Александр Онищенко өзүн жаңы импрессионизм стилинин негиздөөчүсү деп эсептейт. Бул сүрөткер табиятты же пейзажды, Праганы жана аялдардын сүрөтүн көп тартат.
Ал 30 жыл мурда май боёк менен сүрөт тартуунун жаңы техникасын ойлоп тапкан. Ошон үчүн өз картиналарында кара өңдүү боёкту пайдаланбайт. Себеби ал сүрөттү кара кендирдин (холст) бетине тартат.
Өзү айткандай, ак кендирдин бетин шыбап кыртыштап ("грунт"), кара холст жасап алат. Бул ыкмада тартылган кыл калем сүрөттүн боёкторунун астынан кара түс нурун чачып, сүрөт муңайым тартып турат. Бирок картинанын кара сур ажарында эч кандай убайым-санаа жок.
Мен теги украиналык чех сүрөткери менен анын Прагадагы менчик сүрөт галереясында (Galerie Jakubská) кездештим. Көрсө, художник кара кендирге сүрөт тартууну СССР темир көшөгөсүн эми ачкан 1987-1988-жылдары жайкысын Болгарияда мардикерлик кылып жүргөндө баштаган экен.
- Мен бул техниканын толук автору эмесмин. Себеби бул техника миниатюрада колдонулчу. Биз аны кыл алем өнөрүндө (живописте) колдондук. Биз дегеним: менин досум Михаил Слуцкер жана мен. Михаил менен чогуу баштаганбыз, бирок кийин ал таштап койду. Мен болсо өнүктүрө бердим. Бүгүн ал техника бүтүндөй дүйнөгө жайылды. Италияда ал түгүл кара негиздеги холсттор сатылат. Мени унутпай, шыралга жиберип турган художниктер да бар. Анткени, мен аларды бул жаңы техникага шыктандырдым да. Бүгүн Ютюбда (YouTube) береги техникада иштөөгө үйрөтчү дарстар да бар. Мен ал техниканы жаңылып-мүдүрүлүп жатып ойлоп таптым. Менде холстту даярдоо боюнча өз технологиям бар. Изденген адам өз технологиясын табат да.
Адистер Александр Онищенкону сүрөт тартуу стили боюнча авангарддык агымга жана неоимпрессионизмге кошушат. Ал өзүн жаңы импрессионизмдин негиздөөчүсү деп эсептейт.
Ырасында эле, сүрөткердин Праганын чатырлары сериясын, “Сейил”, “Кызгалдактар”, “Көпүрө”, “Чөп жыйуу” жана башка эмгектеринен импрессионизмдин таасири айкын байкалат.
Бирок сүрөттүн түп кыртышындагы кара кендир картинага өзгөчө салмак берип, табышмактуу кылып турат.
Сүрөткер Онищенко Чехияда 1991-жылдан бери жашайт. Оболу атактуу Карл көпүрөсүндө сүрөт тартып жан бакчу. Бирок издемчил сүрөткер жалаң кардарлардын табитине ылайык сүрөт тартып чектелбей, өз дүйнө кабылдоосун картиналарында бергенге умтулат.
Ага көркөм өнөр таануучулар көңүл буруп, ал Чехиядан тышкары Франция, Германия, Швейцария, Грекия, АКШ жана башка өлкөлөрдөгү көргөзмөлөргө үзбөй чакырыла баштайт. Акыркы жылдары Түштүк Азия өлкөлөрүнө да устаттык сабактарды (мастер-класстарды) өткөрүү үчүн көп чакырылчу болгон. Ал эми 1990-жылдардын башында Онищенконун эмгектерин өз кесиптештери эле "былжырбай", “бирөөнүн тонун кийгизүү” деп сындашып, жактырышкан эмес. Мунун баарын сүрөткер талыкпаган эмгек менен жеңгенин айтты:
- Бир нерсени күн сайын эле кайталап айта берсеңиз, акыр-аягында адамдар сиздин ошо сөзүңүзгө ишене баштайт. Сиз көшөрө кайталап жатып, өзүңүзгө башкаларды ишендиресиз... Менимче, көпчүлүк ар кандай эксперименттен тажады окшойт. Алар түшүнүктүүлүктү каалашат да. Турмушта художниктер көккө көкөлөп чыккан жана алар жерге тебеленген мезгил болот. Мен Чехияда ушул эки мезгилди тең башымдан өткөрдүм. Элде бир учурда чыгармачылыкка, жаңы нерсеге болгон кызыгуусу күчөйт. Бир учурда сүрөткер коомго керексиз болуп калат. Экономикага, саясатка байланыштуу мындай учурду ар кайсы эл өз башынан өткөрсө керек. “Замбирек атып атканда, муза үнсүз телмирет” да...
Александр Онищенконун чыгармаларында аялдар темасы өзгөчө орунда турат. Сүрөткер өз картиналарында мээнеттин жүгү баскан аялдарды тартпайт. Ал кыялкеч бийкечтердин гүлдөй үлбүрөгөн жана абада каакымдай калкып жүргөн абалын тартат.
Мисалы, “Асман менен Жердин ортосунда” деген сүрөтүнүн таржымалы жөнүндө художник мындай деди:
- Бул конкреттүү аял. Картинанын аталышы ошол аялдын сөзүнөн алынган. “Мен булуттардын үстүндө жашаган адам сыңары жашап жатам. А мен жерде жашагым келет” деп айткан ал аял. Ушинтип ал картина жаралган. Ал бирок жаңы тема эмес. “Чүргөп салма халтура”. Бирок аялдарга жагат. Себеби алар асманда жүргөндү каалашат. А биз - сүрөткерлер - сыйкырчыбыз. Аялдар эмне кааласа, аны жасап бергенге даярбыз. Ал аял (мени таштап) кетти,сүрөтү калды.
Мен сүрөткерден “Сиз бирок өз эмгектериңизде аялдардын бейнесине кайра-кайра кайрылып жатысыз. Бул эмне, аялдарга болгон өзгөчө сүйүүбү?” деп сурадым.
Бул суроомо алтымыштын кырындагы сүрөткер мындайча жооп берди:
- Бул талуу маселе. Аялды сүйүү үчүн аны менен токойдо жашоо керек. Аялды узактан туруп түшүнүү абзел. Жакындан туруп түшүнүү өтө кыйын иш. Себеби аялдар бизге - эркектерге абдан катуу таасир этишет. Биз алардын алдында алсыз бир жандыкка айланабыз. Мен ошон үчүн адамдар жок жайда - Мельниктеги эски чиркөөдө жашайм. Абдан символикалуу, абдан медиациялуу жай. Ал жерде элдин баарын жакшы көрсөң болот.
Сүрөткер Онищенко өзү Прагадан 30 чакырым алыстагы Мельник шаарынын четиндеги тарсалардын эски ибадатканасында (костёлдо) жашайт.
Сүрөткер үчүн аял киши – табышмак, сырын тереңде каткан керемет дүйнө. Аялдарга суктануу керек, аздектеп мамиле кылуу керек. Себеби, аял - эне деп тегин айтылбаган, дейт сүрөткер.
- Биринчиден, аял - бул эне. Аялдар биз менен канчалык талашып тартышпасын, бала төрөп, тукум өчүрбөй турат. Ушуну менен баары айтылды. Маселе жабылды. Ошентсе да, мен үчүн аял киши ажайып бир зат. Эмне гана айтпасын, эмнени гана каалабасын, канча чырлашпасын, аял киши өзүнүн кандай ажайып экенин түшүнбөйт. Ал эми ажайып нерсе менен тил табышуу мүмкүн эмес. Аны менен кантип макулдашса аласын? Аялдай укмуш затка токойдо чогуу жүрүп суктануу жана аваз кылуу гана мүмкүн. Бирок кол тийгизгенге болбойт. Себеби, кол тийгиздиңиз дегиче, бала жаралат...
Онищенконун айтымында, чехтер жалпысынан көркөм өнөрдү, анын ичинде кыл калем өнөрүн (живосписти) сүйгөн эл. Бекеринен кубизмдин мекени Чехия саналбайт.
- Мен пицца жасап саткан жайга барсам, пиццерияда иштегендер мага “мистер” же “мырза” деп кайрылышат. Бул чехтердин канына сиңген салт. Себеби колунан кандайдыр бир иш келген адамдарга жана чыгармачыл инсандарга урмат-сый менен мамиле кылуу бул элдин маданиятында бар. Кечиресиз, кайсы чехтин үйүнө кирбе - кары болобу, жаш болобу, айырма жок - ар бир үйдө сүрөт бар. Кайдагы бир ич көйнөкчөн аялдардын плакаты эмес - оригиналдуу сүрөт илинип турат. Тааныш сүрөткердин эмгеги. Ал сүрөттөрдүн деңгээли башка сөз. Кимдир бирөөлөрдүн үйүндө баасы бир нече миллион крондук классиктин эмгектери илинип турса, экинчи бирөөлөрдүн үйүндө жөнөкөй көчө сүрөткеринин чыгармасы илинген. Чехтер сүрөттөрдү үйүнүн көрүнүктүү жерине илишет. Ошон үчүн алар сүрөтчүлөргө урмат менен мамиле кылышат. Демек, бул элдин болочокто жашоого укугу бар.
Ырас, чыгармачыл дараметин тынбаган эмгек жана изденүү менен айкалыштырган Александр Онищенконун сүрөттөрүнөн француз импрессионисттеринин күчтүү таасири байкалат. Бул, бирок, улуу чеберлерди Клод Моне, Огюст Ренуар, Камил Писсарио жана башкаларды сыртынан тууроо эмес. Бул - импрессионистер тиккен бакты асырап, багбан сыяктуу улам жаңы көчөттөрдү отургузуу.