16-июлда Казанда өтүп жаткан Жайкы универсиада оюндарында кыргызстандык спортчулар самбо, грек-рим күрөшү, ок атуу сууда сүзүү таймаштарына катышты. Бул күнү самбо күрөшү боюнча таймашуулар жыйынтыкталды. Мында кыргызстандык спорт чебери Артур Те гана ийгиликке жетип, коло байгелүү болду. Бул тууралуу Казандан “Азаттыкка” студенттер спорт федерациясынын президенти Шаршен Касенов сүйүнчүлөдү.
62 кило салмакта жаштар арасында дүйнө чемпиону Артур Те грузин балбаны Давид Тарашвили менен атаандашып, аны 2:1 утуп, кийинки таймашууга жолун ачты. Артур беларус Павел Гладких менен беттешип, аны да жеңип чыкты.
Чейрек финалда Артур Те казакстандык Багдат Жарылгасов менен күч сынашты. Жыйынтыгында жеңиш казак балбанына ыйгарылды. Оңдой берди болуп, казак балбаны Багдат Жарылгасов финалга чыккандыктан Артурга коло байге үчүн күрөшүүгө жол ачылды. Ал алгач азербайжандык Фарид Михайловду утуп, үчүнчү орун үчүн талапкердин бири болду. Коло байге үчүн таймашта монгол балбаны Баярмагнай Давгароржду жеңип, Артур Те үчүнчү орунга ээ болду.
82 кило салмакта Бектур Жамалбеков менен украиналык Сергей Гоншук беттешип, андан утулду.
Кыздардан 56 кило салмакта Азиянын эки жолку чемпиону Анара Эстебесова румыниялык Даниэла Хонду менен күрөшүп, ага бир упай айырма менен алдырып койду. 80 кило салмактан жогору балбан кыздардын таймашында Бермет Дулатова болгар Сиана Христова менен таймашып, алдыга чыга алган жок.
Универсиада таймаштарында грек-рим күрөшүнөн кыргыз балбандары күйөрмандардын үмүтүн актай албады. "Бул ирет жаш балбандарды сындан өткөрдүк. Алар дүйнө, олимпиада чемпиондору менен татыктуу таймашты", - деди “Азаттыкка” Казандан “Жаштык” спорт борборунун жетекчиси Эркинбек Абдылдаев.
60 кило салмакта Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү Атай Койчукулов биринчи атаандашы түркмөн балбаны Сана Жумаев менен күч сынашты. Жыйынтыгында Атай атаандашын 7:0 эсебинде утуп, кийинки таймашууга жолун ачты. Андан кийин молдовалык Максим Мамулат менен күрөшүп, ага 2 упай айырма менен утулуп калды.
74 кило салмакта Атабек Азизбеков Лондон олимпиадасынын күмүш байге ээси, армениялык Арсен Жулфалакян менен күрөшүп, андан жеңилүү ызасын тартты.
96 кило салмакта Аман Токтогонов азербайжандык Араз Хасановго утулуп калды. Сууда сүзүүдө Александр Слепченко 400 метрге комплекстүү сүзүүдө байгелүү орунга илинген жок.
16-июлда ок атуу мелдештерин катышкан кыргызстандык мергендер Сабина Крупнова жана Бактыгүл Махмадова деле финалдык топко кирбей калды.
"Совет доорунда универисада оюндарында кыргызстандык спортчулар 3 медаль гана уткан. Бул ирет 2 алтын, 2 күмүш жана 8 коло байгелүү болдук", - дейт Улуттук спортту өнүктүрүү борборунун жетекчиси Алмазбек Касенов.
Он бир күндүк мелдештердин жыйынтыгы боюнча командалык биринчиликти Орусиянын тандалма командасы колдон чыгара элек. Алар учурда 260тан ашуун медалдын ээлери болушту. Анын 140ка жакыны алтын байге болуп саналат. Экинчи орунда кытайлыктар, үчүнчү орунда жапондуктар турат. Борбор Азиядан Казакстан 21-орунда, Өзбекстан 22-орунда, Түркмөнстан 25-орунда, Тажикстан болсо 44-орунда келатат.
Универсиаданын он бир күндүк мелдештеринин жыйынтыгында кыргызстандык спортчулар 2 алтын, 2 күмүш, 8 коло медалы менен 26-орунда турат. Кыргызстандык студент спортчулары Түркия, Иран, Армения, Британия, Болгария, Испания, Индия, Грекия сыяктуу ири мамлекеттерден алдыңкы катарда турганын адистер дурус баалап жатышат.
Бүгүн кыргызстандык мергендер Руслан Исмаилов, Ноорузбек Акбар уулу жана Аскат Токмоков мылтык атуу мелдештерине катышат.
Казандагы универсиада оюндары 17-июлда жыйынтыкталат.