Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:42

Камералар кыйноолорго бөгөт боло алабы?


7-октябрда Базар-Коргондо кыйноолорго каршы марафон өттү. Ал убактылуу кармоо жайларында кыйноолорду азайтуу максатында облустук прокуратуранын алдындагы адам укуктарын коргоо боюнча коомдук кеңештин демилгеси менен уюштурулду.

Кайрымдуулук иш-чарага облустун укук коргоо уюмдары менен эл аралык уюмдардын жергиликтүү өкүлдөрү жана Базар-Коргон районунун жетекчилери катышты.

Облустагы убактылуу кармоо жайларда камераларды коюу менен ал абактардагы кыйноолор азайып, урду-сокту деп доомат коюлган милициянын ак-карасы ачыкка чыгат.

Базар-Коргондо убактылуу кармоо жайына каражат топтоо марафонунун уюштурулушуна ушул абакта убактылуу кармалган орусиялык жарандын өлүмү түрткү берди. Марафон өткөрүүнү облустук прокуратуранын алдындагы адам укуктары боюнча коомдук кеңеш сунуштаган.

Прокурор Нурлан Жээналиевдин айтымында, жыйналган каражаттарга он беш күндөн кийин райондун кармоо жайындагы камералар менен тергөөчүлөрдүн жана оперативдүү кызматкерлердин бөлмөлөрүнө видеокамералар орнотулат. Ал видеокамералар райондук прокуратура тарабынан көзөмөлдөнөт.

Аргасыз өтүп жаткан иш-чара

Жыл башынан бери облпрокуратура кыйноолор боюнча он эки кылмыш ишин козгогон, алардын сегизи сотто каралууда, эки иш кыскартылып, дагы экөө токтотулган. “Кылмыш иштердин 80 пайызы милицияга байланыштуу”,-деди облустун прокурору Нурлан Жээналиев:

- Видеокамераларды орнотууга жана ушул райондо марафон өткөрүүгө Халмурзаевдин өлүмү түрткү болду. Биздин прокуратуранын алдында адам укугун коргоо боюнча коомдук кеңеш бар, ошол кеңеш райондун бюджети чакталуу болгондуктан Базар-Коргондогу убактылуу кармоо жайына видеокамераларды орнотуу үчүн марафон өткөрүү демилгесин колдогон. Видеокамералар коюлса, кыйноолорго чекит коюлар деп үмүттөнөбүз. Райондогу ИВСке видеокамералар менен жабдууга болжолдуу түрдө 300-400 миң сомдой каражат керек болот окшойт. Эл аралык уюмдар да жардам беребиз деп жатышат, эгер алар да жардам берсе, бул оюбуз ишке ашат.

Марафонго прокуратура кызматтарынан тышкары Базар-Коргон райондук бийлиги жана кенеши, райондогу мекеме-ишканалар, айыл өкмөттөрү, облустагы адам укугун коргоочу “Адилеттик”, “Кылым шамы” уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Район акими Кубатбек Артыков убактылуу кармоо жайына каражат топтоо демилгесине жабырлануучулар да кошуларын, бирок райондо каражаттын тартыштыгынан ушундай иш-чара өткөрүүгө аргасыз болушканын айтууда:

- 2010-жылдын апрель айынан кийин райондун бюджети да өзүн каржылаганга жетпейт. Элдин талабы боюнча биздин да убактылуу кармоочу жайларга видеокамера орнотууга жардам берсек деген оюбуз болгон. Мен райондун жетекчиси катары да марафонго акчалай жардам кошом.

Далилдөө оңой эмес

“Кылым шамы” укук борборунун облустагы координатору Абдиназар Маматисламовдун айтымында, жабырлануучулардын баары эле тартип коргоо уюмдарына кайрылышпайт. Укук коргоочунун баамында, кармоо жайларына видеокамералар коюлса эле уруп-согуу токтоп калат деп ишенүүгө болбойт, анткени кармалгандар мындан ары видеожабдуулар өчүрүлгөндө же ал камералар коюлбаган жерлерде токмоктолушу мүмкүн:

- ИВСтерге камералар коюлганы менен кыйноолор азаят деген ойдон алысмын. Анткени кыйноо тарткан көптөгөн адамдар арыздангандан коркушат, ортого адам түшөт. Бир жерде жашайбыз, таанышпыз деген ойдо болушат. Көпчүлүк арыз жазгандан коркушат, арыз болбогондон кийин аны далилдөө да кыйын.

Адам укугун коргоочу “Адилеттик” уюмунун өкүлү Бактыкан Жапарованын айтымында, ар бир адам өз укугун мыйзамдык жактан коргоону үйрөнүүсү абзел. Анткени эл аралык уюмдар дайыма эле жардам беришпейт:

- Көйгөйлөр өзүбүздүкү болгондон кийин ар бир жаран бу ишке салым кошсо, аябай жакшы нерсе. Биздин уюм донорлордун көмөгү менен көптөгөн жардамдарды берип келди. Ар бир жаран өз проблемасын өзү чечсе... Деген менен эл аралык уюмдар – коноктор, алардан акча жана жардам сурай берген уят нерсе. Өнүккөн мамлекеттерде адам укугу биринчи иретте сакталат.

Облус прокурору Нурлан Жээналиев алдамчылык менен кармалган аялдын милиция урду деген дооматы Жалал-Абаддагы убактылуу кармоо жайына коюлган видеокамерада аныкталбагандыгын билдирди.

Ал арада марафон өткөн Базар-Коргон райондук бийлигинин залында элди биримдикке чакырган көсөм акын Барпы Алыкуловдун “Ынтымак” аттуу ыры жаңырып турду.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG