Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

"Манасты" түркчө даңазалаган Хайретдин Ивгин


Түрк жазуучусу Хайретдин Ивгин жазган “Манас” эпосунун кыргызча варианты.
Түрк жазуучусу Хайретдин Ивгин жазган “Манас” эпосунун кыргызча варианты.

Түрк жазуучусу Хайретдин Ивгин жазган “Манас – Алтай тоолорунун арстаны” романы кыргыз тилинде жарык көрдү. Аталган роман буга чейин Түркияда үч жолу басылып чыккан. 

Түркиянын белгилүү жазуучусу, адабиятчысы жана фольклор таануучусу Хайретдин Ивгин дээрлик 40 жылдан бери “Манас” эпосун изилдеп, эмгек жазып келет.

Анын эпостун негизинде жазылган китеби Түркияда өз окурмандарын таап, эпостогу каармандар тууралуу диссертациялык көптөгөн иштер жазылган.

“Манас” эпосу ааламды аралап, дүйнө эли сүйүп окуса деп тилек кылган автор алдыдагы ой-максаттарына токтолду:

«Бул китеп түрк, азербайжан, өзбек жана кыргыз тилдерине которулду. Алдыда түркмөн, казак жана орус тилдерине да которулуп басылып чыгат. Эми “Манас” эпосу дүйнө элине таанылышы үчүн англис тилине да которулса, анан Манас тууралуу бир жакшы тасма тартылса деген аруу кыялым бар», - деди Хайретдин Ивгин.

Хайретдин Ивгиндин “Манас – Алтай тоолорунун арстаны” деген романынын бет ачары 10-мартта “Манас” жана Ч.Айтматов Улуттук академиясынын чоң жыйындар залында өттү.

Ага Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Дюсен Касеинов, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) уюмунун Кыргызстандагы координатору Осман Уста баш болгон өкүлдөр жана кыргызстандык окумуштуулар, акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер катышты.

ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Дюсен Касеинов “Кыргызда “Башканы коюп Манасты айт” деген накыл кептин бир мааниси башканы коюп, эпосту башкаларга жайылта жүр деген таалим экенине токтолду.

«Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму “Манасты” роман кылып жазган түрк жазуучусу Хайретдин Ивгиндин эмгегин уккандан баштап, бул кабарга өзгөчө маани берди. Беш-алты жыл мурда китепти таап, автору менен таанышып, ыраазычылык билдирип, “Манас – Алтай тоолорунун арстаны" китебинин түрк тилиндеги вариантынын ачылыш аземин ТҮРКСОЙдо уюштурган. Мына эми ошол китептин кыргызча басылып чыккан вариантын “Манас” жана Ч.Айтматов академиясынын залында, сиздердин алдыңыздарга сунуш кылып отурабыз. Бул түрк элинин ынтымагын ширеткен, “Манастын” атын ааламга тааныткан китеп болсун».

Буга чейин “Манас” эпосунун кара сөз түрүндөгү вариантын Ашым Жакыпбеков, Кеңеш Жусупов сыяктуу жазуучулар жазып чыккан.

Жазуучу, котормочу Сулайман Кайыпов кыргыздын “Манас” эпосу башка тилдерге которулуп, башка улуттун көз карашында кабыл алынып, кайра кыргыз тилине которулуп жатканы – бул маданияттын жаңы көз караш менен жаңыланып тургандыгы деп эсептейт.

Сулайман Кайыпов.
Сулайман Кайыпов.

«Бул жаңылык илимий жааттан алганда да кызык. Мисалы, түрк жазуучусу “Манасты” окуганда кайсы жагын көрөт деген суроо жаралат. Көрсө, биринчи Хайретдин Ивгин биографиялык линиясын көргөн экен, андан кийин эпостогу окуяларды реалдуу турмушка жакындатуу жагын караптыр. Ошол эле мезгилде эпостун духун сактаптыр. Мына ушул жагынан алганда бул автордун эмгеги кыргыз окурмандары тарабынан да жакшы окулат деп ойлойм. Бирок эң башкы максат башка улуттар дагы окуп, баасын берүүдө болсо керек».

Кыргыз эл акыны, Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Култегин китеп кандай деңгээлде жазылганын талдагандан мурда, анын башка улуттун өкүлдөрү кызыгып, таратып жатканын колдоого алыш керек деген пикирде.

Анын айтымында, мындай маданий алака улуттар ортосунда бири-биринин дүйнөсү менен тааныштырган көпүрө болот.

«Чынын айтканда биз “Манасты” элдин баары билет деп ойлой беребиз. Бул популисттик гана көз караш. Жадагалса кыргыздардын арасында да Манастын атын билгени менен, эпосту барактап чыкпагандар бар. Ошондуктан түрк жазуучусу чыгарган китеп колдоого аларлык. Андан ашып-ташкан жаңылыкты деле күтүүгө болбойт, жөнөкөй тилде, баян түрүндө жазылган. Бирок “Манасты” таанытууда бир топ кызмат кыла турган китеп десем туура болот».

Култегин: Кыргыз маданиятынын түрк дүйнөсүндөгү баасы өстү
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:34 0:00

"Манас" эпосунун китеп болуп басылып чыккан варианттарынан сырткары, Улуттук илимдер академиясында жана манасчылардын өздөрүндө 80ге жакын вариант сакталып келет.

Дүйнөдө эң көлөмдүү деп эсептелген “Манас” эпосу кытай, англис, немис, француз, жапон, фарс, монгол, чех, болгар, венгер, уйгур, ж.б. бир топ тилдерге которулган.

"Манас" эпосунун үчилтиги ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине Кыргызстандын атынан катталган.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG