Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:34

Чыкем сүйгөн гитара күүлөрү


Чынгыз Айтматов күүчү, гитарачы Темираалы Кунашевди Брюсселге чейин чакырып, күүлөрүн ынтаа коюп уккан.

Бул шайыр менен жакында Бишкектин четиндеги ресторандын короодогу сөрүсүндө чогуу отуруп калдык. Шайыр же артист дегенге караганда интеллигент десе жарашчудай жупуну кийинген бул кишини коноктор дароо төргө өткөрүштү. Ал гитара чертип бериңиз деп сурангандарды жалдыратпай, дароо эле кутудагы аспабын алып чыгып, ойноп баштады.

Күү маекти бул жерден угуңуз:

Темираалы Кунашев: Чыкем сүйгөн гитара күүлөрү
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:04 0:00
Түз линк
Темираалы Кунашев
Темираалы Кунашев

Үнүн пас чыгарып, ар бир сөзүн таптап сүйлөгөн бул адам көрсө Эрнис Абдыжапаровдун "Алгамбра" даректүү тасмасынын башкы каарманы, Чыңгыз Айтматовдун далай черин жазган, анын Брюсселдеги 75 жылдык мааракесинде ойногон Темираалы Кунашев болуп чыкты.

Айтматовго Кунашевди 2000-жылы Смартбек Темиралиев деген жазуучу жолугуштурган экен. Ошондо шайырдын Рысбай Абдыкадыровдун үйүндө бир жыл жашап, өздөштүргөн "Эсимде" деген ырынын күүсү маркум жазуучунун жүрөгүнөн түнөк тапкан экен. Даниал Назарматов, Нурлан Жекшенбаев өңдөнгөн гитара корифейлеринен айырмаланып, Кунашев аспапты өз алдынча өздөштүргөн.






XS
SM
MD
LG