Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:26
 Бишкек шаары. Ленин округундагы добушканалардын бири. 28-май, 2023-жыл.
Бишкек шаары. Ленин округундагы добушканалардын бири. 28-май, 2023-жыл.

Ленин округу: баштапкы эсепте Дамира Ниязалиева алдыга чыкты

29 талапкердин үчөө - Равшан Жээнбеков, Илгиз Сарылдык уулу, Акыл Айтпаев тергөө абагында. Талапкерлердин арасында Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Данияр Тербишалиев, Өмүрбек Суваналиев, Дамира Ниязалиева, Турсунбай Бакир уулу, Ажыбек Касмалиев, Акин Токталиев, Руслан Бекназаров да бар.

17:41 28.5.2023

Акыйкатчы институту өз кызматкерлери бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округу боюнча парламент депутатын шайлоого мониторинг жүргүзүп жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, байкоо жүргүзүш үчүн институтта атайын штаб түзүлгөн. Кызматкерлер добушканалардагы шайлоонун жүрүшүнө байкоо салып, анкета боюнча сурамжылоо жүргүзүлүп жатат.

Анда майыптыгы бар шайлоочулардын укуктарынын корголушуна көңүл бурулууда. Добушканаларда мониторинг жүргүзө турган көчмө топ уюштурулган.

Саат 11.00дөгү маалымат боюнча алар эреже бузуу катталган 11 добушканада болгон жана ал маселелер жеринде чечилген. №1035 участкалык шайлоо комиссиясындагы (УШК) байкоочулардын айтымында, 15ке чукул шайлоочу эртең мененки саат 8ден 8.30га чейин монитордон өтпөй добуш берүүгө кирип кетишкен. Байкоочулар алар тууралуу маалыматты көрүшкөн эмес.

"УШКнын мүчөлөрүнүн маалыматына таянсак, алар дароо техникалык колдоого байланышып, системаны кайра иштетишкен, ошентсе да бюллетендер квитанциялар боюнча берилген. №1046 участокто байкоочулардын бири добуш берип жаткандардын паспортунун жеке маалыматын сүрөткө тартып алган. Институттун дагы бир бир тобу ЖМКдагы жана социалдык тармактардагы жарандардын укуктары бузулуп жатканы тууралуу кабарларга байкоо салууда. Анын жыйынтыгында зарыл болгон учурда компетенттүү органдарга жана эл аралык уюмдарга тиешелүү сунуштамалар берилет", - деп жазылган маалыматта.

17:11 28.5.2023

БШКнын төрагасынын орун басары Нурлан Койчукеев 2021-жылдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу Ленин округундагы добуш берүү солгун экенин, эки эсеге аздыгын айтты.

"2021-жылдан бери эки жыл өттү, шайлоочулардын саны дагы көбөйдү, бирок бул жолку добуш берүүгө катышкандар аз",-деди Койчукеев.

Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округунда саат 16.00гө карата тизмеде катталган 125 миңдей шайлоочунун 11 миңден ашыгы гана добуш берди. Бул аталган райондо катталган шайлоочулардын 9% жакынын түзөт.

13:59 28.5.2023

Борбордук шайлоо комиссиясынын саат 12:00гө карата маалыматына караганда, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча парламент депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 5389 киши добуш берди. Бул шайлоочулардын жалпы санынын 4,31% түзөт.

12:15 28.5.2023

Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунан парламент депутаттыгына талапкер Эртай Искаков Фейсбуктагы баракчасына 28-майдын түнү дагы бир талапкер Дамира Ниязалиеваны колдоп шайлоочуларды сатып алууга шек саналган үгүтчүлөрдү милиция кармап кеткенин билдирди.

Талапкер Дамира Ниязалиева жана анын шайлоо штабы азырынча маалымат бере элек.

Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы Султан Макилов добуш сатып алууга байланыштуу деген видео текшерилип жатканын “Азаттыкка” билдирди. Анын маалымдашынча, текшерүүнүн жүрүшүндө ошол видео тартылган кафенин ээси, официант жана үч аял сурак берип жатат. Кафеден талапкерлердин биринин үгүт материалдары табылган.

Мунун алдында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаров Бишкектеги бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда добуш башталгандан саат 11.00гө чейин алты арыз түшкөнүн кабарлаган. Анда кайрылуулардын үчөө үгүт иштерине байланыштуу болсо, калганы добуш сатуу тууралуу экенин айткан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG