Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:34

Кытай-орус мамилесиндеги өзгөрүү. Согуш, мунай жана кыйытма сын


Владимир Путин жана Си Цзиньпин.
Владимир Путин жана Си Цзиньпин.

“Чеги жок шериктештик” жөнүндө расмий кеп-сөздөр айтылып жатканы менен, Украинадагы үч айдан бери жүрүп жаткан согуш Бээжин менен Москванын ортосундгы мамиленин татаал экенин айгинеледи.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 23-марттагы конференцияда "Украинага каршы согушуп жаткан Орусияга жардам бербеш керек" деп Бээжинди эскертти. Ошол күнү Кытайдын мамлекет каржылаган болушу ыктымал хакерлери жиберген электрондук каттар тобу менен орусиялык бир нече аскер-конструктордук бюронун адистери менен инженерлеринин почтосуна келип түштү.

Баары бирдей аталыш менен жазылган ал каттарда Украинадагы согушка байланыштуу АКШнын санкция тизмесине киргизилген деп айтылып жаткан орус фамилиялары бар. Бирок кибер коопсуздук боюнча иштеген израил-америка фирмасынын жакында жарыяланган отчётуна карасак, бул каттар кытай тыңчыларынын Орусияга каршы көп жылдар бою жүргүзүп келген иш-аракеттеринин бири эле экен. Эгерде каттардын бири эле ачылса, аялуу желелерге зыяндуу программалык тиректерди орнотуп салгыдай документтер бар эле.

Март айында бир күндө болгон бул эки окуя Кытай менен Орусия ортосундагы мамиле канчалык татаал экенинен кабар берет. Бул жагдай Кошмо Штаттарга каршы тилектештиги бекемделсе да, ошол эле учурда Орусиянын 24-февралдагы кадамынын саясий жана экономикалык таасирин чагылдырып турат.

Украинада үч айдан бери токтобой жаткан согуштан кийин Бээжин дагы эле Москванын жосунун айыптабай келет. КЭР төрагасы Си Цзиньпин дүйнөдөгү Украинанын президенти Владимир Зеленский менен азыркыга чейин сүйлөшүү жүргүзө элек лидерлердин бири болуп саналат. Кытай мурдагыдай эле Орусияга каршы Батыштын киргизген санкцияларына каршы турууда. Эми орус мунайын көбүрөөк сатып алып, согуш башталгандан кийин Батыш кардарлары бош калтырган жайды толуктоого жардамдаша баштады.

"Азыр Батыш [Орусияга каршы] өкүмчүл турумду карманган чакта биздин Бээжин менен болгон алакабыз мурдагыдан да тезирээкк өнүгөт", - деди 23-майда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

4-февралда Си жана Путин “чеги жок шериктештиктин” жаңы доору башталды деп жар салышты. Бирок, көп жагынан жакындашып жатса да, эки өлкөнүн ортосундагы татаал мамиледе ишенбөөчүлүк, сын тагуучулук жана тымызын атаандаштык маанайы дагы эле сакталууда.

"Путиндин тушунда Орусия кайрадан жакшы өнүгө баштады деген сөз жалган. Орусиянын көп тармактар боюнча кедерине кетип жатканы даана көрүнүп… куралдуу күчтөрүнө жана анын күжүрмөн даярдыгына да терс таасир этүүдө", - деди 2005-2007-жылдары Кытайдын Украинадагы элчиси болуп турган Гао Юйшэн.

Тымызын сын тагуу

Гаонун бул сөзү Бээжиндеги адистердин конференциясы жүрүп жаткан кезде айтылып, мазмуну 10-майда жарым-жартылай мамлекеттик болгон Phoenix News Media кытай теле тармагында стенограмма түрүндө жарыяланды.

"Орус армиясынын экономикалык жана каржылык даремети аскердик эң ири дөөлөт делип келген мамлекеттин макамына жарашпайт – жогорку технологиялуу согушка жарабай жатат. Орус армиясы кедейлигинин айынан жеңилип калды", - деди Гао.

Бул макала жарыялангандан бир нече саат өткөндө өчүрүлдү. Бирок Гаонун ачык айткан сын пикири кытай талдоочулары менен мурдагы расмий кишилеринин сөздөрү менен үндөшүп турат. Алар Москванын кошуна өлкөгө бастырып киришин анча жактырбай, Украинада аскердик жеңилишке учураган соң, келечектеги өнөктөш болуусун деле анча колдобой калды.

“Дүйнөдөгү аскердик кудурети боюнча экинчи орунда турган өлкөгө кайсы бир мамлекет бастырып кирүүгө даашы мүмкүн беле деп азыркыга чейин түшүнбөй келем. Анын бир карыш жерин ээлешке эч ким батына албастыгын Орусия дагы бир ирет дүйнө жүзүнө көрсөттү”, - деп жазды жакында аскер стратеги, Кытайдын Элдик боштондукка чыгаруу армиясынын (КЭБА) Улуттук коргонуу университетинин профессору Гонг Фангбин WeChat’та жарыяланган макаласында.

Гонгдун макаласы да цензурага алынды, бирок ал Москванын Украинага бастырып киришин актоо үчүн НАТО бурчка камашка умтулууда деген жүйөөсүнө кытай эксперттери менен окумуштуулары улам катуураак нааразы болуп жатканын көрсөтүп турат.

Электрондук техника дүйкөнүнүн кардарлары Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин чыгып сүйлөгөн сөзүн угуп жатат. Ханчжоу, Кытайдын чыгыш тарабындагы Чжэцзян аймагы. 2022-жыл, 25-февраль.
Электрондук техника дүйкөнүнүн кардарлары Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин чыгып сүйлөгөн сөзүн угуп жатат. Ханчжоу, Кытайдын чыгыш тарабындагы Чжэцзян аймагы. 2022-жыл, 25-февраль.

Мындай пикир айтуучулар чыр-чатактын чыгышына дагы эле Вашингтон күнөөлү деп жатса да, алар Орусиянын иш-аракеттерин март айынын этегинен бери улам катуу сынга алына баштаганын көрсөтүп турат. Ошол күндөрү Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин алдындагы кеп-кеңеш агенттигинин курамына кирген Мамлекеттик саясатты изилдөө борборунун төрага орунбасары Ху Вэй Бээжинди Украинадагы согушка байланыштуу Орусиядан мүмкүн болушунча тезирээк оолактоого чакырган эле.

Украинадагы согуштун жүрүшү өзгөргөнүнө жараша Бээжин Москвага карата кыйла этият мамиле кыла баштады. Кытай компаниялары жана өкмөтү Орусияга экономикалык же аскердик жардам жөнөткөн жок. Ал эми Кытайдын ортомчулары экинчи ирет киргизиле турган санкциялардан кооптонуп, орустар менен экономикалык алака кылуудан тартынып калды.

Кытайдын дипломаттары Украинадагы согушка карата бейтарап турумду сактагандай түр көрсөтүүгө аракеттенип, өздөрүнүн кадыр-баркын сактоону ойлоп калышты.

"Орусиянын Украинады согушун НАТОнун чегинин кеңейишине каршы деген күндө деле аны мыйзамдуу дешке болбойт. Орусияны ачык айыптабаганы үчүн [Индия жана Кытайдын] бедели төмөндөп жатат", - деди 9-майда КЭБАнын улук офицери Чжоу Бо Индиянын Делидеги талдоо борбору уюштурган иш-чарада.

Көмүскө оюндар

Бээжин өнөктөш катары Орусиядан эч оолактабагандай сезилсе да, Украинадагы согуш көптөгөн кытай саясатчыларын жана идеологдорун бул өлкөнүн өнүгүү багыты жөнүндө ойлонууга аргасыз кылууда.

"Эл аралык алакалар боюнча көз караштарыбызда чоң айырмачылыктар бар", - деди Чжоу Бо. Ал Орусиянын улам катуу обочолонуусунун айынан экспортко көз каранды болгон экономикасы барган сайын көбүрөөк кысымга кабыла берет деп кошумчалады.

Бул жагдай эки өлкө ортосундагы оош-кыйыштын ого бетер оорлошуна алып келиши ыктымал. Анткени АКШнын бүткүл дүйнөгө таасир этүү мүдөөсүнө мурдагыдай эле чогуу каршы турууга умтулса да, алардын мындай мүмкүнчүлүктөрү барган сайын көбүрөөк айырмаланууда.

Check Point маалыматына ылайык, 2021-жылы июлда эле башталган кытай тыңчылыгын эске алганда, Бээжин Орусиянын аскер технологияларын жана сырларын билип алууга ондогон жылдар бою умтулуп келген дешет.

Кытайдын танкалары Чита шаарынан 250дөй км аралыктагы "Цугол" машыгуу майданында. Ошол кезде Чыгыш Сибирдеги "Чыгыш-2018" аскердик машыгуусу өткөрүлүп жаткан эле. Орусия, 2018-жыл, 13-сентябрь.
Кытайдын танкалары Чита шаарынан 250дөй км аралыктагы "Цугол" машыгуу майданында. Ошол кезде Чыгыш Сибирдеги "Чыгыш-2018" аскердик машыгуусу өткөрүлүп жаткан эле. Орусия, 2018-жыл, 13-сентябрь.

Согуш жүрүп жатканына карабай, аскердик кызматташуу улантылууда. 24-майда Кытай менен Орусия Москванын Украинага бастырып киргенинен берки алгачкы биргелешкен аскердик машыгууну өткөрүштү. АКШ президенти Жо Байден келип калган кезде Азиянын түндүк-чыгышында күч көрсөтүү үчүн эки өлкө тең өзөктүк бомбалоочуларын ошол аймактын үстүнөн учурушту.

Ошентсе да, Украинадагы согуш Орусиянын эл аралык кадыр-баркына доо кетирди деп эсептешет кытай талдоочулары.

"Эми эң чоң өзөктүк куралдарынан башка Орусиянын эмнелери 20 жылдан кийин канчалык мааниге ээ болот?", - деген суроону койду Чжоу.

Автор: Рид Стэндиш, "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун баяндамачысы

XS
SM
MD
LG