Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:38
 Махабат Тажибек кызы жана Азамат Ишенбеков сот чечими чыккандан кийин. 10-октябрь, 2024-жыл. Коллаж
Махабат Тажибек кызы жана Азамат Ишенбеков сот чечими чыккандан кийин. 10-октябрь, 2024-жыл. Коллаж

Он бир журналисттин иши: Махабат Тажибек кызы алты, Азамат Ишенбеков беш жылга кесилди

16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун мурдагы жана азыркы журналисттеринин үйүндө тинтүү болуп, милиция аларды суракка алып кеткен.

16:23 10.10.2024

14:30 10.10.2024

12:56 10.10.2024

Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Кылычбек Истамкулов 10-октябрдагы жараянда он бир журналисттин иши боюнча өкүм окуп жатып, Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси жана негиздөөчүсү Махабат Тажибек кызы менен Болот Темировдун жашы жете элек баласын комкордукка алуу маселесин чечүүнү Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына тапшырды.

"Тажибек кызы Махабаттын жашы жете элек баласы Темиров Азат Болотовичти тууган-туушкандарына же башка адамдарга камкордукка же көзөмөлгө берүү жөнүндө маселени чечүү алар жашаган жери боюнча Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына милдеттендирилсин".

Махабат Тажибек кызы 33 жашта. "Темиров LIVE” редакциясынын негиздөөчүсү, Кыргызстандан чыгарылган журналист Болот Темировдун жубайы. Алардын ортосунда 12 жаштагы уулу бар.

Буга чейин Темиров уулунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн 16-январь күнү Бишкекте жашаган жубайын кармоо учурундагы тинтүүдө милиция кызматкерлери алып кеткенин, жубайына баласын "балдар үйүнө өткөрүп саларын" айтып коркутканын маалымдаган. Кийин уулунун күбөлүгүн милиция кызматкерлери таенесине кайтарып бергенин жазган.

12:51 10.10.2024

11 журналистке карата өкүм чыккан жараянга "Азаттыктын" кабарчысы барды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG