Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

Өзбекстанда кримтөбөл, "мыйзамдагы ууру" кармалды


Өзбекстандын укук коргоо органдары "Салимбай байбача" деген каймана ат менен таанымал ишкер Салим Абдувалиев 1-декабрда кармап, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганы кабарланды. "Бахти Ташкентский" деген каймана ат менен таанылган кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү, 52 жаштагы Бахтияр Кудратиллаев да кармалды.

Мындан тышкары күч кызматкерлери кримчөйрөдө "Кара Гафур" атыккан дагы бир ишкер Гафур Рахимовду да издеп жатканы айтылууда.

Азырынча расмий Ташкент бул кармоолор тууралуу маалымат бере элек.

"Салимбай байбача" кармалганы кабарланды

КМШда "Салимбай" жана "Салимбай байбача" деген каймана ат менен таанымал ишкер Салим Абдувалиевди 1-декабрда укук коргоо органдары Ташкенттеги үйүндө кармаганын "Эльтуз" өзбек сайты жазып чыкты. Маалыматта аны менен кошо жанындагы адамдарды укук коргоо органдары автобус менен үйүнөн алып кеткени кабарланды.

Кийинчерээк ушул эле сайт 73 жаштагы Абдувалиевдин абалы кескин начарлап кеткенин, "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилгенин кабарлаган. Тамчылатма (капельница) ийне сайылгандан кийин аны дарыгерлер үйүнө жөнөтүшкөн. Бирок жолдон аны тартип сакчылары кармап, Ташкенттин ички иштер башкармалыгына жеткирилген.

Дүйшөмбүдө Kun.uz сайты өз булагына таянып, Өзбекстандын укук коргоо органдары Абдувалиевдин үстүнөн тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын жазды. Укук коргоо органдары азырынча жогорудагы маалыматтарды тастыктай элек.

Бирок Daryo.uz сайты Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Шахрух Гиёсов менен байланышып, ишкердин камалышы тууралуу комментарий сураган. "Биз тактап, расмий маалыматтарды берип жатабыз. Кабар чыкса эле жарыялайбыз", - деген жооп алган.

"Салимбай байбача" деп таанылган Салим Абдувалиев Борбор Азияда таасирдүү криминалдык төбөл катары белгилүү. Буга чейин Wikileaks сайты Салим Абдувалиевдин орус президенти Владимир Путин менен жакшы байланышы бар деген маалымат тараткан. Тергөөнүн документтерине таянып, алгач жумуштан айдалган, кийинчерээк ууландырылган ФСБнын полковниги Александр Литвиненконун өлүмүндө орус президенти Путиндин жана өзбек криминалынын изи бар экенин да жазган.

WikiLeaks сайтында Салим Абдувалиев жөн гана мамлекеттик кызматкер, жеке ишкер эле эмес, бийликке түздөн-түз таасир этүү аркылуу Өзбекстанда майлуу-сүттүү кызмат орундарын сатууга адистешкен "криминалдык аталык" катары да сыпатталган.

Абдувалиев 2017-жылдан бери Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары жана Күрөш ассоциациясынын төрагасы болгон.

2018-жылы өзбек олигархы "Салимбай байбачаны" Кыргызстандын "тиреги" деп мактаган аткаминерлердин видеосу тарап, катуу талкууга айланган. Бир мүнөткө жетпеген видеодо өзбекче чапан жана баш кийим кийген эки киши орус тилинде "Салимбай байбача" кыргыз эли менен бирге экенине сыймыктанышарын айтып, ал кишини "Кыргызстандын тиреги" деп даңазалап, президент Сооронбай Жээнбековду колдоорун билдиришкен. Өзбекстандык олигарх эки өлкөнүн достугу бекемделе беришин каалаган.

"Кара Гафур" изделүүдө

Мындан тышкары күч кызматкерлери кримчөйрөдө "Кара Гафур" атыккан дагы бир ишкер Гафур Рахимовду издеп жатканы кабарланды. Ал Ташкенттеги үйүндө жана дачасында табылбаган соң Өзбекстандан чыгып кетиши мүмкүн деген кеп катарды.

Гафур Рахимов.
Гафур Рахимов.

