Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:21

Он бир журналисттин иши: сот отуруму жылды, эл аралык уюм кыргыз бийлигине кайрылды

16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун мурдагы жана азыркы журналисттеринин үйүндө тинтүү болуп, милиция аларды суракка алып кеткен.

12:43 16.1.2024

12:44 16.1.2024

Чолпонбек Абыкеев "журналисттер жоопкерчиликтүү болушу керектигин" айтты

Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев Кыргызстанда көз карандысыз медиалардын журналисттеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, суракка жеткирилиши тууралуу “Азаттыкка” комментарий берди.

Ал "журналисттер менен социалдык тармактын айрым колдонуучулары жоопкерчиликти сезбей, элди дүрбөткөн маалыматтарды жарыялап жиберген учурлар бар экенин" айтты.

“Сөз эркиндиги менен демократияны анархияга алмаштырып албашыбыз керек. Мыйзамды бузбай, маданияттуу сүйлөгөндү үйрөнөшүбүз керек. “Мен оюмду айтып койсом эле камап атышат” деп айтышууда. Сен пикириңди айта бер. Бирок элди “көчөгө чыгалы, эмне жатасыңар, баарыңар чогулгула” дебе да. Качан ушундай чакырыктар болгондо бул мыйзам бузууга кирет. Ал эми бийликтин иши же кайсы бир киши жакпаса жеке пикириңди айтсаң болот”, - деди ал.

16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын журналисттеринин үйүндө тинтүү болуп, укук коргоо кызматкерлери аларды суракка алып кетти.

12:45 16.1.2024

Temirov Live долбоорунун жетекчиси Махабат Тажыбек кызын милиция алып кетти

Temirov Live долбоорунун жетекчиси жана иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызын милиция алып кетти. Кабарчыбыздын маалымдашынча, аны кеңседе тинтүү жүргүзгөндөн кийин милиция кызматкерлери алып чыгышкан.

Тажыбек кызы журналисттерге өзүн Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын арызы боюнча ички иштер министри Уланбек Ниязбековдун буйругу менен кармап баратышканын айтканга үлгүрдү.

Ал ошондой эле адвокаттан баш тартпаганын да билдирди. Мурдараак адвокаттардын кеңсеге кирүүсүнө уруксат берилген эмес, милиция кызматкерлери Махабат Тажыбек кызы адвокаттан баш тартып жатканын билдиришкен.

12:47 16.1.2024

Депутат Икрамов: журналисттерди суракка алуу демократияга тескери таасир этет

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Кыргызстанда журналисттер менен эркин жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу акыркы окуялар сөз эркиндиги менен демократияга кедергисин тийгизе турганын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы расмий баракчасына жазды.

“Буга чейин укук коргоо органдары тарабынан 24.kg маалымат агенттигинин кызматкерлери суракка чакыртылса, бүгүн таң эрте онго жакын журналисттин “баш аламандык уюштуруу” шеги менен үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүшү жана суракка алынышы өлкөдөгү сөз эркиндигине, демократиялык процесстерге терс таасирин тийгизет. Бул кадам эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууда ишенбөөчүлүк жаратат”, - деп жазды Тазабек Икрамов.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG