Атайын кызмат мал-жандыкты коңшу өлкөлөргө сатуу боюнча коррупциялык схема түзгөн, бул болсо эттин кымбатташын шарттаган деп билдирүүдө.
Кыргызстанда соңку учурда эт кескин кымбаттап, анын баасын көзөмөлдөөгө мамлекет киришүүдө. Айрым жетекчилер түздү делген коррупциялык жол буга жол бердиби же башка себептери барбы?
Коррупциялык схема уюштуруу
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Самат Насирдинов баш болгон төрт адам мал-жандыкты экспортко чыгаруудагы коррупциялык схемага шек саналып кармалганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, июль айында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана өлкө ичинде эттин баасын турукташтыруу максатында малды экспорттоого квота киргизилген.
УКМК суу ресурстары, айыл чарба министринин орун басары Самат Насирдинов, Ветеринардык кызматтын директору Улугбек Кожобергенов баштаган бир нече адамды кармаганын 20-августта жарыялады.
Маалыматка ылайык, бул адамдар кызмат абалынан пайдаланып, мал-жандыкты коңшу өлкөгө сатууга квота берүү боюнча коррупциялык схеманы уюштурууга шек саналууда.
“Адамдардын малы бары жөнүндө актылар Айыл чарба министрлигинин кызмат адамдарынын көрсөтмөсү боюнча райондук ветеринардык башкармалыктардын кызматкерлери тарабынан бурмаланган”, - деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.
Ортомчу болгон ишкерлер мыйзамсыз алынган квоталарды дыйкандарга жана малды экспорттоо менен алектенгендерге бир бодо малга 300 доллардан, майда жандыкка 5 миң сомдон сатышканы аныкталган. Атайын кызмат бул коррупциялык схемадан 40 миңден ашуун бодо мал Жалал-Абад облусу аркылуу Өзбекстанга мыйзамсыз чыгарылып, өлкөдө эттин кымбатташына себеп болгонун кошумчалады. Шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.
Айыл чарба министрлиги атайын кызмат кармаган кызматкерлери тууралуу комментарий берип, тергөөнүн кызыкчылыгын эске алуу менен азырынча иштин жагдайларын ачыктоого мүмкүн эместигин, бирок министрликтин кызматкерлери милдеттерин так жана кынтыксыз аткарууга дайыма аракет кылып келатканын билдирди.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев аталган схемалар боюнча парламентте бир нече жолу маселе көтөргөн.
Жогорку Кеңештин 29-январындагы жыйынында Акаев Ветеринардык кызматтын жетекчилигинин ишмердигин текшерүүнү талап кылган:
"Жаңы жыл алдында "коррупция" боюнча абдан чоң мыйзамды кабыл алдык. Азыр бүт министрликтерде, мекеме-ишканаларда, коррупциянын алдын алуу, ага каршы күрөш боюнча түшүндүрүү иштери кызуу жүрүп жатат. Биз адамдардан акча алгандар менен күрөшүп жатабыз. Бирок малдан акча алгандар менен күрөш эмнегедир жакшы жүргөнүн байкай элекмин. Мен Ошко барганымда бир нече ишкер мага кайрылды. Алардын айтымында, Өзбекстанга жумасына 15-20 миңге жакын мал экспорт болот. Ошо жерде Ветеринардык кызматтын жетекчисине деп акча чогултушат экен. Жаш жигит дейт, Улукбек деген. Ишкерлер ага бир баш мал үчүн 100 сомдон чогултуп берип турат экен. Мен бул тууралуу бир эмес, бир нече ишкер менен сүйлөшсөм, баары маалыматты тастыктап атат. Мына ушу маселе боюнча мен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге да кайрылат элем. Ветеринария кызматынын азыркы жетекчисине олуттуу, тез арада чара көрөсүздөр деп ишенем. Ошол жердеги ишкерлер муну тастыктап берет".
Кыргызстанда соңку учурда эттин баасы кымбаттап, аны көзөмөлгө алууга мамлекеттик органдар киришкен.
11-августтан тарта анын баасына 90 күнгө мамлекеттик көзөмөл киргизилген. Мындай чечим баанын негизсиз кымбатташына жол бербөө жана калк үчүн өнүмдөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында кабыл алынган. Ошондой эле мал-жандыкты сыртка ташуу убактылуу токтотулган.
Агенттик бекиткен баага ылайык, аймактарда жана борбор калаада уйдун эти 650-680 сомдон, койдун эти 670-690 сомдон сатылууга тийиш. Азыр мекеме кызматкерлери аймактарда рейд жүргүзүп, базарларда, эт саткан дүкөндөрдө текшерүү жүргүзүп жатат.
Сыртка сатылган мал - баалардын өсүшү
Адистер мал-жандыкты сыртка сатуу эттин кымбатташынын себептеринин бири экенин белгилешет.
Экономист Төлөн Абдыров эттин баасын ооздуктоо боюнча мамлекеттин аракеттери кайсы бир деңгээлде жакшы экенин, бирок анын таасири убактылуу экенин белгиледи.
Мындан улам Айыл чарба министрлиги тийиштүү адистер менен бул тармакты терең талдап, анын жыйынтыгына ылайык иш алып барса, дурус болмок деген пикирде.
"Биз дароо эле бааларды токтотуп койсок, анда бул кадам экономикага, товар жүгүртүүгө, бизнесмендердин иш алып баруусуна терс таасир тийгизет. Маселен, малга чоң чыгым коротуп атса, биз аларды ооздуктап атсак демек ал кийин малдын баарын союп, башка ишке өтүп кетет. Экинчиден, ортомчулардын ролу кандай болуп атат? Балким малды багып, аны саткандардан алып, кайра кымбат сатышса, аларга чаралар колдонулсун. Ушундай жаатта талдоолорду жүргүзүп, анан гана чектөө киргизбесек, бул тармакка зыян келтирип коюшубуз мүмкүн. Арзан, ылаңдаган мал союлуп, бул өз кезегинде элдин саламаттыгына терс таасир этет. Туура, мамлекет социалдык маанидеги товарларга көзөмөл киргизгенин колдойм. Бирок бул үчүн талдоо жүргүзүп анан чечимдер кабыл алынышы керек. Ким орто жолдон чоң пайда көрүп атат деген да маселе турат".
Ал эми фермер Нураалы Ибраев болсо бул жааттагы коррупциялык иштерди жок кылыш керек, бирок өлкөдө багылган малдын экспортун дароо токтотуп коюу да болбойт деген пикирде:
"Быйыл чөптүн баасы арзан. Былтыр болсо чөп аябай кымбат болгон. Ошол кезде мал өзүн өзү актабай калат, себеби жем-чөбү жарым баасынан ашат. Былтыр бир түк чөптү 500, жемдин бир килограммын 19 сомдон алып калган элек. Мисалы бир бодо малды байлап, сатыкка даяр кылуу үчүн 6-7 ай керектелет. Ал күнүнө 3 килограмм чөп жейт, андан тышкары чөбү бар. 6-7 айда кунун көп жеп коет. Тоют арзаныраак болуп жатканы менен эт кымбат. Биз дагы чыгымдарга жараша аа коебуз, бирок ортодо алып сатарлар малды бизден арзан алып, аны кымбат сатышат. Ошого да эттин баасы өсүп атат. Азыр эттин килограммын дүңүнөн 540-550 сомдон беребиз. Быйыл боордогонго 20-25 баш киргизебиз, жазында алып чыкканыбызда кандай баа болорун билбейм".
Май айында Улуттук статистика комитети январдан бери уйдун этинин баасы 6%, кой этиники 10,9% жана жылкыныкы 7,1% жогорулаганын билдирген. Базарларда, соода жайларда мындан дагы кымбат сатылып жатканы айтылган. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекеттик ишканалар уйдун этин сырттан дагы сатып алууда. Быйылкы жылдын башынан бери бодо мал, жылкы жана үй канаттууларын Орусиядан импорттоо көрсөткүчү беш эседен 10 эсеге чейин өскөнү кабарланган.
Шерине