Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:07

Коррупцияга каршы күрөштү сынаган Матраимовдун иши


"Баштан башта" кыймылы демилге кылган тынчтык марштары 2020-жылдын ноябрынан бери ар жекшемби сайын уюштурулуп келет. Ошол акциялардын бириндеги коррупцияга каршы ураан.
"Баштан башта" кыймылы демилге кылган тынчтык марштары 2020-жылдын ноябрынан бери ар жекшемби сайын уюштурулуп келет. Ошол акциялардын бириндеги коррупцияга каршы ураан.

Коррупция боюнча айыбын моюнуна алып, айып пул менен жазадан кутулган мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун тарапташтарынын митинг уюштурганы, ага парламент өкүлдөрүнүн катышканы коомчулукта сынга кабылды.

Ошто 28-февралда “кылмыштуу кирешелерди адалдоого” шек саналып жаткан бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду бошотуу талабы менен чыккандардын кайрылуусуна президенттин аппараты жооп бере элек.

Айрым талдоочулар чуулгандуу журналисттик иликтөөлөрдө аты аталып, экономикалык кылмышка айыпталган мурдагы бажычыны колдогон митингге "өлкөдө коррупция тамыр жайып, ага тиешеси барлар мамлекетке сес көрсөтүп жатат" деп баа берүүдө.

“Матраимовдун иши” - бийликтин коррупцияга каршы күрөшүнүн көрсөткүчү

Конституциялык кеңешменин мүчөсү, жазуучу Чолпонбек Абыкеев Матраимовдун иши мурдагы президенттер Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбековдун дараметин көрсөткөнүн, эми Садыр Жапаровдун жемкорлук менен күрөшүү аракетин сынап турганын белгиледи.

«Коррупцияга каршы күрөштүн идеологиясы болушу керек. Коррупционерлер жөнөкөй адамдар эмес, ар тараптуу билимдүү, элдин психологиясын жакшы билет. Ар кандай ыкманы колдонот, уруучулук, жердешчиликти көтөрүшөт. Кыргыздардын талуу жерлеринин баарын колдонуп көрөт. Эми бийлик Матраимовду кое берип артка чегинсе, акмак болгону ошол. Анда эл дагы жаман үйрөнөт, эртең Жумалиевди колдогондор чыгат. Мунун эң коркунучтуусу - коррупционер мамлекетке чыгым төлөбөй, "элге чачсам мени коргойт" дегенге өтө баштайт. Матраимовдун темасы бийликтин коррупция менен күрөшүндөгү термометр болуп калды».

Жемкорлук жана маалыматтык манипуляция

Айрым активисттер айыбын моюнуна алып, мамлекетке 2 млрд. сомду төлөп бергени айтылган мурдагы бажычыны колдоп чыккандарды, айрыкча Жогорку Кеңештин депутаттарынын митингге барып сүйлөгөнүн жарандык коомго жана сөз эркиндигине басым катары баалашты.

Саясат талдоочу Эмил Жороев коррупциялык ири схеманы түзгөн топ өз кызыкчылыгын коргоо үчүн болгон аракетин жумшап, коомдук аң-сезимди бурмалай турганын белгиледи. Бийликти, таза коом курууга умтулган жарандык коомду жемкорлук менен күрөштө ар кандай каршылыктарга даяр турууга чакырды.

«10 миң киши оңой эле, керек болсо 100 миң чыгабы дегем. Анткени анын коррупциялык системасы канчалык кучак жайганын баарыбыз көрбөдүкпү. Акчанын, кылмыштуу топтордун күчү бар. Митингдин урааны “Азаттыкка”, бейөкмөт уюмдарга каршы болсун деп атайын тандалган. Анткени бийликке ачык каршы чыга алышпайт. Болбосо Матраимовду бийлик камабадыбы».



Жороев Оштогу Матраимовду колдогон акцияга катышкан депутаттардын аракети мамлекеттин коррупция менен күрөшүнө каршы чыгуу катары каралышы керектигин кошумчалады.

Матраимовду колдоп чыккандарды жүйөсү

Митингде Жогорку Кеңештин депутаттары, былтыр октябрдагы парламенттик шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен барган Мирлан Бакиров, Бактыбек Райымкулов, Таабалды Тиллаев, Искендер Матраимов катышты.

Алар Райымбек Матраимовдун камалышы жарандык коом жана айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызыкчылыгы экенин айтышты.

Депутаттардын бири Бактыбек Райымкулов Матраимовду күнөөлүү деп эсептебейт. Ал Матраимовду камалышына эмнеге айрым жарандык коом өкүлдөрүн күнөөлөп жатканын мындайча түшүндүрдү.

«Бүгүнкү күндө Матраимовду жөн эле курал кылып бийликти элге жаман көрсөтүү максаты болуп жатпайбы. Бийликке мыйзам чегинде, акыйкат карагыла деп ачык айтып жатабыз. Мисалы, силердин сөзүңөрдү уга берсе кандай болуп калат? Анда бейөкмөт уюмдарга, “Азаттыкка” каршы бир топ кадамдарды кылабыз», - деди Райымкулов.

28-февралдагы митингде “кылмыштуу кирешени адалдоого” шек саналган мурдагы бажы кызматкери Матраимовдун депутат агасы Искендер Матраимов бир тууганын каматууга кызыкдар күчтөр барын белгилеп, эмнеге митинг уюштурганын түшүндүрдү.

«Үч жыл чыдадык, жердештерим. Мен чыдабадым, акыры. Ошол жердеги өкмөт, бийликке дагы айттым. Инимдин ак экенин билем».

Былтыр октябрда жыйынтыгы жокко чыккан шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясынын лидери катары барган депутат Мирлан Бакиров парламентте түзүлгөн комиссия Райымбек Матраимовдун кылмыштуу иштерге тиешеси жок деп тапканын билдирген.

Анткен менен кийин парламент төрагасы Талант Мамытов Түркияда өлтүрүлгөн Айеркен Саймаитинин өлүмүнүн чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынтыгы менен Матраимовго алты кылмыш иши козголгонун билдирген.

«Ал факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Тергөө купуялыгы деген бар. Бизге ошондой өтүнүч болгон. Алты кылмыш иши тергелип жатканынан улам тергөөнүн жыйынтыгы менен чечим чыгаруу деген маселе болгон. Алты кылмыш ишинин козголушу - комиссиянын ишинин жыйынтыгы. «Азаттыктын» иликтөөлөрүнүн негизинде тергөө жүрүп, тиешелүү юридикалык баа берилсин деген чечим чыккан», - деген Мамытов.

Ошол кездеги башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов дагы "Матраимовдор боюнча кылмыш иштери боюнча тергөө жүрүп жатат" деп айткан.

Ал ортодо Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусовдун Матраимовду актаган пикирин nazarnews сайтты жарыялады.

Шектүү катары камакта жаткан Матраимов боюнча дипломаттын комментарий бергенине Тышкы иштер министрлиги үн ката элек. Мекеменин басма сөз кызматы бул тууралуу маалымат кийин берилерин билдирди.

Элчи Ибрагим Жунусов да октябрь айында Райымбек Матраимовго таандык экени айтылган “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен шайлоого барган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту быйыл 11-февралда Матраимовду бажыдагы коррупция боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Ага 260 миң сомдук айып пул чегерген. 18-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине сурак бергенден кийин Матраимов экинчи жолу кармалган.

Ал бул ирет кылмыштуу кирешени адалдаштырууга байланыштуу айыпталууда. Эки айга атайын кызматтын тергөө абагына камалган Матраимов жакында ден соолугуна байланыштуу менчик ооруканага жаткырылганы маалым болду. УКМК буга байланыштуу коомчулукка толук түшүндүрмө бере элек.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG