Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:29

Кызганычтан тагдыр талкаланды


(Кыргызстандын кризистик борборлор Ассоциациясы гендердик зомбулукка каршы БУУ - Аялдар глобалдык өнөктүгүнүн алкагында сунуштаган баяндар түрмөгүнөн).

Кыргызстандын шаарларынын биринде мурда эң сулуу деп табылган кыз кызганычтын айынан уулу менен отуруп калды.

Мектепте экенде эле Назгүл (этикалык жагдайга байланыштуу каармандардын ысымдары өзгөртүлдү) бул тегеректе эң чырайлуу кыз катары таанылган. Ошентип Оштогу ЖОЖдордун бирине өтөөрү менен анын артынан чуркаган эркектерден жол тийбеди.

Бирок Назгүл бирөөнүн көзүн карабаган, намыстуу кыз эле, колун сурагандын баарын чанды. Артынан калбагандардын арасында Асанбек аттуу жаш окутуучу да бар эле. Мугалим бай үйдөн чыккан, дайыма көздүн жоосун алган иномарка айдап жүрчү. Ошентип анын апасы Назгүлдүн үйүнө жуучу жиберет.

Ата-энеси кызынын эртелей турмушка чыгышына каршы болуп, бирок бара-бара Асанбек жактын жүйөлөрүнө муюп калышты. Жигит болочок колуктусунун окуусун көтөрүп, өмүр бою сүйүп өтөм деп касам ичет. Акыры Назгүл биринчи курсту аяктаары менен экөө баш кошту. Ал аңгыча шаар мэриясы "Оштун айпериси" конкурсун жарыялап, Асанбек бул сынакка катыш деп колуктусун мажбурлайт. Назгүл атактуу болгусу келген эмес эле, ошондуктан баш тартат, бирок Асанбек көгөрүп туруп алганда макул болот.

Ошентип кастинг өтөт, Назгүл тандоодон суурулуп, финалга чыгат. Финалдан биринчиликти алып, акчалай сыйлыкка татыйт. Дал ошол күндөн тарта Асанбек колуктусун аңдып, кайсы курбусу менен кафеге барганын, алтурсун китепканадан бери байкоого ала баштайт. Тынбай телефон чалып, "каерде ким менен жүрөсүң" деп такып турат. Назгүлдү жактырган жигиттер болсо сулууга гүл, кымбат парфюм белек кыла баштайт. Бирок ал белектин көбүн курбулары менен курсташтарына таратып жүрөт.

Мына ушунун баары Асанбектин кыжырына тийип, эми дайыма жанынан чыкпай калат, бирок телефон чалгандар токтобой, ого бетер күйөөсүнүн жинин келтирет. Акыры чыр-чатак от алып, Асанбек ичкен күндөрү Назгүлгө кол тийгизе турган болот. Ураарын уруп алып, эртеси аягына жыгылып, кечирим сурамай. Ошентип бир айга уланат.

Назгүлдүн боюнда бар эле, бирок ага карабай, ажырашууну чечет. Окууну таштап, уул төрөйт. Асанбек билмексен болуп жүрө берет. Ал аз келгенсип, башка бир студент кыз менен жүрүп алат. Мына ошондо Назгүл жергиликтүү аялдар уюмдарынын бирине кайрылат. Бирок күйөөсү Казакстанга кетип калат да, азыр аны табуу кыйын болууда. Жаш кезинен тагдырына балта чабылган Назгүл уулу менен же иштен, же окуудан жок, энесинин үйүндө отурат.

XS
SM
MD
LG