Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

Лондон Москваны айыптады


Британ парламенти
Британ парламенти

Британиянын ички иштерине Орусиянын кийлигишкени тууралуу баяндама жарык көрдү.

Орусия 2014-жылы Шотландияны Британиядан бөлүүгө аракет кылган. Ал эми 2016-жылы Лондондун Еврошаркеттеги мүчөлүгү боюнча референдумга Москванын кийлигишүүсүн британ өкмөтү аныктай алган жок.

Мындай билдирүүлөр Британ парламентинин коопсуздук жана чалгындоо боюнча комитетинин докладынын негизинде жасалды.

Алты жыл мурда акыры Шотландиянын эгемендигине каршылардын басымдуулугу менен жыйынтыкталган референдумга Орусиянын таасири «Батыштагы демократиялык добуш берүүгө мурдагы совет өлкөсү тарабынан биринчи кийлигишүү» катары бааланды.

Кошмо Штаттар Орусияны президенттик шайлоого кийлигишүүгө андан эки жылдан кийин 2016-жылы айыптаганы белгилүү.

Баяндамада Орусия Британия менен Батыш өлкөлөрүнө ар тараптуу тыңчылык, киберчабуул жүргүзгөн «кас держава» катары көрсөтүлгөн.

«Орусия Батышка болгон паранойясы, өзүн күчтөнүп бараткан улуу держава катары көрсөтүү аракети менен жалпы коопсуздукка коркунуч жаратууда. Ал кара ниет киберчабуулдары менен агрессивдүү чакырык жасап, башка өлкөлөрдө каршы тараптарды чаташтырып, шайлоолорго кийлигишип жатат. Бул түзмө түз улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат», - деди Шотландиянын партиясынын депутаты Стюарт Хоузи.

Хоузи Шотландиядагы референдумдан кийин 2016-жылы Брекзит боюнча добуш берүүдө Москванын таасирин «британ өкмөтүндө эч ким өз убагында көзөмөлгө алып, иликтөөгө аракет кылбаганы» үчүн сындады.

Британия Еврошаркеттен чыгып, Брекзит жараяны кабыл алынып жаткан тушта бийликке келген премьер-министр Борис Жонсондун өкмөтү Орусиянын референдумга кийлигишүүсүн тастыктаган далилдер табылбаганын айтып, кайрадан иликтөө жүргүзүүдөн баш тарткан. Былтыр даярдалган бул баяндаманы жарыялоону токтотуп койгон.

Британ депутаттарынын өкмөткө койгон жаңы дооматы боюнча Британ тышкы иштер министри Доминик Рааб АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Лондондогу жолугушуусунда токтолуп, «Кытай жана Орусия менен алака курчуп турганда Британия, АКШ жана башка тарапташ мамлекеттер эл аралык чөйрөдө бирдиктүү баалуулуктар үчүн күрөшүүсү» керектигин белгиледи.

«Киберчабуулдар тууралуу сөз болгондо, биз Орусия тараптан келип жаткан коркунучтар боюнча бир да секунд жайбаракат отурган жокпуз», - деди Рааб.

Ушул жуманын башында Рааб «орусиялык хакерлер коронавируска каршы вакцина иштеп жаткан дүйнөлүк уюмдарга чабуул жасап, маалыматты уурдоого аракет кылып жатышат» деп айтып чыккан.

Мындан сырткары британ баяндамасында «орус өкмөтүнүн агенттери» Лондон аркылуу акчасын адалдап жатканы белгиленген. Парламенттик комитет өкмөттү Кремл менен байланышы бар орусиялыктардын Британияда кайрымдуулук фонддорун жана саясий уюмдарды ачып, Москванын кызыкчылыктарын жүргүзүүсүн чектөөнү, өлкөгө «путинчил элитанын» келишин токтотууга чакырган.

«Улам алмашкан өкмөт өкүлдөрү көбү Путин менен тыгыз байланышта болгон орус олигархтарын акчасы менен кучак жайып тосуп ала беришкен. Алар эми Британиянын ишкердик, саясий жана социалдык чөйрөсүндө бекем отурукташып, өзүнчө «лондонград» түзүп алышты. Аларга бир гана байлыгы боюнча суроолор берилген. Мындай «ачык эшик» ыкма Лондонду «кир жуучу автомат» катары колдонуп, мыйзамсыз акчаны жүгүртүүгө механизмдерди ачкан», - дейт Лейбористтер партиясынын депутаты Кеван Жонс.

Ал эми Кремль Лондондун айыптоолорун четке кагууда. Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков докладдагы айыптоолорду далилдеген фактыларды сурады.

«Британияга сый-урмат менен айтып коёт элем, бизге өлкөбүздө болуп жаткан иштер жана окуялар гана маанилүү. Орусия эч качан АКШ же Британиянын, же кандайдыр бир башка өлкөнүн шайлоо процесстерине кийлигишкен эмес», - деди Песков.

Британ-орус алакасы эки жыл мурда Солсбери шаарында мурдагы орусиялык тыңчы Сергей Скрипал кызы Юлия менен ууланып, буга Лондон Москваны айыптагандан кийин кескин начарлап кеткен.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG