Барак Обама 10-январда Чикаго шаарында президенттик коштошуу сөзүн сүйлөп жатып, АКШ акыркы сегиз жылда бир топ өзгөрүүлөргө туш болгонун, дүйнөлүк саясаттагы ордун дагы да бекемдегенин белгиледи.
“Азаттык”: Барак Обаманын администрациясы өткөн сегиз жылда Орусия, КМШ мамлекеттерине карата кандай саясат жүргүздү? Акыркы сегиз жыл ичинде бул кеңири аймактын АКШ менен алакалары жакшырдыбы, жакындадыбы?
Чынара Эсенгул: Барак Обама алгач президент болуп келгенде Орусияда Дмитрий Медведев мамлекет башчы эле. Ал кезде Москва менен Вашингтондун мамилелери дурус болгон. Бир канча келишимдерге кол коюлган. Эл аралык коомчулукта бул ымалага карата үмүт жакшы болчу.
2012-жылы Владимир Путин тактыга келгенде абал өзгөрдү. Мамилелер өйдө-ылдый болду десек болот. Сирия, Ливия, Украинадагы окуялардан улам эки өлкөнүн көз карашы дал келбей жатканына күбө болдук. “Магнитский тизмеси” сыяктуу түрдүү терминдер пайда болду. Санкция киргизүүлөр күчөп, абал терс жактан көбүрөөк курчуду.
Эми күтүп жатабыз, балким Трамптын келиши менен эки мамлекеттин президенттери тил табышаар.
“Азаттык”: Кыргызстан "Манас" транзит борборун жаап, Вашингтон менен атайын кызматташтык тууралуу келишимди бир тараптуу токтотту. Айрым байкоочулар ошону менен АКШ-Кыргызстан алакалары салкындап кетет деп боолгошкон. Чын эле ошондой болдубу? Азыр эки мамлекет ортосундагы мамилени кандай баалайт элеңиз?
Чынара Эсенгул: Кыргызстан кичинекей өлкө болгондуктан, Бишкек жана Вашингтондун мамилеси АКШ менен Орусиянын ымаласына да көз каранды. Бизге маалым, Атамбаев президенттикке келе электе эле Кремль менен мамилеси жакшы болгон. Базаны чыгарууну Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин ишенимдүү кызматташтыгынын жыйынтыгы десек да болот. Сөзүнө туруп, аягына чыгарды дегендей кеп. Ошентип, стратегиялык жактан Орусияга ыктадык. Экинчи ири өнөктөш деп Кытайды карап жатабыз. АКШдан алыстоо саясаты ишке ашкандай болду.
“Азаттык”: Мындан аркы мамилени кандай болжолдосо болот?
Чынара Эсенгул: Дипломатиялык эрежелер менен алгылыктуу деңгээлде мамиле боло берет. Кызматташуу боюнча жаңы келишим керек. Ал иштелип жатат. Азимжан Аскаровдун ишинин кайра каралып жатышы да таасир этип, кызматташтык жаңы нукка түшө баштаган кези.
“Азаттык”: Барак Обама Демократиялык партиянын өкүлү. Эми республикачылардын өкүлү Дональд Трамп бийликке келгени турат. Бул эки партиянын Борбор Азияга карата саясатында айырма барбы?
Чынара Эсенгул: Жалпысынан алганда, эки партиянын тышкы саясаттагы көз карашын алып көрсөк, республикачылар прагматикалык жактан натыйжалуулукка көбүрөөк ыкташат. Ал эми демократтар болсо адам укуктарына, демократиялык баалуулуктарга көбүрөөк көңүл бурат.
Трамптын келиши менен мунай, унаа, дегеле ишкердикке байланыштуу ири долбоорлорго басым жасалары күтүлүүдө. Ушул эле жаатта Ооганстан, Пакистан жана Борбор Азияны байланыштырган чоң долбоорлор болушу ыктымал. Ал эми демократиялык жактан бир аз артка кетенчиктөө байкалышы ыктымал. Бирок өтө чоң өзгөрүү болот деп айтууга негиз деле жок.
“Азаттык”: Барак Обамага ал президент болуп шайлангандан кийин бат эле тынчтык жаатындагы дүйнөлүк Нобель сыйлыгы берилген эле. Обама дүйнөдөгү тынчтыкты бекемдөөгө, согуштарды азайтып, элдин бакубат жашоосун камсыздоого өзгөчө бир салым кошо алдыбы?
Чынара Эсенгул: Чынын айтканда, Обамага башында аванс катары бул сыйлыктын берилгени менимче туура эле болгон. Анткени, Обама аны актоого дурус эле аракет кылды. Куба жана Иран менен солгундаган мамилелер жакшы жакка өзгөрө баштады. Дүйнө жүзүндө, эл аралык деңгээлде согуштарды азайтып, жаңжалды сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырык жасап, ушул жаатта бир топ аракеттерди көрдү. Бирок анын ишке ашышы бир гана Барак Обамага көз каранды эмес да. Экинчи тараптын көз карашы, аракети да роль ойнойт.
Барак Обаманын коштошуу сөзү