Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:22

Ахмадинежад талапкер болуу үчүн катталды


Ирандын мурдагы президенти Махмуд Ахмединежад кайрадан өлкө башчысы болууга ниеттенүүдө.
Ирандын мурдагы президенти Махмуд Ахмединежад кайрадан өлкө башчысы болууга ниеттенүүдө.

Ирандын мурдагы президенти Махмуд Ахмадинежад 19-майда өтчү президенттик шайлоого талапкер болуу үчүн катталды. Бир ай мурда шайлоого катышуу ниетин Ирандагы белгилүү динаятчы Эбрахим Раиси да ачыктаган. Ал эми өлкөнүн азыркы президенти Хасан Роухани экинчи мөөнөткө барарын ачык айта элек.

2005-жылдан 2013-жылга чейин Иранды башкарган Махмуд Ахмадинежаддын шайлоого катышарын жарыялашы күтүүсүз болду. Себеби, консервативдик идеяларды бекем карманган Ахмадинежад бир апта мурда эле президенттикке ат салышууга ниети жоктугун билдирген эле.

- Менин президенттик шайлоого катышуу пландарым жок. Ошентсе да мен бул шайлоодогу мыкты талапкер Багаини колдойм, -деп Ахмадинежад саясаттагы жакын санаалашы, өлкөнүн мурдагы вице-президенти Хамид Багаиге колдоосун билдирген.

Бирок бул билдирүүдөн бир апта өтпөй, 12-апрелде Махмуд Ахмадинежад Хамид Багаи менен катар өлкөнүн Ички иштер министрлигинен талапкер болууга катоодон өттү. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары жазышты.

Ирандын экс-президенти Махмуд Ахмединежад жана мурдагы вице-президенти Хамид Багаи.
Ирандын экс-президенти Махмуд Ахмединежад жана мурдагы вице-президенти Хамид Багаи.

Өткөн жылы Ирандын жогорку руханий лидери Аятолла Хаменеи да 61 жаштагы Ахмадинежадды экинчи ирет шайлоого катышпоого чакырган.

19-майда өтө турган президенттик шайлоого катышам дегендерди каттоого Иранда беш эле күн бөлүнгөн. Шейшембиде башталган каттоо жараяны 15-апрелде аяктайт.

Ал эми өлкөнүн азыркы президенти Хасан Роухани экинчи мөөнөткө барарын ачык айта элек. 68 жаштагы Хасан Роухани эки күн мурда Тегеранда өткөн маалымат жыйынында өзү аткарган иштер Иран коомунун гүлдөшүнө жана өнүгүшүнө зор салым кошуп жатканын баса белгилеген.

Мисал катары Иран лидери экономика, энергетика, саламаттыкты сактоо, маданият, алтургай интернет жаатындагы жетишкендиктерди атаган эле.

Маалым болгондой, 83 миллион калкы бар Иранда көп сайттарга тыюу салынган.

Мамлекеттик телеканалдар аркылуу түз чагылдырылган маалымат жыйынында Роухани президенттик шайлоого катышар-катышпасын ачык айткан эмес. Ал алдыдагы шайлоо тууралуу суроого кыска гана "жакынкы беш күндө президенттикке талапкер болууга ниеттенгендердин тизмеси анык болот" деп жооп берген.

Ирандын лидери Хасан Роухани маалымат жыйынында.
Ирандын лидери Хасан Роухани маалымат жыйынында.

Анткен менен анын жакын санаалаштары Роухани кийинки президенттик мөөнөт үчүн таймашка түшөрүн айтып келишет.

10-апрелде өткөн маалымат жыйынында Роухани өлкө системасындагы кемчиликтерди белгилеп, айрым маселелерди чечүүдө өз администрациясынын ыйгарым укуктары жетпей жатканын кошумчалады. Иран президентинин бул билдирүүсү жогорку руханий лидер жана айрым адамдардын тоскоолдуктарына нааразылык катары кабыл алынды.

Эми өлкөдөгү президенттикке ат салышууга ниеттенгендерди каттоо аяктаган соң, тизмени өлкөдөгү Сакчылар кеңеши иргейт.

Бир ай мурда Ирандагы белгилүү динаятчы, ири кайрымдуулук, диний корунун башчысы Эбрахим Раиси да президенттик шайлоого катыша турганын расмий жарыялаган.

Серепчилердин айтымында, Раиси руханий лидер Аятолла Хаменеинин колдоосуна ээ, ошол себептен шайлоодо Роуханинин башкы атаандашы болушу мүмкүн.

Укук коргоочулар салыштырмалуу либерал саналган Роухани башкарган жылдарда деле өлкөдө адам укуктары жаатында жылыштар байкалбаганын, дагы дале маалымат каражаттарына жана жарандардын эркиндигине кысым уланып жатканын белгилешет.

Роуханинин бийлиги маалындагы эң чоң жетишкендик катары 2015-жылы Батыш өлкөлөрү менен Ирандын ортосунда жетишилген өзөктүк программа боюнча келишим айтылып келет.

Бул кадамы үчүн Ирандагы консерваторлор Роуханини кескин сынга алышып, аны эл аралык айдыңда өлкөнүн кызыкчылыктарын четке какканына жана өлкөдөгү жакырлардын абалына кайдыгер караганына айыптап чыгышкан.

Ошол эле маалда Иран менен жетишилген келишимди АКШнын президенти Дональд Трамп да сындап чыкты. Трамп макулдашууну тарыхтагы "эң начар келишим" деп сыпаттаган.

Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы пикир келишпестикке Сирия чатагы да себеп болду.

Иран менен дүйнөдөгү алты ири державанын ортосунда макулдашылган өзөктүк программа боюнча келишимди Тегеран тургундары катуу майрамдашкан.
Иран менен дүйнөдөгү алты ири державанын ортосунда макулдашылган өзөктүк программа боюнча келишимди Тегеран тургундары катуу майрамдашкан.

Алты жылдан бери уланып келаткан согушта Сирия президенти Башар Асадды колдогон Иран бийлиги АКШнын 7-апрелде Шайраттагы авиабазага жасаган аба соккуларын айыптады.

Роухани Кошмо Штаттардын чабуулу жалпы аймак коопсуздугу үчүн опурталдуу экенин эскертти.

АКШ Дамасктын өз жарандарына каршы химиялык чабуулуна жооп чара деп 7-апрелде Сириядагы өкмөттүк авиабазага ракеталык сокку урган. Батыш мамлекеттери химиялык чабуул үчүн Сирия президенти Башар Асад жана аны колдогон Иран менен Орусия күнөөлүү экенин айтышууда.

Мамлекеттик "ИРНА" маалымат агенттиги кабарлагандай, 12-апрелде өлкө башчылыгына талапкер болуу үчүн катталгандардын саны 126га жетти. Алардын алтоо аялдар. Иргелген талапкерлердин тизмесин Ирандын ички иштер министрлиги 26-27 апрелде жарыялайт деп күтүлүүдө. Ал эми шайлоо өнөктүгү 28-апрелде башталып, 17-майда аяктайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG