Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:07

Күндөн кубат алган учак Жерди айланып чыкты


Solar Impulse 2 учагы.
Solar Impulse 2 учагы.

Күн батареялары менен учкан Solar Impulse 2 он алты ай бою Жер шарын айланып, 26-июлга караган түнү Бириккен Араб Эмираттарына конду. Бул миссия толуктануучу энергия булактарынын кеңири мүмкүнчүлүктөрүн жана артыкчылыктарын даана көргөздү.

Бир тамчы суюк отунсуз, жалаң күндүн энергиясы менен жүргөн учакты Абу Даби аэропортунда салтанаттуу тосуп алышты. Аппарат дал ушул жерден туура 16 ай мурун старт алган эле. Solar Impulsе 2 асманда бардыгы болуп 500 сааттан көп өткөрдү.

Швейцариялык эки пилот Бертран Пиккар жана Андре Боршбергдин тарыхый миссиясы толукталып турчу, таза, айлана-чөйрөгө зыян алып келбеген энергия булактары келечекке кадам болушу мүмкүндүгүн далилдеди.

- Андре экөөбүз 40 миң километрди отунсуз учуп өттүк, сапарыбыз карыды. Калган дүйнө эми алга жылууга тийиш. Ушул технологияны пайдаланып, салттуу ой жүгүртүүдөн чочулагандарды угууну токтотуу зарыл. Чечимдер бар жана алар абдан кирешелүү, - деди Пиккар.

Абу Дабидеги маалымат жыйында учкучтар экологиялык жактан таза технологиялар боюнча эл аралык кеңеш түзүүгө чакырышты.

Учак өткөн жылдын 9-мартында сапарын баштаган. Учкучтар аны кезектешип башкарып келишти.

Алардын саякаты 17 этапка бөлүнүп, ар бир учуу 13 сааттан 114 саатка чейин созулган. Аба ырайынан улам экипаж айрым учурларда бир нече айга тыныгуу жасоого аргасыз болушту. Ал эми өткөн августта Гавайиге келгенден кийин күн батареяларында мандем табылып, аны оңдоого 9 ай кеткен.

Жабдык орто эсеп менен саатына 45-90 чакырым ылдамдыкта, 9 миң метр бийиктикте учуп жүрдү.

Учак Оман, Индия, Мьянма, Кытай, Жапания, АКШ, Испания, Египет, бардыгы болуп 7 өлкөнүн 16 шаарына конгон.

- Буга чейин эч ким мындайга жетише элек болчу. Салыштырууга, үлгү болуп берүүгө башка мисал жок, мындай шартта биздин сапар тууралуу жыйынтык жасоо кыйын. Эң жакшысы - биздин команданын ар бир мүчөсү жалпы ийгилик үчүн бар аракетин жумшап келди.

Solar Impulsе 2нин канатынын алкагы "Боинг 747" лайнердикинен ашат. Салмагы болсо жеңил машиненикиндей эле. 4 электр кыймылдаткыч 17 миң күн тактачалары чогулткан энергиянын эсебинен иштейт. Артканы атайын батареяларда сакталып, учак аны түн ичинде колдонот.

XS
SM
MD
LG