Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Сот Олжобай Шакирди пробация менен эркиндикке чыгарды

Жаңыланды

Олжобай Шакир.
Олжобай Шакир.

Жогорку сот жазуучу жана публицист Олжобай Шакирди күнөөлүү деп таап, аны үч жылдык пробация менен эркиндикке чыгарды.

Бүгүн, 8-октябрда Жогорку сотто акын Олжобай Шакирдин кассациялык арызы каралып, соттук коллегия аны үч жылдык пробациялык мөөнөт менен абактан бошотуу чечимин кабыл алды. Жогорку соттон чечим дароо күчүнө кирерин тактады. Ошондой эле сот чечими даттанууга жатпайт.

Адвокат Акмат Алагушев Олжобай Шакир жакынкы күндөрү абактан чыгарын билдирди.

“Ал үч жыл бою Пробация департаментине барып турушу керек. Бул убакыт ичинде мыйзам бузбаса, эч кандай чара колдонулбайт”, - деди Олжобай Шакирдин адвокаты Акмат Алагушев.

Жогорку соттогу отурумда Олжобай Шакирдин туугандары, кесиптештери жана маданият өкүлдөрү катышты. Олжобай Шакирдин агасы Жакшылык Эгембердиев инисинин абактан бошотулушу “акыйкат болгонун” айтты:

“Биз ушул күндү күткөнбүз, ушундай болоруна ишенгенбиз. Акыйкаттык бар экен. Демек, баары жакшы болот. Силерге, элге рахмат”.

14-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту Олжобай Шакирди беш жылга эркинен ажыраткан. Чүй облустук соту 15-июлда өкүмдү күчүндө калтырган.

Жазуучу чечимге “адилетсиздик” деп баа берген. Анын адвокаттары эки инстанциянын чечимине каршы кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрылган. Жогорку соттун чечими дароо күчүнө киргендиктен, Олжобай Шакир жакынкы күндөрү тергөө абагынан бошотулат.

Укук коргоочу, жарандык активист Бурул Усманалы Олжобай Шакир толук акталышы керек деп эсептейт.

“Пробация менен чыгаруу - кыйтырлык механизм. Түрмөдөн чыгарып, бирок эркиндигин кайырмакка илип коёт. Абактан чыкканына аябай сүйүнүп жатабыз, анткени үй-бүлөсү дагы жүдөдү. Кыргызстанда мыйзамдар толук иштесе, акталат болчу”, - деди укук коргоочу.

14-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту Олжобай Шакирди беш жылга эркинен ажыраткан. Чүй облустук соту 15-июлда өкүмдү күчүндө калтырган. Жазуучу чечимди “адилетсиздик” деп айткан. Анын адвокаттары эки инстанциянын чечимине каршы Жогорку сотко апелляциялык арыз берген.

Олжобай Шакирге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козголуп, 2023-жылы 23-августта кармалган. Учурда №1 тергөө абагында кармалып турат.

Прокурор сотто Олжобай Шакир интернетте адамдарды “жапырт башаламандыкка чакырган постторду бай-байма жарыялап келгенин” айтып, “булардын тизгинин кагыш керек” деген сөзү азыркы “бийликтин кадыр-баркына шек келтирген, коомдук коопсуздукка карата оор кылмыш жасаган” деп билдирген.

Жазуучу коюлган айыпка макул болгон эмес. Ал камалганга чейин президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди дебатка чакырган.

2023-жылы 31-августта онлайн митинг өткөрүү тууралуу демилге көтөргөн. Мындай аракети калайман башаламандык уюштурууну билдирбесин айткан.

Олжобай Шакир камалганда аны бошотуу өтүнүчү менен коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү бийликке кайрылышкан.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2023-жылы 6-декабрдагы брифингде бул окуя боюнча комментарий берип, “Олжобай Шакир тарбиялык максатында камакка алынганын" айткан.

“Тарбиялык эле болуп жатат. Эч ким Олжобай Шакир менен касташып же артынан түшүп, үй-бүлөсүнөн ажыратып, кылмышкер кылып түрмөгө каматкан жок. Кээ бир учурларда мамлекеттин функциясы болот, коомчулукту өзүнө келтиришибиз керек”, - деген Байсалов.

Олжобай Шакир ким?

Олжобай Шакир деген ат менен таанылган 53 жаштагы Олжобай Эгембердиев камалганга чейин журналисттик иликтөөлөрдү жасаган Temirov Live командасы менен да тыгыз кызматташып жүргөн. Бул топто төкмө акын Болот Назаров да иштеп жүрүп, камакка алынган чакта да социалдык тармактардан бийликке карата ачуу сын-пикир жазганы менен белгилүү.

Жазуучу, акын, публицист катары таанымал Олжобай Шакир 2017-жылдары “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы жеке сайтын негиздеген. Сайт "Улут үлгүсү" жана "Улут абийири" сыйлыктарын уюштуруп, коомчулукта кадыр-баркка ээ, коомчулуктун көйгөйүн көтөрүп келген ишмерлерге берилип келет.

"Үшкүрүк", "Өзүм менен өзүм" аттуу поэтикалык жыйнактардын; повесть, аңгемелерден турган "Эски тегирмендин орду" жыйнагынын жана тарыхый темада жазылган "Куюн доор" романынын автору. 2021-жылы ЛГБТ чөйрөсүнүн өкүлдөрү кабылган оор тагдырды чагылдырган “Адам+” аттуу повестин чыгарган.

Мындан сырткары калемгер борбордо китеп жарманкелерин да уюштуруп жүрөт. Былтыр февраль айында борбордогу Novotel мейманканасында “Сөздөн ишке” аталышында китеп форум өткөрүп, “Адам укугу – учурдагы кыргыз адабияты”, “Адабий сындын сапатка таасири”, “Кыргыз качан сапаттуу китеп окуйт?”, “Котормо өнөрү – маданият көпүрөсү”, “Адабияттын креативдүү экономикадагы орду” деп аталган талкууларды уюштурган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG