Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:11

Рим папасы Израилде


Израил -- Рим папасын аэропортто Израил президенти Шимон Перес,өкмөттүн мүчөлөрү тосуп алышты.
Израил -- Рим папасын аэропортто Израил президенти Шимон Перес,өкмөттүн мүчөлөрү тосуп алышты.

Рим папасы Бенедикт XVI дүйшөмбү күнү Израилге келди. Беш күндүк сапары маалында ал палестин жеринде да болот. Католик чиркөөсүнүн башчысы өткөн аптада Иорданияда болгон эле.

Рим папасын тоскону аэропортко Израил президенти Шимон Перес,премьер-министр Бинямин Нетаняху,өкмөттүн дээрлик бардык мүчөлөрү келишти.

Католик чиркөө башчысын жөөт жеринде куттуктап,Перес "дүйнөдө зобун-зомбулуктун жана жек көрүүчүлүктүн деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган" Папанын позициясына жана иш-аракеттерине жогору баа берди.

Бенедикт XVI өз кезегинде антисемитчил маанайга каршы күрөшүү зарылдыгын белгиледи. "Бактыга каршы, антисемитизм дүйнөнүн көп жеринде жексур башын кайра көтөрө баштады",-деп айтты Рим папасы.

"Жер шарындагы бардык улуттагы адамдарды, элдерди, тайпаларды жана тилдерди урмат кылууга көмөктөшүү үчүн" Бенедикт XVI "кайсы жерде болбосун антисемитизмге каршы күрөшкөнү бардык күч-аракетти жумшоого" чакырды.

Рим папасы ошондой эле палестиналыктар менен израилдиктер ар бири өз жеринде – эл аралык коомчулук тааныган чек аралар аймагында бейкут жашаганга мүмкүндүк аларына да үмүттөнөт.

"Коопсуз жана стабилдүү келечекти эңсеген көптөгөн эркектердин, аялдардын жана балдардын үмүт-тилектеринин кабыл болмогу израилдиктер менен палестиналыктар ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасына жараша аныкталат",-деп көрсөттү католик адыйы.

Өткөн аптада Иорданияда болгон учурда Рим папасы христиандар менен мусулмандарды өз өлкөсүнүн жыргалчылыгы үчүн ийиндешип иштегенге жана жашаганга үндөгөн эле.

"Албетте,тилекке каршы,ар түрдүү диндерди тутунгандар ортосунда кыйын-кычык көз караштар жана айрымачылыктар бар экенин танууга болбойт,-деп айтты Рим папасы Аммандагы сөзүндө. - Ошол эле учурда динди идеологиялык курал кылып,көп учурда саясий максаттарга пайдалануу араздашуунун, бөлүнүп-жарылуунун,а кээде коомдогу зобун-зомбулуктун тукурукчусу болуп жатканын да моюнга алууга туура келет".

Динди Рим папасы "саясий күч эмес,аймактагы тынчтык процессине көмөктөшө турган руханий күч катары" аныктап, өзүн "бейпилдиктин зыяратчысы" деп атады жана "исламды терең урмат кыларын" белгиледи.

Байкоочулар Бенедикт XVI Израилге жергиликтүү калк үчүн "тарыхый өктөлүү бокчо" менен келди дешет. Өспүрүм кезинде ал "гитлерюгенддин" мүчөсү болгон. Убагында рим-католик чиркөөсү, айрыкча папа Пий XII еврейлерди массалык кыргындан сактап калганы өзүнүн диний аброюн пайдаланбай, нацисттик Германиянын иштерине тек гана байкоочу катары карап турганы үчүн алиге чейин Ватиканга кырданган маанай израилдиктер арасында кала элек.

Анын үстүнө Холокосттун масштабынан кадик санаганы үчүн диний кызматтан четтетилген британдык епископту Бенедикт XVI быйыл жыл башында католик чиркөөсүнө кайтып алды.

Рим папасы бул жолку сапарында Израил менен Ватикан ортосундагы ошол "тарыхый тааранычты" жазганга аракет кылмакчы. Холокосттун курмандыктарына арналган Яд Вашем музейинде болуп,алардын арбайына таазим этип, таат кылат.

Иерусалимде, Назаретте диний ибаадат өткөрөт,ыйык жерлерге зыярат кылат. Христиан, иуда жана мусулман төбөлдөрү менен жолугат, Вифлеемде палестин качкындарынын лагеринде болот. Мындан тышкары Израилдин жана Палестин автономиясынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр өткөрөт.

XS
SM
MD
LG