Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:43

АКШ: Орусия адам сатууга каршы жигердүү күрөшкөн жок


Майк Помпео
Майк Помпео

Орус бийлиги киши сатууга каршы жигердүү иш алып барган жок, бийликтин бул тармактагы аракеттери көйгөйгө каршы күрөштүн стандарттарына жооп бербейт.

Мындай бүтүм дүйнөдөгү адам соодалоо маселеси жөнүндөгү баяндамада камтылган. Документ менен бейшембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео тааныштырды.

Орусия адам сатуу маселеси курч 20 өлкө менен бирге үчүнчү топко киргизилген. Бул топто Ооганстан, Иран, Түркмөнстан жана Беларус да бар. Баяндамада мажбурлап иштетүү маселеси олуттуу экени, мындан көбүнчө Орусиядагы кытай жумушчулары жапа чегип жатканы белгиленген. АКШ бийлиги Орусияда Кытайдын миңдеген жарандары иштеп жүрөт деп эсептейт.

Помпеонун айтымында, дүйнөдө 25 миллион киши, анын ичинде балдар адамды соодалоонун жана сексуалдык кулчулуктун курмандыгына айланган.

Помпео АКШ президенти Дональд Трамп 2019-жылдагы баяндамада төмөнкү рейтинг ыйгарылган 15 өлкөгө жардамдын айрым түрлөрүн берүүнү чектегенин эске салды.

XS
SM
MD
LG