Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:56

Токаев Назарбаеванын ыйгарым укугун токтотту


Дарига Назарбаева.
Дарига Назарбаева.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2-майда спикер Дарига Назарбаеванын депутаттык ыйгарым укугун токтотту. Коңшу өлкөнүн саясый айдыңындагы бул окуя эксперттер арасында катуу талкууланып жатат. 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2-майда парламенттин жогорку палатасынын спикери Дарига Назарбаеванын “өтө жигердүү жана жемиштүү ишине” ыраазычылык билдирип, анын депутаттык ыйгарым укугун токтотту.

2-майда казак президентинин расмий сайтында кыска билдирүү чыкты. Анда болгону “Мамлекет башчысынын буйругу менен Казакстан Республикасынын парламентинин сенаты Дарига Назарбаеванын депутаттык укугу токтотулду” деген 13 гана сөз жазылган.

Токаев сенаттын спикеринин ыйгарым укугун өзгөчө абал учурунда токтотуп жатат.

Мындай чечим эмнеге байланыштуу экени азырынча белгисиз бойдон калууда.

Токаев “Твиттер” баракчасында Нурсултан Назарбаевдин улуу кызына “жигердүү жана жемиштүү иши” үчүн ыраазычылык билдирген.

Ал эми сенаттын расмий баракчасына Назарбаеванын ыйгарым укугу токтотулганы тууралуу кабар чыккан жок.

Казакстандын Баш мыйзамына ылайык, Сенаттын спикери – мамлекет башчы отставкага кеткенде же көз жумганда мамлекет башына келет.

“Улут атасы” деген статусу бар мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин сайтында да Сенаттын төрайымынын ыйгарым укугу токтотулганына байланыштуу билдирүү же комментарий жок.

Ал арада мессенжерлерде монтаждалган видео тарады. Анда Нурсултан Назарбаев “Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан кетүү тууралуу жеңил эмес чечим кабыл алганын” айтып жатканын көрүүгө болот. (Назарбаевге бул конституциялык органды өмүр бою аркалоо укугу берилген, ага ылайык азыркы президент маанилүү орундарга кадрларды аны менен кеңешип дайындайт).

Бирок Назарбаевдин пресс-катчысы Айдос Үкүбай “Твиттерге” видео “фейк экенин” жазды.

Казакстанда президенттик шайлоо өткөндөн кийин 2019-жылы 2-сентябрда туңгуч президент Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева казак парламентинин жогорку палатасы - Сенаттын төрайымы болуп кайра шайланган.

Анын талапкерлигин президент Касым-Жомарт Токаев көрсөткөн.

Экперттердин пикири

Казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаевдин пикиринде, Назарбаеванын кызматтан кетишине бир нече себеп түрткү болушу мүмкүн.

"Балким Казакстандын туңгуч президентине байланыштуу ушундай чечим кабыл алынгандыр. Мүмкүн бул элиталар ортосундагы азыркы балансты Токаев тарапка оодаруу аракетидир. Ошондой эле бул чечим Коопсуздук кеңеши менен макулдашылгандан кийин кабыл алынган болушу ыктымал. Эгер мындан кийин Назарбаевага башка кызмат сунушталса, анда ал дагы эле саясат айдыңында оюнчу бойдон кала берет. Дагы бир вариант - Назарбаеваны элиталар ортосундагы күрөштөн улам саясаттан кетирүү аракети жүрүп жаткан чыгар"- деди Сатпаев.

Талдоочунун сөзүнө караганда, сенат төрагалыгына "Касым-Жомарт Токаевдин эмес, башка саясий кландын өкүлү келсе анда бийлик транзитиндеги белгисиздик дагы улана берет".

Мурунку дипломат Казбек Бейсебаев Назарбаеванын ыйгарым укуктарынын токтотулушун анын соңку кездеги кадамдарынан көрөт.

Бейсебаев "Фейсбук" баракчасына ​"Сенат төрайымы акыркы учурларда мамлекет башчынын сөзүн айта баштаган" - деп жазды.

Ал эми 2019-жылдагы президенттик шайлоодон кийин Касым-Жомарт Токаев түзгөн "Улуттук коомдук ишеним кеңешинин" мүчөсү Андрей Чеботарев Назарбаеванын мандаты атасы, Коопсуздук кеңешинин төрагасы Нурсултан Назарбаевдин "макулдугу менен алынган болушу мүмкүн" деп ойлойт.

"Бул окуяны Дарига Назарбаеванын кичүү уулу Айсултан Назарбаевдин кыштагы окуяларына байлоого болбойт. Ал “Асар” cаясий партиясын түзүп, жетектеп баштаган 2003-жылдан берки саясий карьерасына ылайык, ага кандайдыр бир деңгээлге чейин көтөрүлгөнгө мүмкүнчүлүк беришет. Андан кийин позициясын күчтөндүрүү боюнча аракеттер башталганда эле, аны басаңдатуучу чаралар кабыл алынат. Ал вице-премьер болуп турганда да азыркыга окшош окуя болгон" - дейт Чебатырев.

Ал ошондой эле Назарбаеванын "саясий карьерасы токтоду" деген сөздөргө кошулбайт, "балким ал вице-премьерлик кызматка келиши мүмкүн" деген оюн кошумчалады.

Казакстандын биринчи премьер-министри, соңку 20 жылдан бери чет өлкөдө жашаган Акежан Кажегелдин Назарбаева өз билдирүүлөрү менен "бийликтегилердин гана эмес, башкалардын да кыжырына тийиши мүмкүн" деген оюн бөлүштү.

"Дарига кайсы гана кызматта болбосун тынч отура албайт. Бир нече күн мурда ал карантин маалында киргизилген аскерлерди шаарларда калтырууну сунуштады. Мындай кеңештер тетири жыйынтыктарга алып келиши мүмкүн" -дейт казактардын экс-премьери.

"Эгер бул окуя Нурсултан Назарбаев менен кызы Дарига Назарбаевдин оюну эмес, Токаевдин чечими болсо, анда дурус" - деди Кажегелдин. ​

Анын пикиринде, расмий Нур-Султан бийликтеги экинчи адамдын эмне үчүн кызматтан алынганын жашырып отура берсе, эл "Токаев менен Назарбаев ич ара келишип иштеп жатат" деген ойго ооп кетет. "Эгер Назарбаева премьер-министр кызматына дайындалса, анда азыркы саясий крисиз тездик менен тереңдейт. Анткени Даригада өкмөттү башкара турган дарамет да, тажрыйба да жок" - деди Лондондон Кажегелдин.

Британиядан баш паанек тапкан Кажегелдин Лондондогу Назарбаева жана анын миллиондогон долларлык үй мүлкүнө байланыштуу соттук териштирүүлөр Назарбаевдердин аброюна шек келтиргенин белгилейт.

Дарига Назарбаеванын саясий сапары

Назарбаева спикер болуп 2016-жылы, атасы президент болуп турганда шайланган. Касым-Жомарт Токаев 12-августта Назарбаеваны Сенаттын депутаты кылып кайра дайындаган болчу. Ошондон улам анын депутаттык мөөнөтү жаңырып, жаңы мөөнөттөн башталган.

Өлкөнүн Конституциясына ылайык, Сенат депутаттарынын кызматтык мөөнөтү алты жылды түзөт. Ага ылайык Назарбаеванын кызматтык мөөнөтү эми үч жылдан кийин эмес, алты жылдан кийин аяктамак.

56 жаштагы Назарбаева буга чейин Мажилистин төрагасынын орун басары жана вице-премьер болуп иштеген.

“Форбс” журналы аны Казакстандагы эң бай адамдардын катарына кошкон.

Былтыр британ журналисттери Нурали Алиев менен Дарига Назарбаеванын атынан офшордо катталган компаниялар Лондондун кымбат райондорундагы үйлөргө ээлик кылаарын аныктап чыгышкан. Хансарайлардын бири британ баш калаасынын Хампстед аймагындагы “Миллиарддерлер көчөсү” атка конгон Бишоп авеньюда жайгашкан. 10 уктоочу бөлмөдөн турган ал үйдүн жер төлөөсүндө бассейни, кинотеатры, керек болсо шаркыратмасы да бар экени белгилүү болгон. Бул заңгыраган үйдө Назарбаевдин небереси Нурали үй-бүлөсү менен жашап кеткен.

Мындан кийин Казакстандагы эң таасирдүү үй-бүлөгө тиешеси бар мынча байлыктын булагын түшүндүрүүнү талап кылган ордер 2019-жылдын май айында чыккан. Назарбаева менен Алиевдин адвокаттары британ полициясын “так эмес маалыматтарга таянды”, “иликтөөнү жетишсиз жүргүздү” деп айыпташкан эле.

Лондондогу бул үч кыймылсыз мүлккө байланыштуу сот ушул жылдын 8-апрелинде өтүп, Назарбаевдин үй-бүлөсү утуп алган.

Лондондун Жогорку соту Назарбаевдин кызы Дарига менен анын уулу Нурали Алиевге таандык деп көрсөтүлгөн эки хансарайды жана бир кымбат батирди камакка алууга жол ачкан үч ордерди четке каккан. Сот далилдер жетишсиз деген тыянакка келген.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Назарбаева мурдагы күйөөсү Рахат Алиев менен турган никеден үч балалуу болгон. Алардын тун уулу 35 жаштагы Нурали Алиев өзүн бизнесмен жана инвестор деп тааныштырып келет. Ал 2014-жылдын декабрынан 2016-жылдын 16-мартына чейин Астана шаарынын акиминин орун басары болуп иштеген.

Дарига Назарбаеванын ортончу уулу Айсултан Назарбаев 2020-жылы январь айында «Facebook» баракчасы аркылуу өмүрү коркунучта экенин, туугандары, энеси менен тил табыша албай жатканын жарыялаган.

29 жаштагы Назарбаевге былтыр Лондондо "полицияга кол салган" деген айып тагылган. Өкүмгө ылайык, Айсултанга 18 айлык сыноо мөөнөтү берилип, 140 саат бою коомдук жумуштарга чегерилген жана маңзатка болгон көз карандылыктан арылыш үчүн атайын сабактарга барууга милдеттендирилген, андан тышкары 1300 доллардын тегерегиндеги айып пул төлөшү зарыл болгон. Маалыматка караганда, сот Айсултан Назарбаевди «ооруканада дарылануу» шарты менен бошоткон.

Айсултан Англияда падышалык аскердик академияда билим алган. Окууну бүтүп келип, Казакстандын Коргоо министрлигинде иштеген. 2017-жылы Казакстандын Футбол федерациясынын президентинин милдетин 7 ай аткарган.

Дарига Назарбаеванын кичүү кызы Венера Назарбаева 2018-жылы 18 жаш курагында казактандык бай ишкерлердин биринин уулуна турмушка чыгып, эки жаштын тою интернетте жарыяланган.

Дарига Назарбаевдин мурдагы күйөөсү, маркум Рахат Алиев 2007-жылы Австрияга элчи болуп жөнөтүлгөн. Кийин президент Назарбаевди катуу сындоого киришип, атүгүл Назарбаевди бийликтен кетирүү ниетин да билдирген. Ошол эле жылы Дарига Назарбаева менен ажырашканы жөнүндө факс алып, бирок ага макул болгон эмес. Ага Казакстанда эки банкирди өлтүргөн деп айып тагылган. 2014-жылы өзү Австрия бийликтеринин колуна түшүп, сотко чейин камалган. Бирок иши караларына эки күн калганда 2015-жылдын 24-февралында анын сөөгү абакта табылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG