Студенттердин спорт федерациясынын президенти Шаршен Касеновдун "Азаттыкка" билдиришинче, Ош-Бишкек багыты боюнча учак менен борборго кайтып келген спортчуларды күйөрмандар гүлдесте менен кызуу тосуп алды.
Эсиңиздерга сала кетели, 6-июлдан 17-июлга чейин Казанда жайкы Универсиада оюндары спорттун 27 түрү боюнча өткөрүлдү. Студенттердин дүйнөлүк таймашына 162 мамлекеттин 10 миңден ашуун өкүлү катышты.
Алардын катарында токсондон ашуун кыргызстандык спорттун 12 түрү боюнча мөрөй талашты. Жыйынтыгында 2 алтын, 2 күмүш жана 8 коло байге утуп, командалык эсепте 26-орунду ээледи.
Таймаштын алгачкы күндөрүндө бел кур күрөшүн эркин ыкмасы боюнча Нурбек Аканов жана Нурбек Кожобеков алтын медалга ээ болгон. Спорттун ушул эле түрүнөн күмүш медалды Нагира Сарбашова ээлеген. Коло байгеге Канимет Барпыбеков, Бекболсун Кушубаков жана Бурул Алыкулова татыган. Андан тышкары бел кур күрөшүнүн классикалык ыкмасында Нуржан Рыскул уулу, Дуулатбек Сапарбек уулу жана Кадыр Келсинбеков коло байгелүү болгон.
Бул жеңиштердин жыйынтыгы менен Кыргызстан Универсиаданын биринчи күндөрү алтынчы орунга чыгып, адистердин көңүлүн бурган.
Кийинки таймаштарда эркин күрөш боюнча Самат Надырбек уулу күмүш байгеге, кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова коло медалдын ээси болгон. Акыркы 12-медалды самбо спорт чебери Артур Тё уткан.
"Ошентип кыргызстандык спортчулар Универсиада оюндарында Түркия, Иран, Армения, Улуу Британия, Болгария, Испания, Индия баштаган 136 өлкөнү артка калтырды. Бул ирет кыргыз спортчулары мурда студенттик спорттун тарыхында болуп көрбөгөндөй ийгилик жаратты", -дейт делегация жетекчилеринин бири Эркинбек Абдылдаев.
17-июль түнү Казанда универсиада оюндарынын жабылуу аземи зор салтанат менен өттү. Мында кийинки эстафета Түштүк Кореянын Кванжу шаарына тапшырылды. 2015-жылы 28-жайкы универсиада Түштүк Кореяда, 2017-жылы Кытайдын Тайбэй шаарында өткөрүлөт.
Москва таймашка чакырат
18-июлда кыргызстандык дзюдо чеберлери Москвага аттанып кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын башкы катчысы Эмил Рыскулов маалымдады.
20-21-июлда Москвадагы “Динамо” спорт сарайында дзюдо күрөшү боюнча эл аралык турнир болот. Мында дүйнө, олимпиада, Европа, Азия чемпиондору мөрөй талашат. Алардын катарында Кыргызстандын намысын тандалган 4 балбан коргойт. 66 кило салмакта Ислам Баялинов, 90 кило салмакта Лондон олимпиадасынын катышуучусу Чыңгыз Мамедов, 100 кило салмакта жаштар арасында Азия чемпиону Болот Токтогонов жана оор салмакта Азия чемпионатынын күмүш байге ээси Юрий Краковецкий күч сынашат. Бул турнир августтун аягында Бразилияда өтө турган дүйнө чемпионатына даярдыктын жана балбандарды сыноонун бир этабы болмокчу.
Москвадагы турнирдин байге фондусу-154 миң АКШ долларына барабар.
Болоор бала - жашында чемпион
Түштүк Кореянын Чунчон шаарында өткөн таэквандо боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында кыргыз спортчулары 9 медалдын ээси болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” таэквандо федерациясынын бөлүм башчысы Атай Иманалиев билдирди.
Азия биринчилигине Кыргызстандан 10 спортчу катышты. Алар 2 алтын, 3 күмүш жана 4 коло байге утуп, олжолуу келди. Он үч жаштагы бишкектик Максим Ким жана Тамерлан Юсупов өспүрүмдөр арасында Азия чемпиону аталды.
Таэквандо боюнча өспүрүмдөрдүн Азиянын ачык чемпионатына 60 мамлекеттен 2 миңден ашык жеткинчек спортчу катышты.