Мурдагы мушкер Рахимов 2018-жылы Эл аралык бокс ассоциациясынын (AIBA) президенти болуп шайланган. Бирок Эл аралык Олимпиада комитети Рахимовдун биротоло кызматтан кетишин талап кылган. Аны Кошмо Штаттардын Рахимовду кылмыш чөйрөсү менен байланышта деп санкция салганы менен негиздеген. 2019-жылы ал федерациянын башчылыгынан биротоло кеткен.

Белгилей кетсек, Шавкат Мирзиёев 2016-жылы президенттин милдетин аткара баштаганда Интерпол "уюшкан кылмыштуу топтун лидери" делген Гафур Рахимовду издөөнү токтоткон.

Бирок Рахимов биринчи жолу АКШнын Финансы министрлигинин санкциялык тизмесине 2012-жылдын 23-февралында киргизилип, "Евразиядагы кылмыштуу синдикаттын" лидерлеринин бири катары сыпатталган. Документте Рахимов Борбор Азиядагы баңгизат соодасына аралашкан өзбекстандык криминалдык лидер катары сыпатталат.

Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.

"Бахти Ташкентский" кармалды

2-декабрда Ташкент шаардык полициясынын кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо боюнча жапырт рейддер өткөрүлүп жатканын билдирген. Ички иштер министрлиги өлкө аймагында криминалдык кырдаалды жөндөө боюнча 40 күндүк акция өткөрүлөрүн жарыялаган. Ал 31-декабрга чейин уланары кабарланган. Акциянын алкагында Фергана облусунда ар кандай кылмыштуу топтордун 20дан көп мүчөсү кармалганы маалым болду.

27-ноябрда эрежесиз мушташ менен машыккан, Инстаграмда 1,3 млн катталуучусу бар Хумоюн Тухтамуродов кармалган. Ал "бандиттик топ түзүүгө аракеттенип, кырдаалга терс таасирин тийгизген адамдарды тегерегине чогултуп, Кокон шаарында эки адамга күч колдонуп, окуя болгон жерден качып кеткени" айтылды.

Буга чейин Ташкенттин шаардык полициясы "Саидазиз медгородок" атыккан кримтөбөл Саидазиз Сайдалиевдин да кармалганын расмий билдирген. Алар "опузалап акча талап кылган, рейдерлик кылган" деп айыпталган.

"Бахти Ташкентский" деген каймана ат менен таанылган 52 жаштагы кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү Бахтияр Кудратиллаев ортодо (көз айнекчен).
"Бахти Ташкентский" деген каймана ат менен таанылган 52 жаштагы кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү Бахтияр Кудратиллаев ортодо (көз айнекчен).

Ошондой эле "Бахти Ташкентский" деген каймана аты бар кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү, 52 жаштагы Бахтияр Кудратиллаев кармалды. Бул тууралуу шаардын полициясына таянып Kun.uz сайты 4-декабрда жазды. Ал "мыйзамсыз маңзат даярдаган, сактаган" жана "ири өлчөмдөгү акча алуу үчүн опузалаган" деп айыпталууда.

Ташкентте полициянын атайын рейди 26-ноябрда казакстандык ырчы Jah Khalibдин концертиндеги тополоңдон кийин башталган. Анда билеттерди сатып алып, бирок концертке кирбей калганы үчүн жаалданган күйөрмандар Улуттук гвардиянын аскерлерине каршылык көрсөтүшүп, бычакталганы кабарланган. Башаламандык учурунда кеминде бир аскер оор жараат алганын "Азаттыктын" өзбек кызматы билдирген.

Кыргызстандагы операция

Кыргызстанда "кримтөбөл" деп таанылган, 49 жаштагы Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

9-октябрда атайын кызмат аны менен байланышта болгон 40тан ашуун адам кылмыштуу топтун мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 млрд долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

УКМК көп өтпөй 225тен ашык мамлекеттик кызматкердин уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бардыгы аныкталганын маалымдаган.

Маалыматка караганда, алардын ичинен 133 кызматкер Камчы Көлбаев менен, 92 адам Райымбек Матраимов менен жашыруун байланышта иштешкени аныкталып, алардын жетимиштен ашыгы кызматтан алынган.

Атайын кызматтан маалыматына ылайык, бажы кызматында 85 кызматкердин уюшкан кылмыштуу топко байланышы аныкталып, 50 чактысы кызматтан алынган.

Мекеме криминалга каршы күрөш мындан ары да уланарын билдирген.

Көлбаевдин көмүскө империясы кантип курулган?
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:10 0:00

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG