Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:22
 Бишкек шаары. Ленин округундагы добушканалардын бири. 28-май, 2023-жыл.
Бишкек шаары. Ленин округундагы добушканалардын бири. 28-май, 2023-жыл.

Ленин округу: баштапкы эсепте Дамира Ниязалиева алдыга чыкты

29 талапкердин үчөө - Равшан Жээнбеков, Илгиз Сарылдык уулу, Акыл Айтпаев тергөө абагында. Талапкерлердин арасында Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Данияр Тербишалиев, Өмүрбек Суваналиев, Дамира Ниязалиева, Турсунбай Бакир уулу, Ажыбек Касмалиев, Акин Токталиев, Руслан Бекназаров да бар.

09:06 28.5.2023

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан парламент депутатын шайлоо саат 8де башталды. Добушканалар кечки саат 8ге чейин иштейт. Аймакта жалпы 51 добушкана ачылган.

Жекшембиде - 27-майда көчмө добуш берүү болду. БШК анын жыйынтыгын жарыялай элек. 51 шайлоо тилкесинин 20сынан шайлоочуларга көчмө добуш берүү мүмкүндүгүн берүү өтүнүчү менен 97 арыз түшкөн.

Анын:
• улгайгандыгына байланыштуу - 5;

• майыптыгы барлар - 28;

• ооруп жаткандыгына байланыштуу – 41

• Башка категорияларга киргендер -23.

XS
SM
MD
LG