө кыялданышкан жана өз мүдөөсүн жүзөгө ашыруу үчүн умтулушкан.

Элдин таламы менен байланыштуу шайлоо ыкмасы ар кыл доорлордо жана ар башка мамлекеттерде ар кандай түрлөрдө жүзөгө ашырыла берген.

Байыркы доорлордо, маселен, жоокер болууга укуктуу жана жарамдуу эркин эркек кишилердин курултайы аркылуу уруу башчысы, уруулар биримдигинин жетекчиси, жалпы аскер башчы жана падыша шайланган учурлар болгон.

Андан соң падышаны, ханды же мамлекет башчысын бир ууч киши (ак сөөктөр кеңеши, парламент мүчөлөрү ж.б.) шайлап калган кезеңдер болгон.

Ормон ханды, маселен, 1842-жылы курултай маалында бир катар кыргыз төбөлдөрү хан шайлашкан. Албетте, курултайга катышкандардын добуштарын бүллетен түрүндө чогултуп, калыстарын санап чыгуусу сыяктуу көрүнүштөр ал коомдо болгон эмес. Тек гана “эл жакшыларынын” орток чечими калайыкка шардана кылынып коюлган.

Бул сыяктуу хан башкарган коомдордо да бийликке жетүү жаатындагы куулук-шумдуктар көп болгон.

Маселен, айтылуу эмир Темир (аны бутунун майыптыгына байланыштуу Тимурлаң деп да аташат) Чагатай тукумунан чыккан ханды тактыдан оодарбастан, анын атынан гана башкарып, өлкөгө иш жүзүндө өзүнүн жеке аскердик бийлигин таңуулаган.

Өзү аталык деңгээлинде калып, бирок көчмөн өзбектин Миң сулалеси башкарган Кокон хандыгын эрезеге жете элек хандын атынан бийлөөгө умулган кыпчак Мусулманкул миңбашы, кыргыздардан Алымбек датка менен Алымкул лашкер башы сыяктуу мамлекет башчылар чыккан.

Тоталитардык мамлекеттерде коомго бийликтеги партиянын гана мүчөлөрүнө шайланууга жол берген бир тараптуу шайлоолор таңууланган.

Акыры, демократиялык коомдордо кишилер жынысына, тегине, расасына, динине жана саясий көз карашына карабастан шайлоого жана шайланууга акылуу болуп калышты.

Шайлоону бурмалоо үчүн пайдубал жана бурмалоо ыкмалары

Жогоруда учкай айтылгандай, адамзат үстүбүздөгү кылымга чейинки бай тарыхында шайлоонун ар кыл түрлөрүн баштан кечирип келди.

Анын натыйжасында мамлекет башчысын тандоонун эл каалаган жолу – шайлоо экендиги мектеп окуучуларына чейин дайын болду.

Дал ушундай шартта тигил же бул диктатор (жеке бийлигин орноткон зулум өкүмдар), авторитардык ар кыл режимдердин башчылары өз өлкөсүндө жана дүйнөлүк коомчулукта өзүн “заманбап мамлекет башчы” көрсөтүү үчүн шайлоо системасын колдонушат жана бул системаны өз билгениндей калчоосун улантып келет.

Мындай мамлекет башчылар өздөрү гана ишенимдүү шайлануусу үчүн, адатта, коёндой окшош саясий технологиялык ыкмаларга барышат:

өлкөдө оппозициячыл партиялар ойрон кылынат;

эркин басма сөз түп-тамыры менен кыркылат;

жарандык коомдун уюмдары баш көтөрө алгыстай тебелендиге алынат;

кайчы пикирдеги саясатчылар гана эмес, демилгелүү жана өз оюн эркин билдирген атуулдар чет-четинен өлтүрүлөт, абактарга тыгылат, сүргүнгө айдалат, чет өлкөгө бозгунга жөнөтүлөт же жиндиканаларга жаткырылат;

андай “ээн баш” саясатчылардын жана “оозу бош” айдыңдардын жакындары куугунтукталат;

чет өлкөдөн келчү эркин маалымат каражаттары бөгөттөлөт;

интернет доорунда – ар кыл эркин интернет каражаттарына тоскоол түзүлөт;

сот бийликтерине жана шайлоо комиссияларына “ляппай!” деген гана көшөкөрлөр топтолот;

коопсуздук кызматтарына көз карашын эркин билдирген жарандарды каалашынча жазалоолору үчүн тымызын сыйлыктар жарыяланат;

бир тараптуу сыналгы жана үналгы компаниялары менен мезгилдүү басылмалар жана өкмөтчүл интернет барактары тийешелүү диктатордун учурунда “жртык-тешик бүтөлүп, турмуш оңолгондугун, демократия орногондугун, сырткы жана ички душмандарга каршы коом мурдагыдан да ынтымактуу, бир муштумга түйүлгөндүгүн” ар күн-түнү 24 саат бою маашырлана жар салып турушат.

Муну менен чектелбестен, кубаттуураак авторитардык режимдер өздөрүнүн жарым-жартылай күнкор болгон коңшуларына дагы өздөрүнүн демократиялык коом үчүн зыяндуу мыйзамдарын жана эрежелерин таңуулап турушат.

Дал мына ушундай акыбал Евразияда кайсы өлкөлөрдө жаралгандыгын айтпасак да түшүнүктүү.

Бирок айрым окуяларды айтууга туура келет.

Беларустун диктатору А.Лукашенка дал ушундай ыкмалар аркылуу “түшпөс хан” болуп келет. Ал тууралуу саясий анекдоттоо да арбын.

2000-жылы 9-январда ошол кездеги өзбек президенти Ислам Каримовдун “атаандашы” катары ат салышкан бир саясатчы – Элдик Демократиялык партиянын жетекчиси Абдулхафиз Жалалов мырза шайлоо бекетинде журналисттер үчүн маек куруп, “Деги өзүңүз ким үчүн добуш бердиңиз?” деген суроого: “Албетте, урматтуу Ислам Абдуганиевич үчүн добуш бердим!” – деп мактана жооп узаткан анекдоттук учур эстен кете элек.

Эми жок дегенде Владимир Путиндин азыркы “атаандаштары” шайлоо бүткөн соң ким үчүн добуш бергендигин сураганда өздөрүнүн атын айтышаар?

Алар өз үй-бүлө мүчөлөрүнүн ары дегенде 2036-жылга чейин, бери дегенде 2030-жылга чейин бакыбат жашоосу үчүн далаалат кылып жатышпайбы, дегендер чыгаар.

Ал эми “түбөлүк падыша өз тактысынын” андан да эрте түшүп калсачы?

Көшөкөрлөр үчүн мындай “шойкомдуу” суроо эч жаралбайт ко...

Айтор, шайлоонун баркы толук кетирилген жана чыныгы тандоосу жок делген орусиялык презиненттик шайлоо учурунда да жарандар үчүн чектелүү болсо да тандоо бар...

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG