Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Талаштуу мыйзамга байланыштуу коомдук талкуу өттү


Бул коомдук талкууга көптөгөн укук коргоочулар катышкан жок. Негизинен депутаттарды колдогондор отурду.

Өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик талкуу өттү. Укук коргоочулар талкуу карантин режимине карабастан өткөрүлө турганын сынга алышты. Көбү талкууга катышкан жок, айрымдары Ак үйдүн тышында акция өткөрүштү.

Талкууда Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов мыйзам сөз эркиндигин чектебей турганын билдирди.

"Мыйзам кабыл алынса элдин баарына ачык маалымат берилет. Силердин кылып жаткан ишиңер түз жетсе, элдин да ишеними болот. "Сөз эркиндигине кысым болот" деген сөздөр буга чейин да айтылып келген. Бул мыйзам кабыл алынса, эч кандай чектөө болбойт. Мыйзамда кайсы бир мамлекеттик орган көзөмөлгө алсын деген да сөз жок".

Бирок демилге жарандык коомдун өкүлдөрүн, парламент мүчөлөрүн жана эл аралык коомчулукту тынчсыздандырып жатат.

Парламенттик угууга катышкан Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело өкмөттүк эмес уюмдардын ишин көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбооруна тынчсыздануусун билдирди.

"ӨЭУ көбүнчө өкмөт менен муктаж адамдардын ортосундагы көпүрө болот. Активдүү коомдук лидерлердин жардамы менен алар калктын аялуу катмарына, анын ичинде майыптыгы барларга, ВИЧ менен ооругандарга, гендердик запкынын курмандыктарына, радикалдашуу жолунда турган жаштарга жардам берүүдө өкмөткө көмөктөшөт. Калктын мындай катмарынын реинтеграция болушуна, гүлдөгөн коом түзүүгө жардам берет".

Озонниа Ожиело мыйзам долбооруна жарандык коом, коомчулук, айрым депутаттар, эл аралык коомчулук олуттуу тынчсызданып жатканын айтты.

Документтеги сунуштар БУУнун Адам укугу тууралуу кеңешинин резолюциясына каршы келери тууралуу Венеция комиссиясынын мүчөлөрү менен БУУнун баяндамачыларынын эксперттик пикирин окуп берди.

Кыргызстан узак жылдар бою демократияны тааныган өлкө катары эл аралык чөйрөдө аброюн сактап келатканын, мамлекетте эркин жыйын, ассоциация, сөз эркиндиги бар экенин эске салды. БУУ аталган мыйзам долбоору Кыргызстандын эл аралык аренадагы аброюна доо кетирет деп бушайман болуп жатканын кошумчалады.

Учурда социалдык тармактарда жана укук коргоочулар арасында бул талкуу сынга кабылды.

Айрым укук коргоочулар талкууга кирбей калганын айтышып, Жогорку Кеңештин алдында акция өткөрүштү.

Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүүчү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов баштаган депутаттар тобу иштеп чыгып, коомдук талкууга январь айынын башында койгон.

Март айынын башында Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган. «Макул» деп 100 депутат добуш берип, тогуз депутат каршы болгон.

Эгер мыйзам кабыл алынса, коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттүү болот. Бул талапты аткарбаса мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG