Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:49

Мугалим болууга тыюу салган оорулардын тизмеси талкууга коюлду


Сүрөттөгүлөрдүн маалыматка тиешеси жок. Иллюстрация үчүн колдонулду.
Сүрөттөгүлөрдүн маалыматка тиешеси жок. Иллюстрация үчүн колдонулду.

Министрлер кабинети Кыргызстанда жарандардын мугалим болуп иштешине тыюу салган кылмыштардын жана оорулардын тизмесин коомдук талкууга койду.

Документке ылайык, оор жана өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгондор соттуулугу жоюлганына карабай педагогикалык ишмердүүлүк менен алектене албайт. Жалпысынан тизмеде 19 кылмыштын түрү жазылган, арасында коомдук тартипке каршы кылмыш жасагандар, жыныстык ыдык көрсөткөндөр, адамдын жеке эркиндигине каршы иш жасагандар жана башкалар бар.

Министрлер кабинетинин токтом долбооруна оорунун 32 түрү жазылып, ошол дарт менен жабыркагандарга да мугалим болушуна жол берилбей турганы белгиленген. Арасында нерв оорулары, тубаса кемтиктер, талма (эпилепсия), гипертония, аракечтик, баңгилик, өнөкөт гепатиттер, кургак учуктун ачык формалары, боор, бөйрөк, ревматизм жана башкалар бар.

Түшүндүрмөдө бул токтом долбоору коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү, педагогдордун жана окуучулардын, студенттердин коопсуздугу менен саламаттыгын коргоо максатында иштелип чыкканы жазылган. Документ Эмгек кодексинин жана "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын, "Министрлер кабинети жөнүндө" Конституциялык мыйзамдын беренелерине ылайык даярдалган.

28-июнда коомдук талкууга чыгарылган токтом долбооруна 27-июлга чейин сунуш-пикирлер кабыл алынат. (SE)

XS
SM
MD
LG