Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:20

Нарындагы ок атуу: үч кишинин абалы оор


Хутор-Ак-Талаа айылындагы окуя болгон үй.
Хутор-Ак-Талаа айылындагы окуя болгон үй.

Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылындагы жер талаштан чыккан соңку окуяга байланыштуу эки адам камакка алынды. Милиция окуя болгон айылда элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Жаңжалда ок жеп, ооруканада жаткан үч адамдын абалы оор бойдон калууда.

Айылдаштарына ок чыгарган деп шектелип, милиция кармаган үч адамдын бөгөт чарасын 10-июлда Нарын шаардык соту карады.

“Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын Тергөө бөлүмүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгү менен айыпталган үч кишинин бөгөт чарасын тандоо боюнча соттук материал келип түшкөн. Сот шектүүлөрдүн бирин эки айга, дагы бирин бир айга камакка алуу чечимин кабыл алды. Материалда оор кылмышка катышы боюнча далилдер тиркелбегендиктен, дагы үчүнчү шектүүгө карата эки айлык мөөнөттөгү үй камагы тандалды”, - деди облустук соттун маалымат катчысы Барктабас Белеков.

Сот камалган адамдардын аты-жөнүн ачык кабарлаган жок. Бирок "Азаттыктын" булактары кармалгандар чатакташкан тараптардын бири, жергиликтүү тургундарга ок атты деп шектелип жаткан Кыдырмышовдордун үй-бүлө мүчөлөрү экенин билдиришти.

10-июлда бул окуя боюнча Нарын облустук милициясынын башчысы Алмаз Жумабеков баш болгон топ Хутор-Ак-Талаа айылына барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнү белгилүү болду. Анткени ушул күнү да айылдыктар чогулуп, өздөрүнчө жыйналыш өткөрүшкөн.

7-июлда Нарын облустук ички иштер башкармалыгы, айылдын 30-40ка чукул тургуну Бакыт Кыдырмышов аттуу адамдын үйүнүн терезелерин жана эшиктерин таш менен талкалап, дарбазасынын сыртында турган “Субару-Аутбек” машинесин өрттөп жаткан учурда үйүндө сакталып турган куралы менен топтошкон элди карай ок чыгарганын кабарлаган.

Бирок ок жегендердин жакындары жана айылдын бир катар тургундары бул маалыматты четке кагып, окуянын чыгышына Кыдырмышовдорду күнөөлөп, алар чогулгандарга биринчи ок чыгаргандан кийин гана үйүнө таш ыргытышканын айтып жатышат.

“Бул окуяга жер талаш себеп болгон деп бардык жерде жазылып жүрөт. Чынында бул үй-бүлө айылды тажатып, ушуга жеткиришкен. Бир гана жер талаш себеп эмес. Эми биз, айылдын жаштары менен чогуу сүйлөшүп, эч бир медиага комментарий бербейбиз деп чечтик”, - дейт айылдын тургуну Токторбек Абраев.

Милиция тараткан маалыматта чырдын башы айылдын Тегерек-Кырчын аттуу өрөөндөгү 10 гектардан ашык жайытты талашуудан улам келип чыкканы жазылган.

Хутор-Ак-Талаа кыштагы караган Эмгек-Талаа айыл аймагынын башчысы Кубанычбек Мукашов талашка түшкөн жер тууралуу буларды айтты:

“Учурда райондук жер комиссиясы териштирип жатат. Такталгандан кийин жообун айтабыз. Талаш болуп жатат деген жердин документтерин Кыдырмышовдор 2018-жылы айыл өкмөткө келип, өздөштүрүү жолу менен көк китебин алдым деп көрсөтүп кетиптир. Бирок анын баары азыр такталып жатат. Буга чейин да тактоо иштери жүрүп жаткан”.

Айылдыктардын айтымында, кыштактын Адил аттуу тургуну Бакыт Кыдырмышов сөз болгон жерди мыйзамсыз тосуп алган деп, айыл өкмөттүн жыйынында маселе көтөргөн.

Назира Талипжанова ал окуядан кийин Бакыт Кыдырмышов бир туугандары менен Адилди жолдон кармап, тепкилеп кеткенин билдирүүдө:

“Мен Адилдин келинчеги болом. Жолдошумду Бакыт Кыдырмышов бир туугандары менен кошулуп сабап кетишкен. Бети-башы айрылып ооруканага жатты. Милицияга арыз жазганбыз. Бирок алар айылга келип, териштирбей коюшту. Буга арданган айылдыктар Бакыттын үйүнө сүйлөшүүгө барышкан. Натыйжада алар курал көтөрүп чыгып элди аткылады”.

Чырда алты адамга ок тийип облустук ооруканага жаткырылган. Анын үчөөнө операция жасалып, оор абалда жатышат. Оорукананын дарыгери Эламан Аалиев маалымдагандай, бирөөнүн бөйрөгүн ок тешип кеткен. Алар өз алдынча дем алып жатканы менен толук эсине келе элек.

Окуянын себепкери болду деп айтылып жаткан Бакыт Кыдырмышовдун атасы Жакыпбек Кыдырмышов оорукананын травматалогия бөлүмүндө жатат. Анын башына жана жаагына таш тийген.

“Уулумдан чыр болуп жатканын угуп келгем. Ал жерден башыма, жаагыма таш тийди. Чогулган балдар кызуу окшойт. Үйдү таш бараңга алып жатышыптыр. Өлтүрөбүз деген максатта келишкен окшойт. Балдарым коргонуу максатында асманга ок чыгарышкан. Балдарга тийген окту ким атканын билбейм. Жанагы жайыт боюнча биздики баары мыйзамдуу. Көрө албастар жасап жатат”.

Милиция окуя болгон жерге барып ок атуучу үч курал, октун беш гильзасын тапкан. Фактыга боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренесин камтыган 122-беренеси менен (Адам өлтүрүүгө аракет кылуу) кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Жаңжалга себепкер болгон деп айтылып жаткан Бакыт Кыдырмышовдун үй-бүлөсү айылдан чыгып кетишкени кабарланды.

XS
SM
MD
LG