Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

Мариуполдогу тозок: туш келди көмүлгөн маркумдар


Мариуполдо көз жумган адамдын сөөгүн көчө боюнда жерге берип жатышат.
Мариуполдо көз жумган адамдын сөөгүн көчө боюнда жерге берип жатышат.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Мариупол украин аскерлеринин карамагында экенин билдирди. Буга чейин шаарды орус армиясы өз көзөмөлүнө алганын жарыялаган.

"Азовсталь" заводунда миңдеген аскерлер жана жайкын тургундар курчоодо кала берүүдө. Ал арада Кошмо Штаттар Киевге дагы 800 миллион долларга бааланган аскердик жардам жөнөттү.

21-апрелде Мариуполдон 80дей жайкын тургунду чыгарып кетүүгө мүмкүн болду. Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук көбүрөөк адамды эвакуациялоо пландалганын, бирок орус аскерлеринин аткылоосуна байланыштуу максаты ашпай калганын билдирди.

Курчоодон чыккандар арасында 61 жаштагы Юрий да бар. Ал эки ай ичинде көргөн азапты сүрөттөө үчүн сөз табылбай турган айтты.

"Мариупол тозокко айланды. Башкача айтуу мүмкүн эмес. Орус аскерлери адамдарды жөн эле өлтүрүп жатат. Эч ким чара көрбөсө, Запорожьеде дагы ошондой болот. Эртерээк бир нерсе кылбаса болбойт", - деди Юрий Лулак.

Ал Москванын аймактагы "орус тилдүүлөрдү куткарабыз" деген жүйөсү калп экенин, орус аскерлери иш жүзүндө адамдарды ылгабай өлтүрүп жатканын кошумчалады.

Дагы бир тургун Дмитрий Антипенко каза тапкандар туш келди эле көмүлүп жатканын айтты. Ал көп кабаттуу үйдүн короосуна эле жети жайкын тургундун сөөгү жашырылганын кошумчалады.

Ага чейин Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Мариуполдон он миңдеген адамдар чыгарылганын билдирген. Украин бийлиги маалыматты четке какты.

Министр 21-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путинге жолукканда Мариупол толук "бошотулганын" айткан.

Украинанын лидери Владимир Зеленский бул сөздөрдү четке кагып, курчоодо калганына карабай Мариуполдун тургундары жана аскерлер орус армиясына каршылык көрсөтүүнү улантып жатканын айтты.

Ал 22-апрелде Португалиянын парламентине кайрылып жатып Мариуполдо каза болгон адамдардын так санын айтуу мүмкүн эмес экенин кошумчалады.

"Так билбей калышыбыз мүмкүн. Анткени орус аскерлери калаадагы адамдын сөөгүн дароо өрттөп жок кылган мобилдүү крематорий алып келген. Баскынчылар дүйнөнүн Бучадагы кыргынга жасаган реакциясынан бүтүм чыгарып, эми согуш кылмыштарынын изин жашыруу аракетин көрүп жатат".

Бир күн мурда Орусиянын президенти Владимир Путин "Азовсталь" заводуна чабуул койбой, тескерисинче чымын өтө албагыдай курчоого алууну тапшырган. Буга карабай орус аскерлери аткылоого аракет кылып жатканын украин бийлиги кабарлады.

Металлургиялык комплекстин ичинде миңдеген аскерлер жана жайкын тургундар жашырынып отурат. Ичиндегилердин бири Би-Би-Си радиосуна бункерлердин ичинде көз жумгандар жана жарадарлар бар экенин айткан.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Москваны гуманитардык укукту сыйлап, жайкын тургундарга Мариуполдон чыгып кетүүгө жол ачып берүүгө чакырды.

АКШнын аскердик жардамы

Ал арада Кошмо Штаттар Украинага дагы 800 миллион долларлык аскердик жардам бөлдү. Алдыдагы бир нече жумада артиллерия, тактикалык учкучсуз аппараттар жана башка курал-жабдык жеткирилет.

Өткөн жумада эле АКШ Украинага 800 миллион долларлык жардам бөлгөнүн жарыялаган.

Байден Вашингтон украин күчтөрүнө чалгын маалыматтары менен бөлүшүүнү улантарын кошумчалады.

АКШнын президенти Жо Байден.
АКШнын президенти Жо Байден.

Байдендин айтымында, АКШ Украинага экономикасын стабилдештирүүгө жардам берүү үчүн 500 миллион доллар бөлөт.

Зеленский Вашингтонго ыраазычылык билдирип, анын мамлекети дагы көбүрөөк колдоого муктаж экенин кошумчалады. Президент белгилегендей, Украина экономикалык жоготуунун жана уланып жаткан согуштун чыгымдарынын ордун толтуруу үчүн ай сайын 7 миллиард долларга муктаж.

Ал Орусия кол салгандан бери Украинада миңдеген турак жай, ооруканалар, инфраструктуралык түзүмдөр, 1100дөн ашуун билим берүү жайлары талкаланганын, өлкөнү калыбына келтирүү үчүн миллиарддаган долларлар керек экенин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG