Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

“Эл үнү”: Калкты кайраштырбагыла!


Майлуу-Суудагы кылмыштуулукка каршы митинг. 6-февраль,2011-жыл
Майлуу-Суудагы кылмыштуулукка каршы митинг. 6-февраль,2011-жыл

“Эл үнү” берүүсүнө кайрылган угармандар бийликти кылмыш дүйнөсү менен чечкиндүү күрөш жүргүзүүгө, саясатчыларды түндүк-түштүккө бөлбөөгө чакырышты.

Бишкек шаарынын тургуну Атыркүл Ибрагимова: Уюшкан кылмыштуулук биздин өлкөдө абдан тамырын жайды. Ачык эле айтайын, ошол эле УКМК, ИИМ алар менен күрөшө алат. Себеби кылмыштуу топтор тууралуу маалымат тартип коргоо органдарында бар. Камаганын камайт, күрөшөт.

Эки айдын ичинде кылмыштуу топторду жоюп жиберебиз деген сөзүнүн артында чындык да бар. Бирок ошол эле чоң криминалдардын артында үлкөн-үлкөн саясатчылар турат. Мына жакында эле парламенттик шайлоо болду. Мына ошондо кээ бир партияга ошол эле криминалдар абдан чоң упай топтоп берди. Ошолорго кызмат кылып берди. Анан чогуу эле колтукташып кызмат кылып берген адамдарды алар жок кылып жибермек беле?

Көрөсүздөр, эртең эле кылмышкерлер кармалгандан кийин “ак чөп башта, мында күнөө жок турбайбы” деп 7-апрелдеги окуядан кийинкидей болуп четинен суурулуп чыгып кетишет. Бул жөн процесс эмес, бул комплекстүү түрдө бардык жагын дыкаат иштеп чыгып, акырындык менен жүргүзө турган иш.

Баткен облусу, Иматалы Бабаев: Биз азыркы бийликке мүмкүнчүлүк берели да. Ар нерсеге шылтоолоп эле митинг, пикет сыяктуу жыйындарды өткөрө бербей азыркы өкмөткө беш жыл убакыт бербейлиби.

Мына парламенттик башкарууну тандап алып, коалициялык өкмөт түзүлдү. Эми буларга иштөөгө мүмкүнчүлүк берүү керек. Анан кийинки убакта түндүк-түштүк маселеси көтөрүлүп калат. Мына ушуну саясатчылар токтотсо. Карапайым элде бөлүнүү деген ой жок. Мисалы мен баткендик болсом, кудаларым Ысык-Көлдөн. Нарында көп досторум бар. Кызматка жетпей калгандар түндүк-түштүк маселесин козутуп, карапайым элди кайраштырбаса. Өкмөт азыр жазгы айдап себүүнү жакшы уюшутурууну колго алышы керек. Бизде Баткенде жазгы жумуш башталып калды.

Бишкек, Бурул: Кайрадан пикет-митингдер болуп тажатып бүтүрдү. Жогорку Кеңештеги депутаттар ушул пикет-митингдер тууралуу мыйзам кабыл алса жакшы болот эле. Мисалы мен “Дордой” базарында соода кылам. Бишкекте дайыма пикет болуп, чет жактан соода кылгандар келбей калды. Соодабыз жүрбөй калды.

Талас, Руслан: Менин үнүмдү “Эл үнү” аркылуу угузуп койгулачы. Мен азыр “бомж” болгону турам. Айылдан менин үйүмдү “Айыл-Банк” 400 миңге аукционго коюптур. Мен алган кредиттин суммасына макул болгон эмесмин, эксперттер бааласын деп. Эми 400 миң үчүн бала-чакам менен көчөдө калабызбы? Менин үйүмдү эксперттер азыркы базар баасы менен бааласын. Менден алган акча менен бүджеттин “тешигин” да бүтөй албайсыңар. Акаев менен Бакиев канчалаган акчаларды жеп кетти. Алардан бир тыйын да өндүрө албайсыңар да карапайым элди кыйнай бересиңер.

Эгерде сизди түйшөлткөн маселелер, кызыктырган суроолор болсо, кубанычтуу кабарларды же жеке көз карашыңызды билдирем десеңиз Бишкектеги кеңсебизге 31-61-65 же 31-61- 53 номурлуу телефонуна чалып, “Эл үнү” программасына деп пикириңизди жаздырып коюңуз.
XS
SM
MD
LG