Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Нарында театр фестивалы башталды


Фестивалдын ачылыш аземинен. Нарын, 1-июль, 2013.
Фестивалдын ачылыш аземинен. Нарын, 1-июль, 2013.

1-июлда Нарында Таттыбүбү Турсунбаеванын 70 жылдыгына арналган 5 -республикалык театр фестивалы башталды. Фестивалга өлкөнүн бардык дубандарынан келген 20га чукул театр катышып жатат. Салтанаттуу аземди ачууга өкмөттөн вице-премьер-министр Камила Талиева келди.

Алгач өлкөнүн бардык аймактарынан келген өнөрпоздор Нарын шаарынын борбордук көчөсүндө жүрүшкө чыкты. Ар бир театр өзү даярдап келген ыр-бийин аткаруу менен элди фестивалга чакырып жатты.

Иш-чаранын расмий бөлүгүн маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев ачты. Министр өз сөзүндө Нарын театрынан чыккан залкар талантарга токтолуп, Теңир-Тоону “театр Мекеси” деп атады:

Маданият жана туризм министри Султан Раев
Маданият жана туризм министри Султан Раев
​- Нарын жергеси бул өзгөчө жер. Мен айтаар элем, Нарын жергеси Кыргызстандын “театр Мекеси”. Себеби, улуттук театрдын уңгусу болгон залкарлар ушул жерден чыккан. Муратбек Рыскулов, Бүбүсайра Бейшеналиева, Турат Сарыбагышов, Жумамүдүн Шералиев, Капар Медетбеков, Тамара Жумакеева, Сейитказы Андабеков ушул жерден чыккан.

Таттыбүбү Турсунбаева корунун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, маркум актрисанын бир тууган агасы Нуркан Турсунбаев кайталангыс талантты көзүнө жаш алып эскерди:

- Кыргыз драма театрында болгону 15 гана жыл иштеди. Бирок кыргыз тарыхына чоң из калтырып кетти. 37 жашында арабыздан кайып болуп учуп кетти. “Токтолуп сокпой жүрөгү, Соң-Көлдүн кетти чүрөгү” дегендей. Мына бүгүн 70 жаш дегенге оозум барбай турат. Таттыкем мен үчүн 18 гана жашта.

Кыргыз театрына жана киносуна, өзгөчө сулуулугу, таланты менен өчпөс из калтырган актриса Таттыбүбү Турсунбаева жөнүндө чакан тасма да көрсөтүлдү.

Жети облустан келген чыгармачыл жамаат өздөрүнүн эң мыкты деп даярдап келген спектаклдерин төрт күн бою элге тартуулашат. Аны менен катар калыстардын сынынан өткөн он номинацияга сыйлыктар коюлган.

Калыстар тобунун төрайымы, Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова мындай дейт:

Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова
Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова
​- Мен дагы өзүм толкунданып турам. Биздин ишибиз абдан жоопкерчиликтүү. 18 театр келди, 3 күндө биз 4-5тен спектакл көрөбүз. Жакшыларын тандап туруп, анан сыйлык беребиз.

Фестивал Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык драма театрынын “Доор аяны” спектакли менен ачылды.Төрт күн бою бул сахнада төрт-бештен оюн коюлмакчы. Ош улуттук драма театры комедиялуу спектакл даярдап келген экен. Даярдык мыкты экенин айткан режиссору Алымкул Исаков байгелүү орунга илинебиз деп үмүттөнүп турат:

- Даярдык абдан жакшы. Биз келгенде Нарындын эли жакшы тосуп алды. Биз абдан сүйүнүп турабыз, болгон күчүбүздү оюнга жумшап ийгиликке жетебиз деп ишенем.

​Азыркы күндө театрга эл көп барбай калган эмеспи, бирок бүгүнкү театр фестивалынын ачылышындагы алгачкы оюндарда зал көрүүчүгө жык толуп турду. Айрыкча улуу муундагы адамдар көп келген экен.

Алардын бири Ырыс Мундузова жаш чагында театр күйөрманы болгон. Бүгүнкү фестивалдын Нарында өтүп жатышына кубанып, неберелерин ээрчите келиптир:

- Биз бала кезде театрды абдан жакшы көрчү элек. Күндө келчүмүн. Алиман Жанкорозованы кумир тутчумун. Кийин андай болбой калды. Азыр эми залдагы элден улам ошол актерлорду көргөндөй болуп турам.

Ыр менен ачылган фестивал
Ыр менен ачылган фестивал
​Театр фестивалы 4 - июлда жыйынтыкталат. Жеңүүчүлөргө бир катар сыйлыктар каралган. Башка жактан келген 300дөй өнөрпоздун жаткан жерин, тамагын ж.б. чыгымдарын облус бийлиги өз моюнуна алган. Республикалык театралдык фестивал 2006-жылдан бери өтүп келет. Буга чейин 2009-жылы Жалал-Абадда өтүп, ошондон кийин белгисиз себептер менен токтоп калган.

Фестивалдын ачылышынан сүрөт баян
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG