Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:22

Жээнбеков Текебаевге ырайым бербейт


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Президенттин аппаратындагы ырайым берүү маселесин караган тиешелүү комиссия Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу жөнүндөгү экс-президент Роза Отунбаеванын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты.

Президенттин алдындагы ырайым берүү боюнча катчылык Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу жөнүндөгү экс-президент Роза Отунбаеванын өтүнүчүн кароого негиз жок деп тапты.

Ырайым кылуу маселеси боюнча жооптуу катчы Кырккелди Кыдырбаевдин айтымында, айыпталуучу ырайым сурап өзү кайрылмайынча, башка өтүнүчтөр каралбайт.

- Комиссияга материалдар чыгарылган жок, - деди ал. - Себеби, Роза Отунбаеванын өтүнүчүндөгү материалдарды Текебаевге тааныштыруу маалында ал ырайым суроо боюнча өтүнүч жазуудан баш тартты. Өзүнө тагылган күнөөлөрдү "мойнума албайм, ырайым сурабайм" деп жазды. Анын негизинде акт түзүлүп, Отунбаеванын өтүнүчүн кароонун предмети жок деп таптык. Бул боюнча Роза Отунбаевага расмий түрдө жооп бердик.

Президенттик аппараттын мындай жообун экс-президент Роза Отунбаева "түртө салмай жооп" деп сыпаттады. Ал кырдаалды жана ырайым берүү боюнча мыйзамды парламент талкуулашы зарыл экенин белгиледи:

Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

- Азыр социалдык тармактарда туура сунуштар айтылып жатат. Андай болсо президенттин аппаратынын чечимин мыйзамдарды чыгарган парламент талкуулашы керек. Бул мыйзам кандай жазылган, кайсы мааниде, кайсы беренелеринде эмне деп айтылганын, мисалы "эреже катары" деген эмнени билдирет, ал соттолуучу өзү сурабаса деле иштейби дегенди талкуулашы зарыл. Бул "мен жеңил-желпи, саясаттан тышкары жазып койдум, алты фракциянын лидерлери колдоп койду" деген кагаз эмес. Кыргызстандагы "мен саясатчымын" дегендер кол койгон документке бир бюрократтын жообу менен президенттик аппарат "отписка" кылып жатат. Азыр саясий кырдаал оңой эмес. Ушундай маселелер менен дагы оорлоштуруп жатабыз.

Ал эми Текебаевдин үзөңгүлөштөрү мындай чечимди сынга алышууда. "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү, мурдагы депутат Асия Сасыкбаева президенттин оппозициячыл саясатчыны бошотууга "саясий эрки жеткен жок" деген пикирин билдирди.

Асия Сасыкбаева.
Асия Сасыкбаева.

- Буга бир эле себеп болду деп ойлойм, - дейт ал. - Президенттин ушул кадамды жасоого саясий эрки жеткен жок. Балким жанындагылар, аппаратындагылар "түрмөдө отура берсин, жөн эле коюңуз" деп кеңеш берди. Буга чейин президент Жээнбеков өзү телефон чалып, Текебаевди 60 жылдыгы менен куттуктаган соң көпчүлүк "адилеттик болушу мүмкүн экен" деп ойлоп калган. Бирок андай болгон жок.

2017-жылы "Коррупция" беренеси менен айыпталып сегиз жылга соттолгон Өмүрбек Текебаевге ырайым берүү боюнча кайрылуулар бир нече баскыч менен өнүктү.

Мурда бир жээкте болуп, бирок былтыр мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы мамлекет башчысынын мамилеси бузулгандан тартып парламенттин алты жолку депутатын мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгаруу боюнча чакырыктар башталган.

Ал учурда Текебаев өзү мунапыс суроодон баш тарткан. Себеби, мындай жолго барганы анын күнөөсүн моюнуна алды дегенди түшүндүрмөк. Муну негиз кылып жаңы жыл алдындагы басма сөз жыйынында Сооронбай Жээнбеков да айыпталуучу өзү арыз жазса гана ырайым кылууга укуктуу экенин жарыя кылган.

Бирок бир жума өтпөй Текебаевге ырайым берүү боюнча маселе кайрадан көтөрүлгөн. Бул ирет экс-президент Роза Отунбаева учурдагы өлкө башчысына кайрылган. Кайрылууну Жогорку Кеңештеги бийликчил, оппозициячыл дебей бардык алты фракциянын лидерлери кубатташкан.

Анда “Мунапыстын жалпы принциптери жана ырайым берүү жөнүндө” мыйзамдын беренесине таянып, ал мамлекет башчысы соттолуучу өзү кайрылбаса да, эмгектери же башка жөндүү себептери болсо ырайым бере ала турганын белгилеген.

Дал ушул учурда Өмүрбек Текебаевди эркиндикке чыгарууга реалдуу мүмкүнчүлүк түзүлгөнү айтыла баштаган. Буга Текебаевдин абактан Бишкектеги ооруканага которулуп, 60 жашын тосууга уруксат берилип жана президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктаганы себеп болгон. Муну байкоочулар "учурдагы президент менен Текебаевди жактаган күчтөрдүн ортосунда сүйлөшүү жүрүп, мунаса табылды" деп жорушкан. Ошондон тартып "атамекенчилер" лидерин "эртең, бүгүн чыгат" деп күтүп жатканын жашырышкан эмес.

Бирок бир ай өтпөй Өмүрбек Текебаев дарыланып жаткан ооруканадан үйүнө эмес, кайрадан түрмөгө которулду. Анын артынан саясатчыга ырайым берилбей турганы расмий түрдө айтылды.

"Ата Мекендин" лидерин камактан мөөнөтүнөн мурда бошотууну колдоп, кол коюп берген "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов президенттик аппараттын акыркы чечими боюнча төмөнкүдөй комментарий берди:

Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

- Биз Роза Отунбаеванын сунушун колдоп, мыйзамдык негизде жана адамгерчиликти көрсөтүп президентке кайрылганбыз. Эми президенттик аппарат ушундай чечим кабыл алса, эмне деп айтууга болот? Мыйзамды карап көрүп, чечим кабыл алышса керек.

Ошентип, укуктук маселеден саясий маселеге айланган Текебаевге ырайымы боюнча жооп табылды. "Акыркы кырдаал учурдагы президент менен "Ата Мекен" партиясынын мындан аркы мамилесин аныктайт" деген сөздөр айтыла баштады.

Тагыраагы буга чейин президент Жээнбековго ыктап келе жаткан "атамекенчилер" позициясын өзгөртүшү мүмкүн экенин Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмилбек Жороев белгиледи:

- Бийликтин Текебаевге ырайым бербегенинин саясий таасири чоң эле болот. Кайсы бир деңгээлде азыркы бийликке кесепетин да тийгизиши мүмкүн. Себеби, кийинки жылы келе жаткан парламенттик шайлоону жана башка окуяларды эске алганда бул жагдай өз ролун ойнойт. Анткени, Текебаев салмактуу саясатчы.

​Ошол эле маалда "бийлик Текебаев боюнча саясий эмес, укуктун чегинде чечим кабыл алганы туура болду" деген пикирлер айтылууда. Себеби, "парламенттин мурдагы депутаты бошотулса, азыр абакта отурган башка саясатчылардын тарапкерлери президентке басым көрсөтө баштайт" деп болжолдонуп жаткан.

Бул жагынан эксперт Орозбек Молдалиев президент мыйзам чегинде чечим кабыл алышы керек экенин билдирген:

- Текебаев ырайым алгысы келип атат. Бирок буга башкалардын колу менен аракет кылууда. Бул жерде анын ар-намысы эмес, мыйзам маанилүү болушу керек. Мыйзамда ырайымды Текебаев өзү сурашы керек экени жазылып турбайбы. Ал эми Жээнбеков мыйзамды кантип аттап өтүшү керек? Антсе мыйзам бузулуп, эртең атаандаштары чыгат. Анын үстүнө "Эмнеге Текебаевди кечирет, бизге андай мамиле кылбайт?" деген адамдар толтура.

Эми Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары быйыл күчүнө кирген жаңы мыйзамдарга ылайык ишти кайра кароого мүмкүнчүлүк издей тургандыгын айтышууда.

Өмүрбек Текебаев 22-декабрда "Азаттыкка" сүйлөп жатып, азыр чыкпаса жакын арада үй камагына которулуп, өзүнүн актыгын далилдей тургандыгын айткан.

Бирок Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат (ЖАМК) айыпталуучу эки ай аралыгында жатак абакка которулушуна кепилдик жок экенин билдирди.

“Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана депутаты Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы, мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде "Коррупция" беренеси менен айыпталып, сегиз жылга кесилген.

Текебаев абакка которулду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:13 0:00

Кийин Маевский өзү Орусияда "бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбаш үчүн жабырлануучулардан ири суммадагы акча талап кылган" деп айыпталып камалды. Жакында анын басма сөз катчысы Максим Букин да камалганы маалым болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG