Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:18
 Бишкек шаары. Ленин округундагы добушканалардын бири. 28-май, 2023-жыл.
Бишкек шаары. Ленин округундагы добушканалардын бири. 28-май, 2023-жыл.

Ленин округу: баштапкы эсепте Дамира Ниязалиева алдыга чыкты

29 талапкердин үчөө - Равшан Жээнбеков, Илгиз Сарылдык уулу, Акыл Айтпаев тергөө абагында. Талапкерлердин арасында Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Данияр Тербишалиев, Өмүрбек Суваналиев, Дамира Ниязалиева, Турсунбай Бакир уулу, Ажыбек Касмалиев, Акин Токталиев, Руслан Бекназаров да бар.

12:08 28.5.2023

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, саат 10.00гө чейин бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда 2007 адам добуш берди жана бул жалпы шайлоочулардын 1,61% түздү.

Президент Садыр Жапаров менен жубайы Айгүл Жапарова бул округдан добуш берди.

БШКнын билдиришинче, жалпысынан 51 добушкана ачылды. Аймакта шайлоочулар тизмесинде 125 миңге жакын адам бар. Добушканадан сырткары 83 адам добуш берди.

11:33 28.5.2023

Бишкектеги бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда добуш башталгандан саат 11.00го чейин алты арыз түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди. Анын ырасташынча, кайрылуулардын үчөө үгүт иштерине байланыштуу болсо, калганы добуш сатуу тууралуу.

Шайназаровдун айтымында, Ленин райондук милициясы төрт арызды териштирүүдөн баш тартты, ал эми добуш сатып алууга байланыштуу эки кайрылуу текшерилип жатат.

09:28 28.5.2023

Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 29 талапкер ат салышып жатат. Алардын үчөө, тактап айтканда Равшан Жээнбеков, Илгиз Сарылдык уулу жана Акыл Айтпаев тергөө абагында кармалып турат.

Талапкерлердин арасында Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Данияр Тербишалиев, Өмүрбек Суваналиев, Дамира Ниязалиева, Турсунбай Бакир уулу, Ажыбек Касмалиев, Акин Токталиев, Руслан Бекназаров өңдүү саясатчылар жана коомдук ишмерлер бар.

Аймакта шайлоочулар тизмесинде 125 миңге жакын адам бар. Добушканадан сырткары 83 адам добуш берди.

09:06 28.5.2023

Боршайкомдун маалыматына караганда, шайлоо күнү Улуттук банк, Банктар аралык процессинг борбору, коммерциялык банктар, төлөм системаларын жүргүзүүчү операторлор жана Мамлекеттик каржылык чалгындоо кызматы менен чогуу электрондук төлөмдөргө байкоо жүргүзүлөт.

Мындай көзөмөл 2021-жылы Жогорку Кеңештин жана шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо учурунда да жүргүзүлгөнүн билдирди.

БШК талапкерлерге добуштарды сатып алуу - кылмыш жоопкерчилиги болуп саналарын эскертти. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча шайлоочулардын добушун сатып алууга айыпталган адамга 260 миң сом айыппул салынат же 2,5 жылга эркиндигинен ажыратылат.

Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 29 талапкер ат салышууда. Алардын үчөө тергөө абагында кармалып турат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG