Мындай доомат менен 13-декабрда ондон ашуун адам облуcтагы райондор аралык соттун имаратына чогулуп, ишти судья Нурман Нартаевден алып, башкага өткөрүп берүү талабын коюшту.
Талас облусунун тургуну Айдар Белеков көп жылдан бери насыя алып, ишкерлик менен алектенет. Бир нече жолу карызын төлөй албай, насыя берүүчүлөр менен соттошкон. Анын айтымында, ишти дайыма бир судья – Нурман Нартаев карап, өкүмдү банктын пайдасына чечип келген. Мындан улам «Нартаевдин акыйкат чечим кабыл аларына ишенич жок» деп нааразычылык акциясына чыккандардын катарына ал дагы кошулду.
- Бул судья мурда жергиликтүү банктардын биринде юрист болуп иштеген. Түздөн-түз банк менен сүйлөшүп алган. Нартаевдин иш бөлмөсүндө банктын плакаттары илинип турат. Элдин баары билет анын «буюртма аткаргыч» экенин. Банктардан акча алат. Канчалаган киши соттошсо да, өкүмдү банктын пайдасына чыгарат. Териштирүү учурунда жабырлануучуларга окуучудай мамиле жасап сүйлөтпөйт. Тынчтык келишимге келесиңерби деп да сурабайт. Сот процессинде банктын юристтери күлүп-жайнап өзүнө ишенимдүү отурат.
Насыя дүрбөлөңү
Кыргызстанда банк менен кредиттик компаниялардан насыя алып, аны төлөгөнү келгенде кайтара албай калдык деп дооматын өкмөткө артып, карызын кечүүнү талап кылган жарандар жана алардын башын кошкон кыймылдар көбөйдү.
Бул жагдай боюнча пикирин билели деп райондор аралык соттун судьясы Нурман Нартаевге кайрылсак, ал өзүнө тагылган кине боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.
Маалыматтарга караганда, жалпысынан Таласта насыясын төлөй албай соттошуп жаткан 1700дөн көп адам бар. Аймакта «Насыя алуучулардын укугун коргоо» кыймылы да түзүлгөн. Анын жетекчиси Шакирбек Оңдобеков кырдаал боюнча өз оюн минтип айтты:
- Тогуз айдын жүзү болду. Ушул насыя алуучулардын укугун коргоп иштеп келе жатам. Эл төгүп беребиз, болгону бир жыл убакыт берип койгула деп жатат. Ага соттор да банктар да көнбөйт. Ошон үчүн сотторго ишенбөөчүлүк көргөзүп жатабыз.
Адистер маалымдагандай, насыя алган адам карызын үч ай төлөбөй койсо каржы уюму сотко кайрылууга толук укуктуу. Таластагы насыя алуучулардын банктар менен соттошуусуна түрткү болгон жагдайга жергиликтүү экономист Аскар Шабданов мындайча токтолду:
- 2014-жылы башталган каатчылык бизге да таасир тийгизди. Бирок эң башкы проблема: 2014-2015-жылы биздин төө буурчактын баасы түшүп кеткени болду.
Анткен менен талдоочулар насыянын азабын тарткандар көп учурда сабатсыздыктын айынан жабыркайт дешет. Бул боюнча көз карандысыз талдоочу Таалай Каскеевдин ою мындай:
- Банктарда күчтүү юристтер отурат. Алар эч качан утулбайт. Ошон үчун соттор бир тараптуу чечип коёт. Карапайым эл дагы сабаттуу болуп, насыя алып атканда келишимди жакшылап окуп туруп анан иштесе.
13-декабрда Таласта нааразылык акциясына чыккандар эми райондук аралык соттун судьясы Нурман Нартаевдин ишмердүүлүгү боюнча сотторду тандоо кеңешине арыз менен кайрылууну көздөшүүдө.