Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:47

Мобилизация: Москва аз улуттарды садага чабууда


Украинадагы согушта каза болгон аскердин мүрзөсү. Бурятия, август 2022-жыл
Украинадагы согушта каза болгон аскердин мүрзөсү. Бурятия, август 2022-жыл

Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, 24-февралдан 23-сентябрга чейин Украинада орусиялык кеминде 6756 аскердин каза болгону тастыкталды. Журналисттер маркумдардын көбү Дагестан менен Бурятиядан экенин аныкташкан. Активисттер мобилизацияга аз улуттардын өкүлдөрү көбүрөөк тартылып жатканын айтышат.

“Бурятиянын борбору Улан-Удэде марттан бери күн сайын Украинадагы согушта каза болгондорду акыркы сапарга узатышууда... Эртең Лукодромдо Амгалан Тудупов жана Эдуард Жидяев менен коштошуу зыйнаты өтөт. Эки күндөн кийин 23 жаштагы Батор Дондоков жана Антон Хатхеевди жайына беришет. Дондоковдун тууганы “Ата-энелердин бири жаныбызга келип, “балаңардын сөөгү бүтүн келиптир. Кандай бактылуусуңар. Биздикинин башы менен эки билеги гана калыптыр" деп айтышканын кеп салып турду” Бир жумада 10 кишини жайга коюшат”.

Бул - 28-апрелде “Медуза” сайтынын “Люди Байкала” басылмасынан алып чыгарган макаласынан үзүндү.

Орусиялык "Медиазона" порталы жана Би-Би-Си ыктыярчылар командасы менен бирге Украинадагы согушта каза болгон орус аскерлеринин санын аныктоо менен алектенип келет. Алар иликтөө жүргүзгөндө жергиликтүү маалымат каражаттарындагы кабарларга, социалдык тармактардагы постторго, жергиликтүү бийликтердин айткандарына таянышат. Журналисттер белгилегендей, дайынсыз жоголгондор менен туткунга түшкөндөрдүн саны белгисиз.

Алардын маалыматына ылайык, Орусия кошуна өлкөгө басып кирген 24-февралдан 23-сентябрга чейин майданда орусиялык 6756 аскердин каза тапканы тастыкталса, алардын 306сы Дагестандан, 276сы Бурятиядан. Салыштыра кетсек, Москва облусунан 82 киши ажал тапкан. Орусиянын Мамлекеттик статистика кызматынын акыркы маалыматтарына ылайык, Дагестандын калкы – 3 миллион кишиден бир аз ашат, Бурятияда бир миллионго жетпеген киши жашайт, ал эми Москва облусунун калкы 7 миллион 708 миң деп көргөзүлгөн.

Бурятияда аскерге чакыруу кагаздарын мобилизация жарыяланган күнү – 21-сентябрда жана түн ичинде эле тапшыра баштаган экен. Эртеси эртең менен мобилизациялангандар даярдык өтүүчү пункттарга жөнөп кетишти.

“Эркин Бурятия” фондунун төрайымы Александра Гармажапова согушка атайлап аз улуттардын өкүлдөрүн көбүрөөк салып жатат деген ойдо.

“Империя адатта кимди садага чабат? Империя аз улуттарды аябайт. Орусиядагы буряттардын саны 460 миңдин айланасында. 200 миңи согушта өлсө эмне экен дегендей болуп жатат. Путин үчүн бул нормалдуу көрүнүш. Курулай сөз болбосун деп сандарга таянсак. Бурятияда мобилизация башталганда 5 миңдей кишиге аскерге чакыруу кагазы тапшырылды. Аларды айылдардан, иштеп аткан жеринен, көчөдөн кармап, автобустар менен алып кетип жатты. Жумурияттын калкы 1 миллион кишиге жетпейт. 3 миллиондон бир аз ашкан Дагестанга 15 миң деген квота бекитилиптир деген маалыматтар тарап жатат. Алсак, Нижний Новгород облусунун калкы Дагестандыкындай болгону менен 7,5 кишиге повестка келген. Эмне себептен пропорционалдуу эмес бөлүштүрүлгөн? Кремлдин оюна койсок, буряттарды кызыл кыргынга салсак, үн катпай кете берет деп айтышат”.

Бурятиялык дагы бир активист, “Эркин улуттар лигасынын” мүчөсү, тарых илимдеринин кандидаты Раджана Дугар-Де Понте ар бир айылдан бери дегенде 10-20 киши контракт менен согушуп жүргөнүн, эркектердин аздыгы көзгө урунуп, кадимкидей байкалып калганын радио “Свободага” чыккан макаласында жазган.

Idel.Реалии редакциясына берген интервьюда Дугар-Де Понте Орусияны байырлаган түпкүлүктүү элдер “Москванын барымтасында калганын, алар же согушка жөнөп, орус агрессиясын колдобосо, түрмөгө кесилүү коркунучуна кептелгенин” айткан.

“Империянын чек арасын кеңейтүүнү, жаңы аймактарды басып алууну көздөгөн кылмыштуу максаттарына жетүү үчүн Кремлдин биздин уландарды пайдаланып жатканын бурят катары карап отуруу жүрөк оорутат”, - деп билдирген активист.

Дмитрий Орешкин
Дмитрий Орешкин

Орусиялык көз карандысыз талдоочу Дмитрий Орешкин “кан салыгы” адилетсиз бөлүштүрүлгөнүн танууга болбойт, ал көз көрүнөө байкалып турат деген пикирде. Бирок мунун себептерин улуттук эмес, башка жүйөлөргө байланыштырды.

“Путин ал жакта да каршылыкка туш болбойм деп ойлойт. Болсо да, алыскы региондогу нааразылык көз жаздымда калат. Москвада мисалы ошондой акциялар өткөндө маалымат каражаттары байма-бай чагылдырат эмеспи. Ал эми Тыва же Бурятияда эл көчөлөргө чыга турган болсо, жаап-жашыруу оңой. Экинчиден, жергиликтүү элиталардын ролун белгилейт элем. Бийлик, Рамзан Кадыров же ошол эле Тыва, Бурятиянын башчылары болобу, толугу менен Москванын дотациясында отурат. Өз экономикасы жок. Экономиканы өнүктүрүүгө жол берилбейт. Региондор чабал, бирок көз каранды бойдон кала берсин дешет. Мындай абал Кремлге жагат. Өзүңдү жакшы алып жүрсөң дотация аласың, жаман алып жүрсөң – дотациядан куру каласың”.

Бир нече күн мурда Монголиянын мурдагы президенти Цахиагийн Элбэгдорж буряттарды жана Орусияда жашаган башка улуттук азчылык өкүлдөрүн Украинага каршы урушка катышпоого үндөп, өз өлкөсүнөн башпаанек сунуш кылган. Саясатчынын айтымында, “кандуу согуш башталгандан бери эң көп боордош буряттар, тывалыктар жана калмыктар жабыркаган".

“Аларды өлүмгө айдап, жем катары салып берүүдө. Башкача сыпаттоо мүмкүн эмес. Жүздөгөнү жарадар болду. Миңдегени каза тапты. Биз, монголдор, силерди кучак жайып, чын жүрөктөн тосуп алабыз”.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 27-сентябрда БУУнун Коопсуздук кеңешине кайрылуу жасаган кезде Орусиянын мобилизациясы атайлап алар көзөмөлдөгөн аймактардагы түпкүлүктүү элди бутага алып жатканын сындап, муну атүгүл тукум курутка теңеди.

“Кавказ же Сибирде түпкүлүктүү элден чыккан эркектерди согушка жөнөтүүгө аракет көрүп келет. Мындай көрүнүш Орусия 2014-жылы басып алган Украинанын Крым жарым аралында да байкалууда. Ал жакта көптөгөн улуттардын арасынан крым татарларын жан башына алганда эң көп мобилизациялоо каралган. Бул ачыктан ачык геноцид саясаты”.

Зеленский буга чейин да крым татарларын Херсондогу салгылашууларга айдап жатканын айтып, дүйнө коомчулугун Москвага каршы чара көрүүгө чакырган.

Крымдагы мобилизация. Севастополь, 27-сентябрь, 2022-жыл.
Крымдагы мобилизация. Севастополь, 27-сентябрь, 2022-жыл.

Украиналык укук коргоочулар крым татарларын мобилизациядан коргоп калуу өтүнүчүн Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга даярдап жатышканы буга чейин кабарланган.

Жогоруда сөз болгон "Медиазона" порталы эмне себептен улуттук азчылык өкүлдөрү арасында жоготуулар көп болуп жатканын чечмелеп, борбордон алыс аймактарда көптөгөн аскердик бөлүктөр жайгашканын, ал жактарда аскер кызматына өзгөчө мамиле кылынарын, эң негизгиси жумушсуздук, төмөн маяналар жаш уландарды армияга барууга аргасыз кыларын белгилейт.

“Медиум ориент” маалымат агенттигинин жетекчиси Ислам Текушев дагы Дагестанда, жалпы эле Түндүк Кавказда элдин экономикалык абалы аянычтуу экенин айтууда.

“Түндүк Кавказ – депрессивдүү аймак. Ар бир жумурият дотация эсебинен жан багат. Эл жыш жайгашкан, жумушсуздук деңгээли өтө жогору. Иш курагындагы жаштар абдан көп. Жан башына алып санаган киреше Орусиянын башка региондоруна караганда төмөн. Албетте ошон үчүн согушка ыктыярдуу кеткен кишилер көп. Менин билишимче, азыр дагы, мобилизация жарыялангандан кийин кээ бирлер шашып военкоматтарга жөнөптүр. Эмне дегенде ыктыярдуу баратам деп үлгүрүп калса, бекер согушпай, 300 миң рубль акча төлөнөт. 300 миң бул чоң акча, турмуш-тиричилигин оңдоп алууга жетиштүү".

Орусия-Грузия чек арасына карай жол. 26-сентябрь, 2022-жыл.
Орусия-Грузия чек арасына карай жол. 26-сентябрь, 2022-жыл.

Журналист азыр мобилизациядан качып, өлкөнүн сыртына агылган орусиялыктардын арасында региондун жашоочулары азыраак экенин, эмне дегенде кайра эле экономикалык абалдан улам аларды чамасы чак экенин белгиледи.

"Орус-грузин чек арасына карай кетчү трассада тизилип турган машинелердин узун кезегине байкоо салдык. Түндүк Осетиядан Жогорку Ларска чейин бир нече километрлик кезек турат. Номерлерин карасак, көбү Москва облусунан, Санкт-Петербургдан экен. Башкача айтканда, Орусиянын ири шаарларына таандык. Бул абдан кызыктуу көрүнүш. Мобилизацияга дуушар болгондор арасында түндүк кавказдыктар көп болгону менен кетип жаткандардын катарында биз аларды дээрлик көрө алган жокпуз. Негизинен орусиялык шаарлардан агылышууда. Дал ошолор качып жатат. Себеби, жок дегенде жарым жыл чет жакта отурукташып жашаганга, ижарага батир алууга алардын каражаты жетет. Ал эми Түндүк Кавказда кимдир бирөөнүн киреше булагы, жумушу болсо, аскерге алып кетет деген тобокелдик болсо да ошол кирешеден куру калбайын деп коркконунан эч жакка жылбайт. Жумушу жоктор деле козголбойт".

Бирок согушка аттанууга жакырчылык гана түртпөйт. "Настоящее время" телеканалы тывалык чакан айылда жашаган Надежда Байкара аттуу аялдын сөздөрүн мисал келтирет. Ал үй-бүлөсүндөгү бардык эркектер армияда кызмат өтөгөнүнө, уулу Крымды басып алууга, Сириядагы согушка катышканына сыймыктанат. Бир небереси быйыл жазында Украинада окко учкан. Буга карабай, Надежда 10 жаштагы дагы бир небересинин аскер болуу мүдөөсүн колдойт.

Мобилизация жарыялангандан кийин Орусиянын бир топ жеринде эл каршылыгын билдирип, митингге чыккан. Якутияда аялдар полиция кызматкерлерин курчап алса, Дагестандын борбору Махачкалада энелер балдарын согушка жөнөтпөй турганын билдирип, айрымдары “Орусияга эч ким кол салган жок, Орусия тескерисинче согуш ачты. Ууулдарыбызды эмне үчүн майданга жөнөтүшүбүз керек?" деп кайым айтышып жаткан видеолор тарады. Социалдык тармактардын колдонуучулары ал аялдардын эрдигине суктанган комментарий жазууда.

Нааразылык акцияларына чыккандардын кээ бирлери кармалып, дагы бир тобуна пртоколдор түзүлүп, административдик иштер козголду.

Мобилизацияга каршы акцияга чыккан энелер. Махачкала, 25-сентябрь, 2022-жыл.
Мобилизацияга каршы акцияга чыккан энелер. Махачкала, 25-сентябрь, 2022-жыл.

Өткөн жумада Саха жумуриятынын конгресси (Якутия) орус президенти Владимир Путин жана коргоо министри Сергей Шойгуга ачык кайрылуусунда түндүк аймактардагы аз сандуу элдердин өкүлдөрүн согушка албоону талап кылды. Маалымат каражаттары жазгандай, Якутиянын алыскы айыл-кыштактарынын тургундары “дээрлик бардык эркектерди алып кетип жатат, аялдар менен балдар кантип кыштарын бийлик ойлоп да койбойт” деп арызданышууда.

21-сентябрда “жарым-жартылай мобилизация” жарыялангандан кийин Калмыкия жана Бурятияда активисттер согушка алып кетиши ыктымал деген кишилерди эвакуациялоого киришти.

Орусия Украинага кол салгандан бери эки жолу гана өз жоготуулары тууралуу маалыматты ачыкка чыгарган. 2-мартта 498, 25-мартта 1351 аскери мерт кеткенин кабарлаган.

Мобилизация жаряланган күнү дароо Путинден кийин сөз алган Шойгу армия 5937 кишиден айрылганын билдирди. Бирок көз карандысыз журналисттер, иликтөөчүлөр, аскердик эксперттер муну калп, реалдуу статистика мындан алда канча жогору экенин айтышат. Согуш шартында тараптар адатта өз жоготууларын азайтып, душмандыкын көбөйтүп беришет.

Орус коргоо министрлиги курман болгондордун улутуна тиешелүү статистиканы расмий комментарийлебейт.

Мобилизациянын орус жарандыгын алгандарга таасири
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:32 0:00

XS
SM
MD
LG